Кирүү

Эне-тил болбой, эл болбойт

Эне-тил болбой, эл болбойт

Азыр дүйнө абдан чоң болгонуна карабай, компьютер байланышы күчөп, интернет желелери жалпы ааламды арал ап турат. Жаңылыктар упгунчалык көп. Ошол ааламдашуу жүрүп жатканда тилдер да бирибирине таасир тийгизип, бирин бири колдонуудан чыгарып сүрүп турат. Адамзаттын тарыхы ошондой жоголгон өлүү тилдердин эченин билет. Ушул учурда да эчен тилдер өлүп баратат. Алардын ичинде кыргыз тили жокпу деп ойлойсуң. Себеби бул тил да аз колдонулат. Өзгөчө Бишкек шаарында жана Чүй боорунда. Айрым адамдар кыргыз тили илимди камтый албайт, мамлекеттин тили боло албайт дешет.
Жок, андай эмес, кыргыз тили дүйнөдөгү эң байыркы тилдердин бири. Жалпы түрк тилдеринин башатын изилдеген Кашкарлык Махмуттун "Түрк тилдери жыйнагы" деген китебиндеги көп сөздөр азыр да кыргыз тилинин курамында колдонулуп келет. Байыркы ОрхонЭнесай таш жазууларын окуй келгенде да азыркы биз пайдаланган сөздөр учурайт.
Дүйнөдө кайталангыс ири чыгарма болгон "Кыргыздар нени көргөн жок. Кырылып көбү өлсө да, Кыргыздын тили өлгөн жок. Кылычын кайрап от чачып, Кызыгып кимдер келген жок. Кыргында жанын берсе да,

Ой-пикирлер