Кирүү

Дуңган атчандар полку

Дуңган атчандар полку Түркстан Республиканын 1920-жылы 8-февралдагы токтому боюнча Орто Азиядагы ак гвардиячыларга жана басмачыларга каршы түзүлгөн. Верный жана Пишпек уезддеринен куралган полктун кол башчысы революционер Магазы Масанчи болгон. 1921-жылы Фергана өрөөнүндө Максум, Халбут корбашылардын, Кагар молдонун бандаларын талкалаган, Уратөбө районун басмачылардан 3 ай коргогон. 1923- ж. басмачылардын негизги күчтөрү талкалангандан кийин таркатылган.

Ой-пикирлер