Кирүү

Чалагыз

Уккандын кумарын кандырган, жүрөк отун жандырган кыргыз күүлөрүнүн атасы Муратаалы, Кара-Молдонун, Ыбырайдын, Токтогулдун, ак тандай ырчылар Калык, Осмонкул ж.б. өнөрлөрүн уланткан улуу муундагы шайырлардын бири — Иманкул уулу Чалагыз эле.

Болочоктогу шайырдын атасы Иманкул колунан кушу, жонунан мылтыгы түшпөгөн чоң мүнүшкөр жана көзгө атар мерген болгон. Ал алтымышка аяк басканда зар какшап жүрүп, эркек баланын үнүн угат.

"Мен төрөлгөндө — деген, Чалагыз — ошол кездеги салт боюнча азан чакырган Молдо менин атымды Абдылда деп коёт, жерге түшөөрүм менен энем эркек эмес, кыз экен деп ырымдап, кулагымды көзөп, иймек тагып, "Чалагызым, Чалагызым" —деп жүрүп, Абдылда атым айтылбай Чалагыз атка конуп кеткен экемин.

— Ата-энемдин, айылдагы карыялардын айтуусуна караганда, 1889-жылы койдун күзгү кыркынында Ысыккөлдүн Чырпыкты деген жеринде төрөлүпмүн. Мен үчкө чыккан кезимде бир болуш эл эки болушка бөлүнүп, жер которулуш болот. Ошондо биздин эл Чырпыктыдан көчүп азыркы Корумдуга (Сөгөттүгө) келип, отурукташып калышат".

Чалагыз жерден боорун көтөрүп, ат жалын тартып мингенден "ата көргөн ок куят, эне көргөн тон бычат" дегендей, ата кесиби — мергенчиликке, мүнүшкөрчүлүккө кызыгат. Күйкө багып, бутуна узун боолап эргүү тагат. Атасы бүркүт, ителги, ылаачындарга томого тиккенди, мээлей жасаганды, ар бир куштун айырмачылыгын айтып, аларды кандайча таптоонун, салуунун жолжобосун үйрөтөт. Ошону менен ал атасынын аркасы жана өзүнүн тырышчаактыгы менен медреседен 5 жыл окуп, сабатсыздыгын жоёт. Ошентип, анын. колу кат таанып, китеп окуйт. Ошондо да, кыргыз элинин сыймыгында, жыргалын да, кайгысын да кайталанбас, махабатын да күүгө салган комузга өткөрө берилет. Комуздун шаңдуу үнүн кулагы чалса бою балкыл, эт жүрөгү эзилет.

Жаш баланын жалындаган шыгын, сергек сезимин, жайлоону бирге жайлашкан, кыштоону бирге кышташкан, бир өзөндөн суу ичишкен, бир булактан жүз жуушкан комузчу Шамыркандын уулу Каптагай ойготот. Чакем Каптагайдын кол ойното маштап черткен канаттуу күүлөрүн укканда:

Каптагай комуз чертсе чуркап жетем, Ойлоймун: менда ушундай болор бекем. Комузун чертип турса кол ойнотуп, Тим эле токтоно албай бийлеп кетем —

деп, Каптагайдын залкар күүлөрүн бой көшүлгө угууга кызыгып, комузчу болсом дегенде ак эткенден так этет.

Өз айылынын шайыры Каптагай кайда барса, Чакем да анын артынан калбай кошо ээрчип, өнөрүн толук бойдон алып калууга ашыгат. Ал үлбүрөгөн назиктиктин кереметтүү дүйнөсүнө таштаган алгачкы кадамы менен ойку-кайкы күү черткен мезгилин:

Эң мурун күү үйрөндүм Каптагайдан, Комузду тез үйрөнүп кетмек кайдан. Үйрөнүп, күүгө колум машыкканча Арадан жылдар сызып, ай өттү айдан, Эл күүсү "Камбаркандан" баштап чертип, Кол көнбөй кээ кайруусун таштап черттим,—

дейт да, кийин гана:

"Он сегиз, он тогузга келгенимде, Колумду комузума маштап черттим" —

деп, эскерет. Айрыкча, Чакемди комузда колду маштап чертүүгө машыктырууда белгилүү Каптагайга удаалаш чыккан улуу комузчу укмуштуу устат Кара-Молдо Токтомамбет зор көмөк этет.

