Кирүү

Энчилүү аты жок өлкө жана эл

Энчилүү аты жок өлкө жана эл

Мусулман дүйнөсүнүн чыгыш чек арасы менен биз Кытай атаган Ортолук империянын түндүк-батыш чет-жакасынын аралыгында так энчилүү аты жок өлкө жатат. Бул географиялык чек арасы так аныкталган, физикалык-климаттык шарттары өзгөчөлүү келген, калкынын саны өтө көп, байыркы маданияты бар өлкө боло туруп, энчилүү аты жок болгону таң калтырат. Бул өлкө кытай, грек жана араб географтарына эзелтен эле жакшы белгилүү болгон, ага орус жана батыш европалык саякатчылар келип-кетип турушкан, бул жерде көп ирет архелогиялык казып- изилдөөлөр жүргүзүлгөн... өлкөгө келгендердин баары аны сүрөттөп жазуу менен чектелишкен, а бирок ал туруктуу энчилүү аталышка ээ бөлө алган эмес. Андыктан бул өлкө кай жерден орун алганын көрсөтөлү.

Памирден чыгышты карай эки тоо кыркасы: Кунлун, андан түштүгүрөөк жакта Тибет жана Теңир-Тоо тоолору созулуп жатат. Бул эки тоо кыркаларынын ортосунда Такла-Макан кумдуу чөлү жатат, ал суусу мол Тарим дарыясы менен бөлүнүп турат. Бул дарыянын башаты да, куймасы да жок. Анын башаты деп Жаркент-Дарыя, Аксуу-Дарыя жана Хотан-Дарыянын айрылыштарындагы "Арал" эсептелет. Анын суусу кээде кумга сиңип жоголсо, кээде Кара-Буура көлүнө жете келет, кээде, өз ордун улам өзгөртүп туруучу Лоб-нор көлүн толтурат15. Таң калыштуу бул өлкөдө дарыялар менен көлдөр ордун өзгөртүп көчүп жүрүшөт, адамдар бөлсө төө этектерине баш калкалашат. Тоодогу таза булактардан чыккан суу башатынан анча алыстабай корум таштардын алдына сиңип жок болот да, бир канча аралыкта барып, кайра жер үстүнө чыгат. Ал жерлерде көк жайыктуу оазистер орун алган, андан кийин суу кайрадан кумга сиңип, жок болуп кетет. Бул укмуштуу өлкөдө жер жүзүндөгү эң терең ойдун орун алган, анын түбү деңиз деңгелинен 154 м төмөндө жатат. Ушул ойдуңда байыркы маданий борбор — Турпан оазиси жатат. Жайкы ысыгы +48оС, кышкы суугу -37оС жеткен, күзгү аба ырайы болуп көрбөгөндөй кургак, жазы бороон-чапкындуу келген бул жерде жашаган эл илим менен искусствону кантип өнүктүрүштү болду экен?! А бирок өнүктүрүшүптүр го, болгондо да жемиштүү өнүктүрүшүптүр.

өлкөнүн байыркы калкы өздөрүнө энчилүү ат да коюп алышпаптыр. Азыр аларды тохарлар деп атап жүрүшөт, бирок бул этноним эмес, тибеттиктер энчилеген аты. Анысы tha gar — "ак баштар" (ак саргыл) деп которулат. Ар кайсы оазистердин калкы индоевропалык топтогу ар башка тилдерде сүйлөшөт, ал эмес, анын ичинде Европадагы тилдерге окшошпогон батыш арий тили да кездешет. Өлкөнүн түштүк батышында, Кунлун тоолорунун этегинде тибет уруулары көчүп-конуп жашаган, алар Хотан менен Жаркенттин калкына байма-бай алакада болушкан менен аралашып кетишкен эмес16.

Биздин замандын биринчи кылымдарында бул өлкөгө батыш тараптан сактар келип кирет да, Кашкардан түштүгүрөөктө, Хотанга чейинки

аралыктарда жашап калышат. Ошол эле мезгилдерде өз өлкөсүндө башталган граждандык согуштун азап-тозокторунан качкан кытай адамдары да бул жерге келишип, Турпан оазисине Гаочан шаарын негиздешет. Ал шаар IX кылымга чейин жашап туруп, кийин орду түбү менен жок болуп кетет.

Көрүнүп тургандай, өлкөгө этноним боюнча энчилүү ат ыйгаруу мүмкүн эмес. Чындыгында алар, маданияттуу, чарбачылыгы жакшы жолго коюлган эл болгон. Алардын чарбачылыгы Байыркы дүйнөдөгү эң мыкты чарбалардын бири болгон деп эсептесе болот.

