Кирүү

Элиндин кетпейт оюнан

Элибизге белгилүү,
Эки сонун асылга,
Жоргосу экен адамдын,
Жолдош болдум жашымда.
Эчен жерде байкадым,
Эл толбойт экен акынга.
Таттуу сөзүн уккан эл,
Тажабайт экен жакында.

Улуу куш эле ошолор,
Учурган мени уядан.
Унутпай жүр бизди деп,
Узаткан эле кыядан,
Аттарын атап алардын,
Айтуудан да уялам.
Жанаша, учкан шумкардай,
Карышкан эки тулпардай,
Осмонкул, Калык кыргыздын,
Оозуна жат болгон.
Сайрап жүрүп элине,
Сакалы кардай ак болгон,
Ала-Тоонун ак таңдай,
Булбулу деген ат конгон.

Булбулдан булар кем беле?
Эркин доордо жаралып,
Элибизге келди эле,
Партия менен өкмөт,
Бардык сыйын берди эле.
Калык деген ким эле,
Казып жатса түгөнгүс,
Кадам-Жай болчу тим эле.
Осмонкул деген ким эле,
Оодарылбас, чайпалбас,
Океан болчу тим эле.

Үлгүлүү нуска ырларын,
Үйрөнүп далай ырдадым.
Элестеп турат көзүмө,
Ээрчип жүргөн жылдарым.
Кайран Калык барында,
Казак, кыргызды аралап,
Каркылдап турган чагында.
Кайта айланган барчындай.
Жаркылдап турган чагында.
Каргадай бала кезегим
Калбай жүрдүм жанында.
Осмонкул ага барында,
Орто Азия аралап,
Ойноп жүргөн чагында.
Калык менен Осмонкул,
Анда кадимкидей табында.

Оймоктой бала кезегим
Ошондо мен бир жанында.
Улуу шаар Москва,
Кыдырып жүрдүк Крымды.
Көлөкөдөй кезимде,
Көрсөттү далай жыйынды.
Калык ырдап турганда,
Кара жамгыр төккөндөй,
Өркөчтөнүп күркүрөп,
Өзөндөн кыян өткөндөй,
Күнү-түнү ырдаса,
Күүсүнө келчү бөксөрбөй.
Күкүк эле Осмонкул,
Күнү-түнү сайрап таңшыган.
Абайласам сөздөрү,
Ак булут эле калкыган.
Акынсып ар ким ырдады,
Ал эми Осмонкулдун ырлары,
Айдаган койдой чубуруп
Ашыгып турчу артынан.

Ойноо бала кезегим,
Ойлобой калган экемин.
Жел кыялым кете элек,
Жээним деп Калык жетелеп,
Окутсам үлгү алат деп,
Ордумду басып калат деп,
Жактырчу эле сөзүмдү.
Жарата бербей Осмонкул,
Жашыксың дечү өзүмдү.
Кайран эстүү кишилер,
Кагылсын деген шекилдүү.

Каяша айтып ырдасам,
Кайгырбай кабыл алчу эле.
Карысын бөрү сыйлайт деп,
Каткырышып калчу эле.
Гүл теремин деп чыксам,
Бизге да бир тал дечү эле.
Томоголуу бүркүттөй,
Тотугуп калган кез эле.

Осмонкул көзүн жумганда,
Өлүмгө моюн сунганда,
Кыргыздын эли кыйналып,
Казак эли кайгырды.
Калык, Осмонкул десе,
Хакас да билген дайныңды.

Түркмөндүн эли түшүнүп,
Тажикте далай таңшыган.
Калык, Осмонкул десе,
Калбай ээрчип артынан.
Алардын сөзү тим эле,
Ак деңиз эле чалкыган.
Өзөгү бирге боордош
Өзбек эли өкүндү.
Ошолордун баарысы,
Көрүп калды көзүңдү,
Угуп калды сөзүңдү.

Ак жүзүн көрбөй калганга,
Алтайдын эли арманда.
Сөздөрүн окуп китептен,
Сүрөтүн көрдү карганда.
Өзү өлгөн менен сөзү өлбөйт,
Өрнөгү калды балдарга.

Калкып аккан дайранын,
Каз-өрдөк чардайт сазына.
Кузгундар миң жыл жашайт дейт.
Куу жыгачтын башында.
Кузгунчалык болбогон,
Куу дүйнөнү ойлоном.
Жакшы адамды жоготпой
Жаш кошуп турса жашына.

Же болбосо, чиркин ай,
Жаратылыш тилди алса.
Андай асыл адамдан,
Анда-санда бирди алса.
Жалпы журтка керектүү
Жакшы адам өлбөй, тим калса.
Ордолуу жыйын эл көрсөм
Осмонкул түшөт оюма.
Отургансыйт элеси,
Комуз алып колуна.
Ич арада жүргөнсүп,
Ишенбейт жүрөк жогуна.

Өлүмгө айла жогунан,
Өткөрдү бул эл колунан.
Ажал деген бар экен,
Ар кимибизди тооруган.
Чыркырап күйүп турсаң да,
Чыгарбайт экен торунан,
Осмонкул сенин элесиң,
Элиңдин кетпейт оюнан.

Ой-пикирлер