Кирүү

Этнологиядагы белгисиздик принциби

Жогоруда келтирилген мисалдардын баары маданий-тарыхый мектептердин туура экендигин далилдеп тургандай болсо да, ал оз ичинде буга карама-каршы келген көз караштын тууралыгын да көрсөтүп турган белги бар. Биз карап өткөн бардык ар түрдүү "маданияттар", ар биринин жергиликтүү өзгөчөлүктөрүнө карабай, ушунчалык бир түрдүүлүктө өнүгүп жана өлүп жок болгондуктан, мында жалпы диалектикалык процесстин бар экендигин көрбөй коюуга болбойт.

Эгер ошондой болсо, анда биз өз алдыбызга койгон маселени чечмек турсун, аны кайра татаалдантып жибергенибиз да ырас. Анда кайрадан туюкка келип кептелдикпи? Жок. Алдыда дагы жол бар. Аны биз башка илимдердеги окшош көрүнүштөргө кайрылуу аркылуу таап алабыз. XVII кылымдан баштап физикада жарык бөлүкчөлөрдөн (корпускул) турабы же эфирдеги толкундар түрүндө болобу деген талаш жүрдү. Эки концепциянын тең орчундуу кемчиликтери бар болгондуктан, экөөнүн бири да жеңип чыга албады. Талаш-тартыш акыры XX кылымдын 20-жылдарынын орто чендеринде кванттык механика жаралгандан кийин оң чечилди. Азыркы физиктер жарык дегенибиз — бул толкун да, бөлүкчө да эмес, физикалык жарык ушул эки касиеттин тутумунан турат деп эсептешет. Дал ушундай көрүнүштөрдүн негизинде белгисиздик принциби жаралды. Анда физикалык эки кубулуштун чыңалуусунда (мисалы, күчтүн же мезгилдин импульсу менен координаты) тиги же бул кубулуштун ар биринин өз мааниси аныкталышы мүмкүн. Эч качан эки кубулуштун мааниси бир учурда аныкталбай тургандыгы да белгилүү болуп чыга келди.

Этникалык феноменде да кыймылдын эки: социалдык жана биологиялык түрү бар. Андыктан, изилдөөнүн тиги же бул көз карашында, кайсы бир ыкмага салып, татаал көрүнүштүн тигил же бул тарабы сүрөттөлүп жазылышы мүмкүн. Мындайда изилденүүчү көрүнүштүн так жазылышы жана көп жактуулугу бири экинчисин жокко чыгарат. Муну белгилөө менен, биз белгисиздиктин бул принцибин өз материалыбызга колдонууга өтөлү.

Эң алды көз карашты өзгөртөлү: жогоруда айтылган эки мектептин изилдөө усулдарын бириктирүү ордуна, аларды колдонуу чөйрөсүн чектеп салалы. Албетте, түздөн-түз байкоого алынган тарыхый көрүнүштөрдү маданий-тарыхый принцип боюнча топтоштурууга болот, ал эми бүткүл дүйнөлүк-тарыхый схема фактылар үчүн прокруст калыбы сыяктуу нерсе. Ошондой эле түздөн-түз байкоого мүмкүн болбогон көрүнүштөрдүн чыныгы маңызы жергиликтүү өзгөчөлүктөрдөн арылганда бүткүл дүйнөлүк-тарыхый концепциянын компетенциясына тиешелүү болору да ачык белгилүү. Ал эми маданий-тарыхый мектеп тарабынан белгиленген жана далилденген өнүгүүнүн дискреттүүлүгү (үзгүлтүктүүлүгү) бар болгону бирдиктүү, бирок өтө татаал процесстин касиеттеринин эле бири болуп саналат.