Орто Азиянын оазистеринин табияты тээ илгертеден эле адамдын керектөөсү үчүн кызмат кылууга ылайыкташтырылган. Турпандыктар да сууну жер алды менен жүргүзүп, ирандыктарча — кяриз ыкмасын колдонушуп, өлкөнүн көп сандаган элин бага алгыдай эгинди өстүрүүгө жарактуу жерлерди сугат менен камсыз кылышкан. Турпан жүзүмү дүйнөдөгү эң мыкты жүзүм делинет, коон, дарбыз, өрүк жаздан кеч күзгө чейин бышып, пахта эгилген аянттарды шуулдаган мырза теректер, дүпүйгөн тыт дарактары шамалдан коргоп турган. Оазисти айланта курчаган аскалардан жарылып, кулап түшкөн таштардан, кумдан жаралган ач талаада бадал да, дарак да өсө албайт17. Ошо какыр талаа, таштуу чөл оазисти сырттан келчү душмандардан коргогон. Жөө аскерлерди чөл аркылуу өткөрүү кыйын болгон, анткени азык-түлүктөн башка да ичерге сууну кошо ала жүрүү керек эле, бул көптөгөн унаа, арабаларды талап кылган. Ал эми жеңил атчан аскерлердин чабуулу сепилдер үчүн коркунучтуу болгон эмес. Бул өлкөнүн экинчи чоң шаары — Кара-Шаар бийик тоо арасында, суусу тузсуз Баграш көлүнө жакын жерде жайгашкан. Бул шаардын "жери күрдүү... балыгы көп... Табияты душмандан коргонууга ыңгайлуу келет"18. Баграш көлүнөн агып чыккан Көнчө-Дарыя Лоб-нор көлүнө куят. Анын жээктей жүрүп отуруп суусу мелмилдеген Таримге жете келесиң. Анын жээктеринде өскөн теректер, чычырканак, ит мурун жана башка бадалдар шаа мүйүз бугулардын үйүрлөрүн, жапайы камандарды далдалап, сактап турат19.

Бул өлкөнүн отурукташкан калкынын байыркы идеологиясы хинаяна түрүндөгү ("тар жол" же "кичине араба" аталган Будцанын аралашмасы жок нагыз ортодоксал окуусу) буддизм болгон, муну дин деп айтууга да болбойт. Хинаяначылар кудай жок дешкен, анын ордуна карманын (көрүнүштөрдөгү себептердин ырааттуулугу) адеп-ахлак мыйзамын карманышат. Алар үчүн Будда — адам, болгондо да ал төрт тарабы төп жетилген жана пенделик кыйсыпырдан кутулуп, тилек, ыйман аркылуу нирванага жетип кайра жаралууга умтулган бардык адамдарга үлгү боло алган адам. Нирванага өз алдына максат коё билген, башка бирөөлөрдүн жардамына, кудайдын кудуретине муктаж эмес архат (ыйык) адам гана жете алат. "Өзүңө өзүң шам чырак бол", — дешет хинаяначылар.

Айтса-айтпаса жалганбы, "ыйык болуунун жолуна түшүү" ар кимдин эле колунан келе бербейт. Андай болсо колунан келбегендер кантмекчи? Алар күндөлүк турмуш-тиричилиги менен алектенип, архаттарды урматтап, бош кездеринде дин окуусуна кулак төшөп, келечекте өздөрү да кайра жаралуу жолу менен ыйыктарга кошуларына ичтеринен ишенчү. А бирок биз башка мисалдардан улам диний догматтар жүрүш-туруштун этникалык жол-жоболоруна анча таасир этпесин көрбөдүкпү. Турпандын, Кара-Шаардын жана Кучанын архаттары, соодагерлери, жоокерлери менен дыйкандары бирдиктүү системаны түзүшкөн, буддизм болсо алар үчүн сырткы жалпы түр (түс) катары кызмат өтөгөн.

Кантсе да кайсы бир нерсенин тышкы түсү өз таасирин, болгондо да олуттуу таасирин көрсөтө алат. Хинаяналардын жамааты XV кылымга чейин жашады. Ал эми махаяна окуусу өзүнүн чаржайыттыгынан, догмалык жол-жоболорунун көп кырдуу жана татаалдыгынан улам Жаркент менен Хотанда көпкө жашай албай, XI кылымда эле исламга жол бошотуп чыга бергени кокустук эмес болсо керек.

