Кирүү

Эстелик

Эстелик! Бул эмне? Эмне үчүн биз эстелик коёбуз? Эмне үчүн аны көрүүгө ашыгабыз? Эмне үчүн ага башыбызды ийип, колубузду куушурабыз?

Ооба! Ошентебиз. Ал тарыхтын ыйыгы, сезимдин ыйыгы, көңүлдүн ыйыгы, сөздүн ыйыгы. Эл өзү менен бирге эстелик сыяктуу ыйык нерсе жаратты. Аны менен эл өзүнүн өткөнүн кошо ала жүргүсү келсе керек.

Эстелик! Эң жөнөкөй сөз. Бирок ал секундду, минутту, айды, жылды, кылымды, доорду өзүнө батырат. Ал адамдын, элдин, коомдун, өткөндүн — азыркысын, келечегин бир учурда көрсөткөн күзгү. Андан биз адамзаттын түгөнгүс жолундагы түз талааларды, кууш капчыгайларды, бийик ашууларды, чукул бурулуштарды, терең иримдерди, зор селдерди, каардуу бороондорду, катуу куюндарды көрөбүз. Андан биз атабабаларыбыздын күлкүсү менен ыйын, кубанычы менен зарын, сүйүнүчү менен кайгысын, үмүтү менен үшкүрүгүн угабыз. Ал бир эле учурда биздин акылыбызга. сезимибизге, көңүлүбүзгө таасир эткен жарык нур, күчтүү ток, ысык илеп, суук эпкин. Ал, изди тундрадай тоңдуруп, сахарадай куйкалайт. Көңүлүбүздү ичиркетсе, сезимибизди тердетет, сезимибизди үшүтсө, көңүлүбүздү ысытат. Ошондуктан анын алдында көрбөгөндү көрөбүз, укпаганды угабыз, айтайын десек сөзүбүз жетпей, жүрөгүбүз туйлап, каныбыз ташыйт.

Ооба! Ушундай гана укмуштар атайын эскертүүгө татыктуу. Алар гана атайын эстеликке ээ болмокчу. Эмесе аларга эмнеден же кандайча эстеликтер коюлган? Оо, алар аябай көп. Сен алардын атыжөнүн сураба. Ал турсун анын алгачкысы менен акыркысын да сураба.

Санын сурасаң — статистерге эмес, астрономдорго кайрыл.

Жайын сурасаң — музейлерге эмес, географтарга кайрыл. Көргүң келсе — жер шарын айлана саякат жаса. Ал ар бир элде, ар бир өлкөдө, бүткүл дүйнөдө бар. Ал үчүн адамдардын акылы, жаратылыштын чексиз байлыгы пайдаланылган. Аны тарткан адам болсо, боёгу жаратылыш болду. Бир элдин эстелиги ташка тартылган сүрөттөр болсо, бирөөнүкү таштан чегилген зор фигуралар, бирөөнүкү түз жерге тургузулган тоодой пирамидалар менен күмбөздөр болсо, экинчисиники тоо менен зоолордун өздөрү болду. Аларга атабабаларыбыздын акылы менен адашуусу, алы менен күчү, кыялы менен үмүтү калган. Ошон үчүн алар бизди эмес, биз аларды ээрчийбиз. Биз кетебиз, алар кала берет. Эстеликти жаратылыштын жансыз күчтөрү гана эмес, жандуу күчтөрү да чагылдырды. Арстан менен жолборс, алп кара куш менен бүркүт — эрдиктин, баатырдыктын, тайманбастыктын, ошондой эле жырткычтыктын, мыкаачылыктын, кала берсе чексиз бийликтин символун баяндады. Алар далай өлкөнүн эмблемасына айланып, далай хандын, далай бектин, далай султандын тагы болуп, таманында жатты. Далай хан, далай бек, далай султан арстандарча аркырап, бүркүттөй шукшурулду. Байыркы Египеттин фараону Рамзей II өзүнүн пирамидасын 100 миң кулга 40 жыл курдурду.

Миңдеген кул өлдү, аттары калган жок. Рамзейдин аты калды. Темирлан миңдеген адамдын башынан тоо тургузду, алардын аты жок, Темирландын аты калды. Ооба! Бийлик менен зордук, эрдик менен баатырлык биригип, аларга кызмат кылды, алардын ишин жасап, аларга эстелик койду. Эл алар үчүн иштесе, алар эстелик үчүн иштеди.

Эң сонун эстеликтердин бири — элдин сөзү, ыры, жомогу, эпосу. "Илиада", "Манас", "Калевала", "Миң бир түн", "Көр уулу", "Алпамыш" — адабий чыгармалар гана эмес өз доорлору жаратып, ошол доорлорго коюлган улуу эстеликтер эмеспи.

Асанбек ТАБАЛДИЕВ

Ой-пикирлер