Кирүү

Кайык

Кайык ("Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" повестинен)

Толкундарды жирей тилип, кайык элпек баратты. АлаДөбөт булуңу алдагачан артта калды, узун тумшукту кайып өтүштү. Деңиз айдыңында алиги булуңдагыдай толкун жок экен. Көлбүп коюп жатыптыр чалкар деңиз. Мындайда кайыктын жүрүшү жеңил. Байтеректен туюк чабылган кайык уюган деңиз бетинде сүмбөдөй сүзүп баратты. Каршы келген толкунга да, капталдан келген толкунга да чайпалбай, бурган жакка жеңил, баш билги. Өчүп калган канжасын соруп коюп, Орган карыя кайыктын белдүү жүрүшүнө шүйшүнүп, муздак сууга белчесинен бата жирей сүзүп бараткан кайык эмес, өзү сыяктанып, ошого ыракаттанып отуру.

Кулакчында кыйчылдаган калактары бир калыпта шиленип, айдың деңиз бетинде өзү сүзүп бараткандай, бет келген толкундарды кайыктын төшү эмес, өз төшү менен жара тилип, толкунга кошо саал чайпалып, өзү сүзүп бараткандай сезимде. Кайык менен сиңишип бир болуп кеткендей бул сезимден улам оюна сызылып ар кандай ойлор келе берди. Өзү чаап, өзү сомдогон бу кайыгына ыраазы. Байтеректи айыл эли жабылып кулатышты. Антпесе бирөө эмес, төртбеш азаматтын күчү жетпегидей. Калганын Орган өзү бүтүрдү. Үч жай бою кургатты, өз колу менен жонду. Кайыгы өмүрлүк болоруна ошондо эле көзү жетти.

Аны көрүп, өмүржашын чамалай, ушу кайык акыркысы болобу деген ойго кайра кейиди. Дагы жашай түшсө эмине. Уудан калбай деңиз кезип дагы нечен чыкса, каруусунан күч, көзүнөн нур кете электе дагы экиүч кайык чаап кетсе кана! Ошону ойлой отуруп, кыялында кайык менен сырдашты: "Сен жарайсың, сага ишенем, бир боорум", — деп баратты кайыгына. Деңиз тилин билесиң, толкун мүнөзүн билесиң, кудурет-күчүң ушунда. Мен чапкан кайыктардын ичинен мыктысы сенсиң. Узунтуураң келишкен, канча жүктөсөң да көтөрүп кете аласың. Баарынан да акжолтойсуң, кайыгым. Ошол үчүн кымбатсың мага. Көп олжону үйгө жүктөп кайра кайтканда кырыңа чейин сууга матырылып, кээде толкун кыр аша жаба берип, кайкалап сүзүп келатканыңа куштарбыз биз. Ошондо эл жээкке жапырыла жүгүрүп, сени каршы алат, боорум кайык! Мен өлсөм сен кал, олжосу көп алыскы жайларга сүз. Мен өлсөм, тепсе темир үзөр жаш мергендерди ээ кылып, деңиз кезип сүзө бер.

Мен өлгөндө, тирүүмдө гана кандай кызмат кылсаң, жаштарга да ошондой кызмат кылгын, бир боорум. Анан дагы айтарым, боорум, тиги тумшугуңда ойдолоктоп отурган баланын эр жетишин күт. Суу болбой катуу жер болсо өзү чуркап, ууга өзү эле барып келчүдөй болуп чыдамы кетип отурганын көрдүңбү? Мына ушу бала чоңоюп, сага минип, алысжакын деңиз чалар кезди күт, кайыгым. Бүгүн бала биз менен алгач аңга чыкты. Ошонусу жөн. Машыга берсин. Биз өтөрбүз бу жалгандан, эртеңдин ээси ушулар. Эмрайын атасын тартса жакшы адам болор. Курукөңдөй болбос.

Чыңгыз Айтматов

Ой-пикирлер