Жанаша айлыбыз бир Кара-Молдо Комузду сайратабыз алып колго, Бир туруп, бирге жатып, кийин мени, Узатып Кара-Молдо салды жолго —

деп ырдагандай улам Чакеми сүрөөгө алып, аны комузчулуктун даңгыр жолуна салган атактуу Кара-Молдо болот. Кара-Молдо, Каптагай, Чалагыздын черткен күүлөрү айылдашы Орозакунга да оошот. Бир айылдан чыккан төрт бала бат эле айыл апага белгилүү боло баштайт. Алар кызоюндары менен тойлордун көркү, жаштардын жан шеригинен болушат. Жаш шайырлардын:

Кара-Молдо, Каптагай, Орозакун, Чалагыз, Бул төртөөбүз баш кошсок, Ойлоп акыл табабыз. Комуз чертип бир-бирден, Кол ойнотуп чалабыз. Анча-мынча ырчыны, Ортобузга алабыз. Ортобузга алган соң Оозуна пияз салабыз — деген тамашалуу ырлары эл арасына кеңири таралат.

Таланттуу жаш комузчу алгач угуучуларга "Шыңгырама", "Камбаркан", "Кербез" өндүү күүлөрдүн чебер аткаруучусу катары таанылат. Ал мындай булбул таңшык күүлөрдү чертүү менен бирге күйгөн, секетбай шекилдүү ырларды обон созуп ырдайт. Ал турсун казак, кыргыз элдерине ортоктош "Кыз Дарыйка" деген кенже Эпосту да комуздун коштоосунда айтат. "Көрө-көрө көзөл, сүйлөй-сүйлөй чечен болот" дегендей Чалагыз да күн өткөн сайын күүдөн-күүнү черте колу комузга төшөлөт. Ыр менен күүгө суусуну канбай декилдеп жүргөндө айтылуу чоң жомокчу, Көл өрөөнүнө дайындуу, манасчы Дыйканбай менен кадимки ооз комузчу Бурулча байбичеге жолугат. Алардын биринен "Манастын" үзүндүлөрүн, экинчисинен темир комуздун кубулжуган мукам күүлөрүн угуп, таалимденип, шыгынын дагы жалындап өсүшүнө көмөк алат.

Убакыт улам алга жылган сайын Чакемдин ырга, күүгө болгон куштарлануусу артып, мукам күүлөр, обондуу ырлар түн түшүнөн, күндүзү эсинен кетпейт. Ушинтип, комуздан башка эч нерсе оюна келбей, аспабын башына жаздап уктап жүргөн кезинде атактуу Муратаалыга, өздоорунун залкар кыякчысы Байганга жолугат. Муратаалы алгачкы жолугушууда эле Чалагыздын шыктуулугун байкап, эркелетип маңдайынан сылап, комуздун кулагын "Камбарканга" мындай, башка күүлөргө тигиндей толгойт" —деп, көрсөтүп, күү үйрөтө баштайт. Анткен сайын Чакем да залкар музыканттын артынан калбай түн уйкудан безип жүрүп, анын кайталангыс өнөрүнөн таалим алат. Ал кезди кийин комузчу:

Эл черткен эски күүдөн көп үйрөткөн, Комузга булбулдан так тил сүйлөткөн, "Такмаза" жана башка далай күүнү, Чертип жүр менин күүм деп үйрөткөн —

деп, Муратаалы да комузчулук өнөргө маштаганын айтат. Дилгирлик отунда жалындаган Чалагыз устатынын "Чоң кербез", "Кара өзгөй", "Мас күйөө", "Үч-Коо", "Туңгуч Камбаркан", "Ботой", "Кең күңгөй", Муратаалынын "Шыңгырамасы" деген ж.б. күүлөрүн үйрөнөт. Андай аткарууга татаал, кайрыкка бай залкар күүлөрдү аткаруучулук шыгынын жетишинче ар биринин маанисин ачып, музыкалык көркөм каражаттарын байытып чертет. Бул чыгармалар анын аткаруучулук шыгын жетилтет.

Айданай, жылдан жыл өткөн сайын Чакем аспабын колунан түшүрбөй жүрүп, ондогон элдик ар түрдүү мазмундагы, түркүн музыкалык мүнөздөгү, стилдеги классикалык күүлөрдү үйрөнүп, репертуарын байытат. Ал турсун казак домбырасын да чертет. Калк күүлөрүн чертүү менен бирге, жамактатып ыр да ырдайт.

