Кирүү

Эрмитаж музейине 235 жыл

Эрмитаж музейине 235 жыл

Санкт-Петербургдагы тарыхый маданий жана көркөм Эрмитаж музейи байлыгы жана ээлеген аянтынын зор көлөмү боюнча Лувр, Нью-Йорктогу "Метрополитен", Британ жана Батикан музейлери менен тең тайлашат. Мында искусствонун жана маданияттын үч миллиондон ашык буюм-тайымдары жайгашкан. 350 залдары менен таанышып чыгуу үчүн 24кмден ашык жол басышка барабар болот. Бул музей 1764-жылы негизделип, Екатарина II Берлинден сатып алган 225 картинадан турган коллекциялардан курула баштаган. Коллекциялар сарайдагы "Эрмитаж" деп аталган опортаментте жайгаштырылгандыктан, музей ушундайча аталып калган. Кийин Брюлдан, Кроздон, Уол Вальполдон сатып алган экспонанттар кышкы сарайдын имаратына коюлган.

Мындагы коллекциялардын бардыгы гректердин жана скиф өнөрпоздорунун көөрү төгүлгөн колдорунан жаралган.Андан башка 2,5 миң жыл мурдагы согулган дүйнөдөгү эң эски персид килеми, Византиянын көз жоосун алган кооз икондору, Франциянын 18кылымдагы живопись өнөрү жана атагы анын чегинен тышкары кеткен импрессионисттердин тарткан сүрөттөрү, III-IV кылымдагы Иранды башкарып турган Сасаниддер династиясынын атынан коюлган күмүшүнүн эң бай коллекциясы жана дүйнөдөгү эң чоң нумизматикалык байлыктын да жыйындылары бар. "Эрмитаждын" байлыгын кеңейтип топтоодо археологдордун кошкон салымы чоң. Алар Алтай коргондорунун жок болуп кеткен элдердин искусствосун чагылдырган буюмдардын сейрек кездешүүчү түрлөрүн табышкан. Бүгүнкү күндө жылына бул музейдин залдарына 30 миңден ашык экскурсиялар өткөрүлүп, 3 млн. дон ашык көрүүчүлөр келишет.

Ой-пикирлер