Турпандыктар будда динин кандай көңүлкош тутушса, Турпанга келген көчмөн уйгурлар да манихей динин 20 так ошолордой эле үстүртөн тутушкан. Өз алдынча дин катары манихейчилик XII кылымда эле жок болгон, а бирок манихей идеялары кээ бир буддалык философиялык агымдары жана XI кылымда бүткүл Борбордук Азияда кеңири арыш таштаган несторианчылык тарабынан кабыл алынат. Бул кылымдарда Турпан, Кара-Шаар жана Куча шаарларынын тургундары өздөрүн уйгур атай башташкан.

Бирине экинчиси карама-каршы болгонуна карабай, Уйгурстанда несториан дини менен будда дини катар жашай алды. Хинаянанын абстракттуу атеисттик окууларынан алыс турган адамдар үчүн христианчылык алгылыктуу диний ишеним катарында көрүнсө керек. Будда дини "жолго түшкөндөргө" алтынга, күмүшкө жана аялдарга кол тийгизүүгө тыюу салгандыктан соодагерлер да христиан динине кире качышты. Дээринен динчил келген, а бирок экономикалык турмушка жигердүүлүк менен катышкан адамдар жашоого жана иштөөгө тоскоолдук кылбай турган динди издөөгө аргасыз болушкан. Демек, эки идеологиялык система үчүн бул жерде ылайыктуу экологиялык нук табылды деген корутунду чыгарууга болот.

Бул өлкөнүн байлыгы негизинен анын географиялык жактан ыңгайлуу орун алып турганына негизделген: бул чөлкөм аркылуу эки кербен жолу өтүп турган. Алардын бири Теңир-Тоонун түндүгүрөөк, экинчиси түштүгүрөөк тарабынан өткөн. Бул кербен жолдор менен Кытай жибеги Прованс тарапка ташылса, Франция менен Византиянын кооз асем буюмдары Кытайга агып келип турган. Мындагы оазистерге жеткенде чөл кезип, арып-ачкан кербенчилер эс алып, аттары менен төөлөрүн тоюндурушуп, тыныктырышкан. Буга байланыштуу жергиликтүү аялдардын арасында "эң байыркы кесип" кайра жанданып, өсө баштайт. Мындай жол менен табылган акчанын теңи чөнтөктөрүнө түшкөнүнө сүйүнгөн күйөөлөрү аялдарынын бул кесибине көз жумуп коюшкан. Уйгур аялдары бул кесипке өтө көнүп алгандыктан, моңголдор менен ынтымакка келип, Уйгурстан жомоктогудай байыган кезде да, бул жердин жашоочулары аялдарына соодагер-саякатчылардын көңүлүн ачууга тыюу салбоосун сурап үгөдөй ханга кайрылышкан 21 экен.

Бул адат, туурарак айтканда — этникалык көнүмүш жүрүш-туруштун мындай көрүнүшү, тилге, динге, саясий түзүлүшкө жана өздүк аң-сезимге караганда туруктуу болоору байкалды. Көнүмүшкө айланган жүрүш- туруш ыңгайлашуунун белгиси болуп саналат, т.а. этностун географиялык чөйрөгө ылайыкташуу ыкмасы катары калыптанат. Бул жерде аталыштар этностун өзүнө караганда бат-бат алмашып турган, жалпы эле этнонимдердин алмашып турушу саясий шарттар менен гана түшүндүрүлгөн.

Эгини ыңкыган бул оазистердин бай жашаган жана көп сандаган эли жоокер-көчмөндөрдү оңой эле багууга шарттары бар эле, ансыз да эң алды көчмөн уйгурлар, кийин моңголдор өз карамагына өткөн букараларын сырткы душмандардан коргоону өз колдоруна алды. үч жүз жыл ичинде уйгурлар жергиликтүү эл менен аргындашып, сиңишип кетишти, бирок тохар тилинин унутулуп, түрк тилинин жалпы тилге айланышына жетишти. Баса, буга алар анча деле аракеттенишпеди, анткени XI кылымда Мармар деңизинин көгүлтүр жээктери менен токойлуу Карпат тоолорунан Бенгалиянын түнт токойлору менен Улуу Кытай дубалына чейинки көз мелжиткен мейкиндиктерде жашаган элдин баары түрк тилинде сүйлөшкөн. Түрк тилинин мынча кеңири тарап кетиши эл жашаган оазистерде соода жүргүзүүнү оңойлоткон. Ансыз да Ортолук Азиянын элдери соодага жакын болушкан. Ошондуктан, өздөрүнүн аз пайдаланылган эне тилинен жалпыга түшүнүктүү түрк тилине Таримдин түндүк-чыгыш бөлүгүндө жашагандар эле эмес, анын түштүк-батышында жашап, уйгурлардын ордун баскан ягма, карлук өндүү түрк урууларынын таасири стындаыйналып-кысталбай эле өтүп кетишкен. Бирок алар менен уйгурлардын айырмасы зор эле. Уйгурлар өздөрүнө багынган элдин турмуш-тиричилигине, динине, маданиятына кийлигишкен эмес. Ал эми карлуктар болсо 960-жылы ислам динин кабыл алышкан соң Кашкар, Жаркент, Хотан оазистерин Самарканд менен Бухарага окшоштуруп салышкан.