1916-жылы эл арасына бүлүк түшүп, кыргыз жергесинде чоң үркүн башталат. Туулуп өскөн жер суу менен кош айтышып, күйүттүн жалынына чалдыгып, көздүн жашын буурчактай тамчылатып, жөө жаландап,

Ата конуш жер кайда, Айланайын көлүм ай, Азапты жаман көрдүк ай! Атадан бала адашып, Арабелде, өлдүк ай! Кемегедей жер чукуп, Кепини жок көмдүк ай! Ат ордуна куу таяк, Жөө басканга көндүк ай! —

деп, Чакем арманын айтып, өз Элин ээрчип, Ысыккөл менен коштошуп, Текеске жөнөйт. Бөлөк эл, бөтөн жерде Чакем да айылдаштары менен тартпаган азаптарды тартып, көрбөгөндү көрүп, оор турмушту башынан өткөрөт. Ошентип, зар какшап жүргөндө, кыргыз жергесинде Улуу Октябрдын таңы атат.

Кылымдан кылымга катаал замандын торунда эзилип келген элибиздин колуна эркиндик, теңдик тийип, жерибизге бактылуу заман орнойт. Мындай акыйкатчыл доордун Ата журтубузга да, орногонун Кытай жеринде аягынан, башысалан болуп жүргөн кыргыздарга да чагылгандан тез тарайт. Алар киндик кесип, кир жууган жерине жетүүгө ашыгат. Ошентип, Кытайга үркүп барган кыргыздар мекенине кайрадан жол тартышат. Чакем да өз элинин атынан:

Үмүт үзбөй суундан, Бир жутууга талапкер, Калгандырсың сагынып, Мойнума курум салынып, Олда кагылайын Ысыккөл! — деп, ырдап, өсүп-өнгөн айылы Сөгөттүгө келет. Элибиздин жаңы заманга жеткенин өз көзү менен көрүп, көңүлү тынып, кубанычтын кучагына батат. Ата журтуна келгендин алгачкы күнүнөн тартып, Артеменко, Шурупов, Канат, Шааке, Орозакун өндүү орус жана кыргыз жигиттери менен бирге жаңы доорду курууга аттанат. Ал өзгөчө, совет өкмөттүн жек көргөн байманаптарды, басмачыларды эл арасынан тазалоодо көп эмгек сиңирет. 1922-жылдан 1933-жылга чейин ал өзүнүн туулуп өскөн айылында жана Темир Молдо негиздеген Темировка кыштагында айылдык кеңештин мүчөсү, катчысы, волостук аткаруу комитетинин текшерүү комиссиясынын башчысы, КомсомолБулан сөгөттү колхозунун биринчи башкармасы, комотряддын начальниги, Темировка сепьпосунун башкармасы болуп ишейт. Бирок, ал кайсы гана иште иштебесин колунан комузун, оозунан ырын түшүрбөйт. Чакем ошол учурдагы айыл активдеринин эң билимдүүсү жана зээндүүсү болгон. Ал элдерди жаңы заманды курууга чакыруу менен бирге Ала-Тоодой бийик улуу достукка да үндөгөн. Ал ошол кездеги кыргыздардын ичинен биринчилерден:

Байбичем сары чийкип, Нурийпа аттуу Жаркылдап сүйлөп турса тили таттуу Улуу журт төркүнтөсү орус Эли, Ар типди жаза бипет маапыматтуу, Туйгундан жарапгандай жүзү аппак, Кыргызча буруусу жок сүйлөйт таптак, —деп, ырга кошкондой, орус кызын апат.

1933-жылы Кара-Молдо атайын Фрунзеден айылга барып: "Чалагыз жүр, сени да чакырып атат. Ырчы, комузчуларды өкмөт топтоп жатат, сен радиого күү чертесиң, бир тамда олтуруп чертсең бүткүл кыргыз эли угат экен. Укмуш, жүр бачым, атайы сага келдим. Мына, чакырык кагазы" — деп, Чакеми Фрунзеге алып келет. Кара-Молдо айткандай эле ал алгачкы эки жылда радио түйүнүндө иштейт. Кийин 1934-жылы Кыргыз драма театрына которулат. Ал өзүнүн залкар окутуучуларынын бири — Муратаалы менен кайрадан жолугат. Элибизге даңкы таш жарган алтын жаак, жез тандай ырчылар Калык, Осмонкул, эл куудулу Шаршен ж.б. менен таанышат. Алардын магниттей тарткан өнөрлөрүн угуп, эл аралап, жер кыдырып концерт берет. Залкар өнөрпоздордон таалим алат. Калк арасынан ар түрдүү ырлар, күүлөр менен таанышып, көңүлүнө жаккандарын өздүк репертуарына кабыл алат.

