Кирүү

Эки бир тууган

Эки бир тууган

Илгери өткөн заманда бир хандын катыны өлүп, андан эки бала калыптыр. Хан катыны өлгөндөн кийин аял алса, кичүү баласына кас болот. Бир күнү ал баланын агасы кырк жигити менен куш салганы кеткенде, хандын аялы:
-Сенин кичүү уулуң мени уруп койду,-деп ханга даттана баштайт.
Хан аялынын сөзүнө ишенет да, баланы жылаңачтатып аябай сабатып, эки жигитине:
-Ыраак барып башын алып салгыла!-деген буйрук берет. Эки жигит баланы айласыздан алып барып, киймин чечип алып, өзүн кое беришет. "Атаңа көрүнбө, эгер көрүнсөң, бизди өлтүрүп коёт. Биз өлтүрдүк деп кийимиңди алып баралы",-деп эки жигит жөнөп кетишет.
Байкуш бала айласыздан ыйлап кала берет. Бир убакта агасы оюна түшөт да, анын кеткен жагын, көздөй жөнөйт. Бала ыйлап бара жатса, агасы астынан чыгып, болгон иштин баарын ага айтып берет. Агасы аябай жаны кейип инисин кучактап алып ыйлап, "экөөбүз мындан көрө тентип өлөлүк" дейт дагы атын кырк жигитке берип, экөө ыраакы жолго түшүшөт.
Жүрүп олтурса, жакын жерден эч бир айыл көрүнбөйт. Тоого жетип, бир чоң таштын түбүнөн суу таап ичип, эс алып уктап калышат.
Уктап калып турса, иниси такыр ойгонбойт. Көрсө өлүп калыптыр. Агасы баягы жерде ыйлап, эмне кылар айласын таппай, башына бир чүкөдөй алтын коюп: баланы ким көмсө, ошол алсын, - деп жазып жүрүп кете берет.
Жүрүп отуруп жолдон бир абышка-кемпирге кезигет. Ал абышка кемпирдин тамагына тоюп, бир аз эс алат да, баягы абышкага:
-Менин жолдогу инимди чамаңар келсе, көөмп кетсеңер экен,-деп жалынат.
-Макул деп абышка ал балага жол көрсөтүп берет.
Бала жүрүп олтуруп бир шаарга барса, элдин баары кейип ыйлап олтурушат.
-Эмне кейип жатасыңар?-деп сураса:
-Бул жерде бир ажыдаар бар, ал ажыдаар эртең баарын жутат деп жатат,-дейт.
-Мен ажыдаардан силерди сактап калсам, ханыңар мага хандыгынан түшүп береби?-дейт.
Баланы ханга алып барса, хан макул дейт. Ал балага ажыдаардын тили бүтүп, ажыдаарга күнүнө бир кыз, бир кой берип турмай болот. Ошентип ажыдаарды көндүрөт. Бала хандын тагына отуруп калат.
Эми абышка-кемпир жөнүндө сөз кетсин.
Алар өлгөн баланын жанына келгенде, бир жылан чыгып, абышка менен арбаша кетет. Абышка жыланды өлтүргөндө тиги балага жан кирет да:
-Катуу уктап калган экемин,-деп тура келет.
-Сени аюу-жылан арбап өлтүрүп койгон турбайбы,-деп абышка түшүндүрүп, алтынды алып кемпири менен кетип калат.
Бала жүрүп олтуруп, агасы келген шаарга туш болот. Шаардын четиндеги бир алачыкка келип, шыкаалап караса, бир абышка-кемпир, бир кызды алмак-салмак өөп, ыйлап олтурушат. Бала салам айтып кирип барат. Барып сураса, "ушул шаарда бир ажыдаар бар, ошого түтүн сайын бир кыз, бир койдон берүүчү элек, эми кезек бизге келди",-деп ыйлашат.
-Эмесе мага тамак бергиле, мен барайын, бир кылыч таап келгиле,-дейт.
Баланы тамакка тойгузуп, кызча кийинтип, бир кылыч таап берип, ажыдаарга алып барганда ал сорот. Бала кылычты туурасынан кармай берип, ал оп тартуунун күчүнөн тең бөлүнүп калат, өзү эси ооп жыгылат.
Эртең менен хандын эки жигити тамагын алып келсе, ажыдаар өлүп, жанында бир бала жатат. Ал тамак алып келген эки жигит баланы чала-була өлтүрүп, көлдүн жээгине алып барып көөмп салып, "ажыдаарды биз өлтүрдүк" деп ханга чаап барышса, хан көп алтын берет.
Абышка менен кемпир балага куран окуп, көл жээгине кой алып барып союп, кемпир тезек терип жүрсө, кызынын тонунун этеги чыгып жатат. Кемпир абышкасын чакырып, экөө сууруп алса - баягы бала. Алдына алып, оозуна сүт тамызып, киши кылып алгандан кийин баланы көпкө, багып жүрүшөт.
Бир күнү базарга барса, баягы эки жасоол аны көрөт да, ханга:
-Бизди бир бала тилдеди,-дейт.
-Анда бул баланы дарга астырып ташта,-дейт. Баланы асмак болгондо, көп кербенчилер,кезигип:
-Баланы кандуу сууга соёлу, эгер биз кандуу сууга киши сойбосок бизди астырып өлтүрөт,-деп баланы акчага сатып алып барып сууга соердо, бала:
-Мен силерди өзүм алып чыгайын,-дейт.
Кербен башы макул болот. Бала чыпалагын канатып, аларды суудан өткөзөт.
Кенбенчилер балага төрт төөнүн жүгүн беришет. Ал андан ары карай жүрүп олтуруп, бир шаардын базарына барса,бир бала:
-Төрт төөнүн жүгү,-деп бир үкөктү арабага салып жүрөт. Бала баягы үкөктү сатып алып ачса, бир сулуу кыз олтурат.
Ал сулуу кыз баягы баланын башынан өткөргөндөрүнүн баарын сурап, жазып алат.
Кербенчилер менен четке чыкканда, алар:
-Сен эмне алдың?-деп сурашат.
Бала кызды көрсөтөт. Кызды көргөндө, алардын арасында талаш болуп, баланы үкөккө салып, сууга агызып жиберишет. Бала агып бара жаткан жеринен бир абышка кармап, үкөктү ачса - бала, аны бала кылып алат.
Кербенчилер кызды талашып олтуруп, ханга барышат. Ханга барышса, кыз баягы жазып алган кагазын ханга берет. Хан байкап, эки жасоолчу жана кербенчилерди жонунан кайыш тилдирип, дарга астырып өлтүрүп, баланы издетип, кызга таптырып берет.

Ой-пикирлер