Кирүү

Готторду басып алуу

Аммиан Марцелин (330-410-ж.) чыгыштан кирип келген унндар алаң жерине басып кирип, тигилердин көпчүлүгүн кырып-жоюп жибергенин, олжологонун жазат. өлбөй калгандарын тынчтык келишимде өзүлөрүнө кошуп алып согуш ишине пайдалангандыгын жазат. Унндардын колунан готтордун эр жүрөк падышасы Германарихтин өлгөндүгүн, анын ордуна падыша болгон Витимир да бороондой дуулдаган унндардын колунан өлүп, анын уулу Видерихти унн жол башчылары Алатей (Алатай) менен Сафракс (Сапарбек) басып алганын жазат. Остготтор талкалангандан көп өтпөй унндар Днестрдин боюнда вестготтор менен кагышат. Оңдордун жоокердик салты боюнча жеңилген журт жеңген элдин аскерине кирет.

Алаңдар сыяктуу, остготтор да Германарихтин уулу Гунимуддун жол башчылыгы менен гунн уруу союзуна кирген. А анын уулу Гезимунд гунндардын тарабында гот жолбашчысы Аман Винитарийге каршы согушкан.Бирок, ал тигинден эки жолу жеңилип калган соң бул урушка оңдордун эгеси Бала кан (жазмада Баламбер, Баламер) өзү жетекчилик кылган. Ал Эрак дарыясынын жанындагы беттешүүдө Винитарийди жаа менен башка өлтүрө атып аларды жеңген, ошентип, бүтүндөй готтор гунндардын бийлиги астында калган. Бала кан ошондо Винитарийдин жээни Вадемарканы аялдыкка алган. Ушул кыргындан аман калган готтордун бир бөлүгү Рим чек арасын көздөй качкан. Бул жөнүндө Евпаний (347-414-ж.) менен Филосторгий (365-420-ж.): "Чыгыштан келген унндар Истранын ары жагындагы скифтерди (готтор бу кезде скифтер деп аталган, себеби, булар бир заманда скиф букаралыгы (кулдары) болгон) кырып-жоюп жибергенин, тигилердин көпчүлүгү өлгөндүгүн, унндардын ырайымсыздыгына чек жок экенин, ошондо скифтердин (готтордун) айрым топтору Истрадан Рим жерине өткөндүгүн, Император Валент аларга кайрым кылып Фракиядан жер бергендигин, антсе да, көп өтпөй ошол скифтер козголоң чыгарып, каракчылык кылып римдиктерге каршы талап-тоноочу согуш баштагандыгын жазат.

Ошондо император Валент аскери менен Антиохиядан чыгып Константинополго жетип, Фракияга бет алган, бирок согушта чоң жоготууга учурап, кайра качкан. Император биртике жөөкөрү менен эмне кылаарын билбей аңыздагы жалгыз үймөк чөбү бар бир үйгө жашыныптыр. Ушундан улам артынан кууп келаткан скифтер чөбү бар үйдү өрттөп жиберет, император күйүп өлөт. Ушинтип, Рим державасы эң мыкты жеринен ажырайт, а варварлар Фритигерндин жетекчилиги астында бүткүл Фракияны талап тонойт". Баса, вестготтор гунндардан аябай катуу кыйраган, ошондон кийин булар экиге бөлүнүп, бири Атанарихтин башчылыгы астында Карпатка сүрүлсө, экинчиси Фритигерндин жетекчилиги менен Римге коргологон, бирок, булар кийин унндарга кошулган.

Ой-пикирлер