1936-жылы Кыргызстан Мамлекеттик филармониясы уюшулат. Чакем да башка атактуу шайырлар менен бирге театрдан филармонияга которулат. Жаңы коллективге ак карлуу Нарындан Актан, Асанаалы, Муса, Калмурат, Жумамүдүн, түштүктөн Сайид, Дилдабай, Байыш, Көгүлтүр көлдөн манасчы Саякбай, комузчу Ыбырай, сары өзөндүү кең Чүйдөн темир комузчу, гармончу (кыякчы) Адамкапый, ырчылар: Ысмайыл, Токтонаалы, Таластан Токтогулдун окуучулары төкмө Алымкул, комузду булбулдай сайраткан Атай, Шекербек ж.б. шайырлар чакыртылат. Деги, атагы элибизге кеңири жайылган шайырлардын бардыгы кары, жашына карабай филармонияга алынат. Орустун белгилүү дирижеру жана композитору П. Ф. Шубин Эл аспаптарынан оркестр уюштурат. Анын негизги өзөгүн атактуу музыканттар түзөт. Аларга Шубин музыкалык сабаттан сабак берет. Чакем да оркестрде комуз алат та ойнойт. Ошону менен бирге комузда жекече да күү чертип, угуучулардын жарпын жазат. Күндөнкүнүгө Чакемин шыгы артып, замандаштары менен бирге элдин эрмеги, Жаңы замандын жарчысы болот.

Атагы алыска тараган шайырлар менен тизе кагыша отурушул, иштеши, нота таанып, музыкалык сабатты үйрөнүшү, эл аралап концерт бериши көрүнүктүү комузчунун чыгармачылык шыгынын өсүшүнө зор таасир этет. Ал көп сырдуу залкар кайрыктарына турмушту камтыган нукура Элдик күүлөрдү чертүү менен бирге, өз алдынча да күү чыгарууга умтулат.

Чакемин алгачкы чыгармаларынын бири — "Чыңтолгоо" — аттуу күү. Ал жалпы түзүпүшү, ыргагы жана комузда чертилиши (ойнолу­шу) жагынан Элдик салт күүлөр "Кер толгоо", "Сур топгоо", "Жаа толгоолор" менен үндөшөт. Бирок да, ал чыгармадан комузчунун, өзүнө гана тиешелүү чыгармачыпык жүзүн даана байкайбыз. Күү жай жүрүштө башталып, бара-бара Элкиндете чертилген ылдамдыкка өтөт. Башкы музыкалык темасы чыңалган кульминациялык чекке жетип, негизги обонду кайтакайта кайтапайт. Анда аспаптын кылдарынын чыңала күүлөнүшү сыпатталган.

Адамдарды акыл-эстүүлүккө, зээндүүлүккө, адептүүлүккө үгүттөп, улууну урматтап, кичүүнү сыйлоого чакырган күүсү "Өрнөк" деп аталат. Автордун көөлбүгөн кайрыктарга бай күүсүндө жаштардын эмгекте да, үй-бүлөдө да, коомдо да өрнөктүү, үлгүлүү болууга чакырган насааттоо кайрыктары өкүм сүрөт.

Комузчу заманабыз улам өркүндөп өскөн сайын ага кубанып, анын чар тарабына түгөл көз чаптырат. Аларды залкар күүлөрүнүн терең кайрыктарында мазмундуу камтыйт. Айрыкча, элибиздин эркин турмушун, шаттыгын, улуу жетиштерин, албан эмгегин "Эркин күү", "Жеңиш Камбаркан", "Элкиндүү шыңгырама", "Шаттык", "Кубаныч" аттуу күүлөрүндө сүрөттөйт. "Атына жараш заты" дегендей автордун аталган ар бир күүсүндө жаңы турмуш ар тараптуу көркөмдүктө, мазмунда ажарлуу сыпатталат. Бул чыгармалардын өзөгүндө жайдарлык, шайырдык, салтанаттуулук, басымдуулук кылат. Ал эми бактылуу замандагы кыздарыбыздын келишимдүү келбетин, үлпүлдөгөн назик кыялын "Кыз кыял" деген күүсүндө баяндаса, атыр жыттуу жаркыраган жаздын сулуулугун "Келгин жаз" деген күүсүндө кубулжутат.

