Кирүү

Ишенимдүү атмосфераны түзүү

Ишенимдүү атмосфераны түзүү
Насаатчы жана студент-практиканттар бири-бири менен таанышып, ролдору жана бири-биринен күткөндөрүн бөлүшүп жана талкуулашып, окутууда жогору коюучу нерселери тууралуу маектешип, насаатчылык кантип жүзөгө аша турганын чечмелешип, мамиленин жакшы ыкмаларын карап чыгышканча бир нече убакыт бөлүү манилүү. Мындай таанышууну класстык кабинетте же мугалимдердин бөлмөсүндө ишке ашырса болот. Насаатчы студент-практикантты сабактын жүгүртмөлөрү, класстык журналды толтуруу, тарбиялык сабактарды/класстык сааттарды өткөрүү, окуучулар менен класстан тышкаркы сабактарды өткөрүү тууралуу ж.б. тааныштырышы мүмкүн.

Булак: USAID. Cтуденттик педагогикалык практика боюнча насаатчыга колдонмо

Ой-пикирлер