Кирүү

Фонетика

Фонетика - Тилдеги тыбыштардын жасальшы, тыбыштык системасы, тыбыштык өзгөрүүлөрү жөнүндөгү тил илиминин бир тармагы. Гректин phone — үн деген сөзүнөн алынган: салыштыр: телефон, магнитофон, микрофон.

СҮЙЛӨӨ ОРГАНДАРЫ

Тыбыштарды жасоого катышкан органдар сүйлөө органдары деп аталат. Сүйлөө органдарына: дем алуу органдары, үн түйүндөрү, ооз жана мурун көндөйү, тил жана эриндер, борбордук нерв системасы ж.б. кирет. Буларсыз эч качан тыбыштар жасалбайт.

АЛФАВИТ

Белгилүү бир тартип боюнча кабыл алынган тамгалардын жыйындысы алфавит деп аталат. Алфавит деген сөз альфа жана бета деген эки башкы грек тамгаларынан алынган, бул cөз алфавиттеги а жана бнин аталышы, башкача айтканда альфа - а, бета - б.
Алиппе араб алфавитиндеги биринчи тамга а (алиф) жана экинчи тамга б (бэ) нин аталыштары, алиф жана бэ фонетикалык жактан өзгөрүүлөргө учураган. Сөздүн составындагы бир үндүү тыбыштын башка үндүү тыбыштарга караганда күч менен көтөрүңкү айтылышы басым деп аталат.

Ой-пикирлер