Күүдө ар бир жаздын келиши адамдарга бактаалай алып келери, жаратыпыш көктөп, жанжаныбарлар жапырт ырахатка батары сыпатталат. Чыгармада жаркындуулук, суктануучулук өкүм сүрөт. Чакем улуу комузчулардай эле "Камбаркан", "Шыңгырама", "Ботой" өңдүү салт күүлөрдүн нугунда "Элкиндүү шыңгырама", "Жеңиш Камбаркан", "Шаңдуу ботой" аттуу өзүнүн жаңы салт күүлөрүндө чыгарат. Булар ойлорунун жаңылыгы, мукамдуулугу, музыкаларынын ар түрдүүлүгү менен айырмаланат.

Комузчу ар кандай маңыздагы ондогон күүлөрдү чыгаруу менен бирге, ар түрдүү мазмундагы аткарууга оор залкар күүлөрдүн чебераткаруучусу жана жайылтуучусу катары да көпчүлүк учурларга таанылат. Ал муунданмуунга комузчуданкомузчуга салт катары өтүп, калк музыкасынын казнасына айпанган классикалык күүлөрдү өтө устаттык менен угуучулардын жүрөктөрүнө жеткире аткарат. Өзгөчө, ап элдик "Жаа толгоо", "Кер толгоо", "Жайкама", "Кара өзгөй", "Туңгуч Камбаркан" "Алым сабак", "Салтанат" деген ж.б. чыгармаларды дагы бүтүндөй кумарлануу менен чертет. Ошентип, ал классик музыканттар Муратаалы, Кара-Молдонун комуз музыкасындагы улуу традицияларын улантуучусу, өнүктүрүүчүсү, мурасчысынан болот. Көрүнүктүү комузчу өзүнүн жана элдик күүлөрдү чертүү менен устаттары Муратаалы, Кара-Молдонун жана курбалдашы Ыбырайдын да ондогон татаал кайрыктардагы күүлөрүн таалимдүү аткарат.

Өзгөчө Муратаалынын "Чоң кербез", "Такмаза", "Жаш кербез", Кара-Молдонун "Сынган бугу", "Ибарат", "Терме камбаркан", "Насыйкат", "Көкөйкести", Ыбырайдын "Жаш тилек", "Кеңеш", "Жыргал күн" деген күүлөрүн да ийине жеткире, маанилерин ача чертет. Аларды ал Муратаалы, Кара-Молдо, Ыбырайлар өздөрү чертип жаткандай ой туудура, тула боюңду балкыта, кумарынды жаза аткаруучу. Аталган күүлөрдү Чакең да бүткүл жан дүйнөсү менен сүйүп, өзгөчө шыктануу, толкундоо менен аткарган. Чакем баш-аягы жүзгө жакын ар кандай мазмундагы, түркүн жүрүштөгү, түрдүү стилдеги залкар күүлөрдү чертүүчү. Алардын арасында залкар, айтым күүлөрдүн эң башкы уюткусун түзгөн жана алардын жаралышына эң негизги данек толгон "Карагай булак чоң Аксуу", "Кайгылуу Какей", "Кереге жайдым чий калап", "Секетбай", "Орозакундун обону" деген обон күүлөр да бар. Буларды дагы ал өткөрө жактырып, өзгөчө берилүү, изденүү менен черткен.

Чакем кыргыздан башка комузчуларынан өзүнчө айырмаланган аткаруучулук ыкмаларга, штрихтерге бай, өзүнчө тили, стили бар комузчу эле. Ал күүлөрдү кол ойнотпостон ойлуу, сабырлуу чертет, өзү чыгарган күүлөрүн негизинен чукулчукул кайрып, терип, чымчылап кээде шартылдатып (оң колдун бардык манжаларын катышуусу менен) чертүү ыкмаларын пайдаланган. Чакемдин комуз чертүүдө, күүлөрдү аткарууда өзүнчө өзгөчөлүгү болсо да, анда Муратаалы менен Кара-Молдонун аткаруучулук устаттыгы күчтүү өнүккөн. Чалагыз да күүлөрдү безеленте тилге киргизе баскан сол колунун чыпалагы жок эле. Ошондуктан, ал кылдарды ортону менен басчу. Балким, Чакемин кээ бир күүлөрүнүн кайрыктары таптак кайрылбай, бүдөмүктөнө түшкөнү да ошондондур. Ошондой болсо да ал залкар күүлөрдү калыбынан жандырбай, так мукамдуу аткаруучу.

