Кирүү

Фронттогу Агаларга

Кат жаздым ага алыстан,
Калкыңдан кабар берүүгө,
Канимет кылып соо болуп,
Касташкан жоону жеңүүгө.
Караанын көрүп советтин,
Канкор бир Гитлер түңүлгөн.
Кандайсың ага аманбы,
Кабар ук мендей иниңден.
Милдетин элдин актоого,
Жазганым жок билер деп.
Ак нанды жыйдык мол кылып,
Агаин анда силер деп,
Гитлерди кармап байлагын,
Кете албас кылып чидерлеп.
Ишенем сизди жеңет деп,
Жеңишти колго берет деп,
Калкыбыз сизге ыраазы,
Канкорду кармап келет деп.
Агалар угуп тыңдаңыз,
Жеңүүчү быйыл жылдабыз, Азык-түлүк берүүгө
Арт жакта иниң тылдабыз.
Жерге кирген Гитлерге,
Жалакайлык кылбаңыз.
Фронтто көрсөт күчүңдү,
Бир кадам артка жылбаңыз.
Кат жазып салам жиберген,
Калкыңда жүргөн үкөңүз,
Аман-эсен жоо жеңип,
Арт жакта элиң күтөбүз.

Ой-пикирлер