Кирүү

Эски малдын көзүндөй

Эски малдын көзүндөй. "Тоолуктар үчүн мал боор эти ме­нен тең", - дейбиз. Себеп дегенде, бардык катыш, алыш-бериш мал менен болгон. Ал турсун азык-түлүктүн төрттөн үчү жалаң малдан алынып, деле керексиз жери көрүнбөгөн. Малды уурдоо жеңил. Андайларды көзүн тазалоо үчүн дароо соё коюп, жеп кой-гон. Мал катып алгандар да чыккан. Башка малдарга Караганда, төтөн жылкы чаап келүү мындай шарттарда ийкемдүү эле. Ан-дайда уурулардын өзүнчө белгилери болуп, ал малдарга тамга басышкан. Демек, уурдап келип, чоң уурулар баскан ез тамгала-рын биреелер уурдоосу ете кыйын болгон. Тамгасыз жылкыны өзүмдүк кылуу андан оңой эле. Куйрук-жалын отоп, кээде ысык кыл аркан-чылбыр басып, ээси: "Менин малым эле", - дейин десе, өңү башка. Жок андай болсо, мал көзүнөн таанылып турган. Эми сез төркүнү түшүнүктүүдүр. "Эски малдын кезундей", - бул етме мааниде адамга карата ете эле тааныш. Мурун көрүп-билип жүргөндөй неме экен. Деле көзгө үйүр көрүнөт. Мына ушундай маанайда айтылып калат.

Ой-пикирлер