Ошентип, географиялык жактан бир бүтүн аймак эки этномаданий регионго бөлүнүп, бири экинчисине тиштерин кайрай башташты. Бирок күч тепетең болучу, анын үстүнө эки оазистин аралыгы алыс жана каттоого татаал экендиги да тынчтык абалдын көпкө өкүм сүрүшүн шарттаган.

Мындай абал эмне үчүн өлкөнүн энчилүү аталышы жок калганын түшүндүрө алат. Байыркы мезгилде кытайлар аны Сиюй, т. а. "Батыш аймак" — деп аташкан жана ал "Пияз тоолорго", Памир менен Алайга чейин созулат деп эсептешкен. Бул өлкөнү эллиндер "Серика" деп, ал жактан алып келинген буюмдарды "серикум" (жибек) деп аташкан. Бул сөздүн этимологиясы жөнүндө азыр эч нерсе айта албаймын.

Жаңы мезгилде да шарттуу аталыштар колдонулуп келген, мисалы, Кашкарстан, Чыгыш Түркстан, же Синьцзян, т. а. сөзмө сөз алганда "Жаңы чек ара" деп XVIII кылымда манжурлар койгон атын алып жүрөт. Бул аталыштар биздин заман үчүн жараксыз. Байыркы кытайлар "Батыш" деп ойлогон жер XII—XIII кылымдарда орто ченде экени аныкталды. Түрк тилин үйрөнүп алган индоевропалыктар жашаган өлкөнү "Түркстан" деп атоо да ылайык келбейт. Кашкар али борбор шаар боло элек, ал эми "жаны чекара" дегенибиз дегеле дайынсыз кез болучу. Андан көрө Таримдин жээк-жакасы деген географиялык шарттуу наамын калтыра туралы. Кантсе да дарыя калыс жана түбөлүк белги болууга жарай алат. Анын үстүнө "Синьцзян" термини Теңир-Тоонун түндүгүнөн орун алган жана тарыхый тагдыры дегеле башкача болгон Жуңгарияны (бу да кийинчерээк берилген шарттуу ат) өзүнө камтып турат.

Уйгурстандын чыгыш чек арасын аныктоо кыйын. Өткөн кылымдарда ал чек бир топ өзгөрүүгө учураган, бирок ал өзгөрүүлөрдүн кайсы мезгилдерде болгону да белгисиз. Бир кездерде уйгурларга Хами оазиси, балким, будда искусствосунун кенчи сакталган үңкүрлүү шаар Дуньхуан да тиешелүү болушу мүмкүн. Андан чыгышыраак тарапта жаткан жерлерди — Наньшань тоо этектериндеги оазистерди, уйгурлардан тангуттар тартып алган. Таңгут деген эл азыр жок, уйгурлар да жок, а бирок өздөрүн таңгут жана уйгур деп атаган адамдар азыр да кездешет. Бул эми бар болгону закым сыяктуу эле нерсе. Өздөрүн уйгур атагандар чынында, XV—XVIII кылымдарда чыгышка келип отурукташып калган фергананын эле түрктөрү. Ал эми өздөрүн таңгут атап жүргөндөр — таңгут эмес эле, алардын бир кездерде айыгышкан душмандары болгон тибет көчмөндөрүнүн, т. а. байыркы этностун калдыгы болуп саналат.

Ошентип, тарыхый талдоо Азияда аталыштардын маңызы менен алардын угулушу ар дайым эле дал келе бербесин көрсөттү. Андыктан, өкүнүчтүү жана да көп кайталануучу жаңылыштыктардан качуу үчүн эсептөөнүн Европа үчүн да, Азия үчүн да, Америка үчүн да, Океания, Австралия жана Африка үчүн жарактуу боло турган кандайдыр бир башка системасын иштеп чыгуу керектир. Бирок бул системада фонетикага эмес тарыхка артыкчылык берилет, т. а. анын негизин тарых түзөт.

Ой-пикирлер