Кирүү

Эсептөө техникасынын тарыхы жана информатика илими

Эсептөө техникасынын тарыхы жана информатика илими

Эсептөө техникасынын тарыхы же болбосо башталышы XVII кылымда башталган. 1623-жылы В. Шикард (германия) тарабынан эң биринчи эсептоо машинасы сунуш кылынган. 1641-жылы Б. Паскаль (Франция) андан ыңгайлураак кылып жасаган. Анда кошуу жана кемитүү операциясы бар болчу. Ал эми 1673-жылы Г. Лейбництин сунушундагы машина кошуу кемитүүдөн сырткары, көбөйтүүнү жана бөлүү операциясын кошкон. Андан соң К. Томсондун да машинасы чыгып, ал Томсондун арифмометри деп аталган. XX кылымдын жүз жылдыгында электр тогу өсүүдөн, ЭЭМдер да электрлеше баштаган. Атактуу математик Дж. Нейман тарабынан информация сакталуу принцибин чыгарган. Эң эле көп жана бат чыккан 1940-жылдардан баштап эсептелинет. Электр лампасы менен эн биринчи чыккан ЭЭМ ENIAC деп аталат. 1942-1945-жылдары Дж. Неймандын концепциясы аркылуу Дж. Эккарт башчы болгондо чыккан. Ал эми биринчи сериясы 1948-1950-жылдары СССРде чыккан. Ал МЭСМ деп аталган. Андан соң ЭЭМнын эволюциясы башталган. 1950-1960-жылдар аралыгында UNIVAK, IBM-650, М-20 сыяктуу моделдери чыккан. Андан кийинки чыгарылыштары 1960-1964-жылдары БЭСМ чыккан. 1964-1990-жылдары болсо IBM-360, НАИРИ-3, ЕС-1020 моделдери чыккан. 1990-жылдары болсо ЭЭМ деген сөз "компьютер" деген өзгөрүлгөн. Андан соң персоналдуу компьютерлер чыга баштаган. Азыркы учурда информатика илимдин бир багыты катары калыптанып, анда компьютерди пайдаланып табияттагы, техникадагы жана коомдогу маалыматтарды илимий методдун негизинде формалдаштыруу жана моделдөөнү, маалыматтарды көрсөтүү, жыйноо, иштетүү жана жиберүүнү үйрөтөт. Информатика компьютердик техниканын өнүгүшү менен пайда болду жана ага негизделет. Акыркы миң жылдыкта адмзат үч маалыматтык революцияны башынан өткөрдү, алар коомдун жана цивилизациянын өнүгүшүнө өтө чоң таасир тийгизди.

Ой-пикирлер