Кирүү

Эки кеңеш

Эки кеңеш.

Илгери-илгери Айдарбай деген акылман киши жашаптыр. Бир күнү ал эшегин минип алып келе жатса, дүкөнчү алдынан тосуп:

- О-о, акылман Айдарбай! Мага жакшы кеңеш бер. Бир аз акчам бар. Келерки жылы сатканга пайдалуу эмне алсам болот? – деп сурайт.

Айдарбай ойлонуп туруп:

- Тамеки сатып ал. Кыш келери менен кымбаттайт. Эки эсе кымбат сатып, байып гана жатып каласың, - дейт.

Ошентип дүкөнчү тамекиден көп сатып алып, кымбат сатып байып кетет. Ичинен "келерки жылы да Айдарбайдан кеңеш алам" деп ойлонот.

Айлар өтүп, күз мезгили келет. Акылман Айдарбай баягы көчө менен келе жатып, артынан тааныш дүкөнчүнүн үнүн угуп токтойт. Дүкөнчү:

- О-о, кемпай Айдарбай! Өткөн жылы сен мага жакшы кеңеш берип, байып алдым. Быйыл эмне сатып алайын? Кеңешиңди айтып кет! – деп кайрылат.

- Пияз сатып ал. Жазында кымбаттайт, - дейт.

Дүкөнчү Айдарбайдын биринчи берген кеңешин эстеп ага ишенет да, болгон акчасына пияз сатып алат. Пиязды кампасына жыйнап, кымбатташын күтүп жатат. Бирок ошол жылы пияз түшүмдүү болуп, баасы мурдагыдай кала берет. Күн жылыган сайын дүкөнчүнүн пиязы көктөп, чекесинен чирий баштайт. Эмне кыларын билбеген ал чекесинен ыргытып кирет. Акыры пияз эч нерсеге жарабай, дүкөнчү куржалак калат. Буга ачуусу келген дүкөнчү берген кеңеши үчүн өч алууга Айдарбайды издеп таап:

- Эй, Айдарбай, эмнеге пияз сатып ал деп кеңеш бердиң эле?! Сенин тилиңе кирип, минтип болгон оокатымдан кол жуудум, - деп ачууланат.

Ошондо Айдарбай:

- Тууган, сен мага "акылман Айдарбай" деп кайрылганыңда тамеки сатып ал деп жакшы кеңеш берген элем. Кийинки жолу сен мени кемпай дедиң. Ошондо мен сага пияз сатып ал дегенмин. Өзүңдөн көр, баары мага кайрылганыңа жараша болду, - деп басып кетиптир.

Ой-пикирлер