Эми мамилени дагы башкача өзгөртүп көрөлү. Өткөн кылымда тарыхты окуп үйрөнүү эки башка усулда жүргүзүлгөн; гимназияларда тарых география менен бирдикте окутулса, университеттерде филология менен бирге окутулган. Биздин убагыбызда предметти окуп үйрөнүүнүн экинчи ыкмасы алдыга чыгып, мында тарыхый булактарды иликтеп-үйрөнүү башкы нерсе катары эсептелип калды. Анткени менен бул ыкмада чоң коркунуч бар: тарыхчы тиги же бул булактын авторунун туткунунда калат да, окуган нерсесин кайталап, айтып берүүдө анын мазмунунун булактагы текстке жакын болушуна умтулат. Акыйкатта, байыркы автор бизге алгылыктуу болбогон идеяларга таянгандыктан жана ал кездеги окурмандар ал чыгармаларды өздөрүнө тиешелүү кабыл алуу мүмкүнчүлүктөрүнө байланыштуу азыркы окурмандар түшүнгөндөн башкача түшүнүшкөн. Муну мындайча түшүндүрөлү, эгер Геродот же Рашид ад-Дин өз чыгармаларын бизге ылайыктап жаза турган болсо, анда өздөрүнүн ошол эле ойлорун башкача мааниде жазышмак. Чындыгында текстти сөзмө-сөз окуган учурда автор кандай маани көздөгөнүн биз биле албайбыз. Кыскасы, байыркы булактын автору өз заманында кеңири белгилүү, ансыз да түшүнүктүү чындык көрүнүштөрдү жазууну кажетсиз деп эсептеген болсо керек. А бирок бизге так ошолор белгисиз жана кызыктуу болуп отурбайбы. Ошондуктан ар бир булак кийинки тукумдар үчүн — криптограмма сыяктуу нерсе, ал эми анын чыныгы маңызын табуу өтө кыйын жана ар дайым эле колдон келе бербейт. Буга "Игордун кошууну жөнүндө сөз" чыгармасынын айланасында жүргөн талаш-тартышты мисал келтирсек жетиштүү болот. Ал талаш-тартыштарды улантсак бул жөнүндөгү азыркы гипотетикалык интерпретацияларга окшош, негизделген да, ишенимдүү да дагы бир канча интерпретациялар кошулбайт деп эч ким кепил боло албайт. Кыскасы, биз коюп отурган маселе үчүн булак таануу дегенибиз — алдыга койгон маселеден тарыхый процесстер жөнүндө ой жүгүртүү маселесинен биротоло четтеп кетүүгө алып бара турган азгырма жол.

Гимназиялык усулду алсак — бул башка кеп. Булактардан талашсыз даректерди — жалаң жана үнсүз фактыларды алалы да, аларды убакыт менен мейкиндиктин ченине салып карап көрөлү. Жаратылышты түздөн- түз байкоого алып, изилдөөсүнө керектүү материалдарды тапкан табигый

илимдердин өкүлдөрү ушундайча аракеттенишет. Ушундай жол менен гана фактылар тексттен өзүнчө бөлүнүп, ички логикага ээ болот да, статистикалык мыйзам ченемдүүлүккө баш иет, окшоштуктары же айырмачылыктары боюнча өз-өзүнчө топтошуп, натыйжада аларды салыштыруу усулу аркылуу изилдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Бул мамиле алдын ала баамдала баштаган тарыхый болмуштун эталону — тарыхый бир бүтүндүк жөнүндө ой жүгүртүүнү шарттайт. Бирок кайсы тарыхый бир бүтүндүк жөнүндө? Буга эми жооп табылат: окуялар менен көрүнүштөрдүн бир бүтүн тизмеги — дал ошол тарыхый бир бүтүндүк болуп саналат. Бул жерде звенолордун ортосундагы байланыштар себептүүлүк байланыштар аркылуу ишке ашырылат. Түздөн-түз байкоо салуулар бул тизмектин башталышы жана бүтүшү бар экенин көрсөттү, т.а. дүрт этип жанып, андан ары инерция менен кетүү сыяктуу көрүнүштөр бар, ал инерция чөйрөнүн каршылык көрсөтүүсү аркылуу басаңдай берет. Маданий-тарыхый мектептин бардык талашсыз байкоолору менен жалпылоолорун түшүндүрүүчү механизм дал мына ушул.

Анан да бул дүрт эткен жарык кайдан жаралат жана инерциялык процесстер эмне үчүн бири бирине таң калаарлыктай окшош болот? Буга бүткүл-дүйнөлүк концепция жооп бериши тийиш эле, бирок, тилекке каршы, тарых илиминдеги азыркы мүмкүнчүлүктөр аны баяндап жазууга гана жарактуу болуп отурат. Гуманитардык илим үчүн баяндап жазуу — жетишкендиктин чеги, ал эми философияны бетке кармап, кызыл кулактарча чечмелөө азыркы кезде эч кимди канааттандырбайт. Андыктан толук түрдө табигый илимдердин негизин колдонууга өтүп, "маданият" (тиги же бул) түшүнүгүн толуктоо жөнүндө, жогоруда сүрөттөлүп жазылган өзгөрүүлөргө дуушар боло турган материалдык субстанция жөнүндө маселе коюу гана керек.

Ой-пикирлер