Белгилүү музыкант булбул таңшык күүлөрдү чертүү менен өрүктү кайыштай тилип, түркүн түр салып комузду келиштире чапкан айтылуу уста да болгон. Ал байыркы аспапты чабуу өнөрүн айылдашы Абдраң менен Акмолдодон үйрөнгөн. Чакем комузду колго урунган карагай, арча, өрүктөн чаба бербестен, алардын эң үндүүлөрүнөн, чеченинен, бекеминен чапкан. Эл "Чалагыз комуз чабууга жарактуу жыгачты караңгыда да жытынан эле билет",— деп айтышкан.

1936-жылы Чакем чапкан комуздардын үлгүсүндө, Кара-Молдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин комуз түркүмдөрү (топтору) өркүндөтүлөт. Анын колунан чабылган комуздарды Муратаалы, Кара-Молдо, Ыбырай, Атай, Шаршен, Калык, Алымкул, Осмонкул ж.б. өмүр бою чертишкен. Ал аспаптар шайырлардын ырынаыр, күүсүнөкүү кошкон. Бир сөз менен айтканда, Кыргыз филармониясынын артистеринин дээрлик бардыгы Чакем чапкан комуздарды чертишкен.

Өткөн 20 кылымда Бишкектеги театралдык коомдун алдындагы жана "Кыял" бирикмесинин устаканаларында чабылып, дүкөндөрдө сатылып жаткан комуздардын да автору Чакем эле. Айтылуу устанын чапкан комуздарынын шаңдуу дооштору жалаң гана көп улуттуу КМШ өлкөлөрүнүн аймагында таңшыбастан, Индияда, Кытайда, Францияда, Монголияда, Польшада, Чехословакияда да таңшыйт.

Көрүнүктүү комузчу залкар күүлөрдү чертүү менен канаттуу ырларды жазган жазгыч акын да болгон. Ал ыр чыгарууну, жазууну комузга илеше баштаганда эле киришкен. Анын алгачкы чыгармаларынын көбү кошок, арман, коштошуу, учурашуу, амандашуу, күйгөн, секетбай ж.б. түрүндөгү ырлар болгон. Акындын колу кат тааныса да, ырларын өз учурунда кагаз бетине түшүргөн эмес. Ошондуктан, алардын көбү сакталбай, айрымдары гана акындын эсинде калган. Алгачкы чыгармачылыгына мындай салкын мамиле кылганын "комузчулук, өзгөчө мүлүшкөрчүлүк жакка көп ооганымдан болсо керек" —дейт. Анткени, Чакем бул эки өнөргө көбүрөөк куштарланып, ыр жазууга анча кызыкпай, кааласа жазып, каалабаса жазбай келген.

Качан гана Октябрдын таңы атып, Чакем атактуу шайырлардын тобуна кошулгандан анын акындык шыгы кайрадан тутанат. Анын шыгынын жанышына айрыкча маркум Райкан Шүкүрбеков менен Калык Акыев көмөкчү болушат. Чакем өзгөчө Райкандан көп таасирленет. 1935—36-жылдары — деген Чакем — бүткүл атактуу шайырларга кошулуп мен да сабатсыздыгымды жоюш үчүн Райкандан окуп калдым. Бир күнү кезектеги сабагыбызды окуп бүткөндөн кийин маалимибиз Райкан: — "Аксакалдар элиңерде жүргөндө кандай өнөрүңөр бар эле" — деп, ар кимибизден сурап калды. Мен жаштык жөнүндө ыр чыгарганымды, комуз чертип, куш салганымды айттым. Ошондо Райкандын суроосу боюнча мен:

Карагай булак чоң Аксуу, Көлдө сүзөт көп Аккуу. Ошону алган шумкарга, Сыйлыкка берсем, Кызылтуу Бостериде Жаланбай, Болжошкон жерден табалбай, Көйкалка кетсең жетермин, Молдокең учкул жагалмай,—

деген кичинкей ырымды айтып бердим. Мына ошондон кийин эле "сен акынсың Чалагыз аке, өзүндүн ким экендигиңди билбей жүргөн окшойсуң, ыр жаз" —деп, тынчымды кетире берди.

"Акыл оошот" дегендей, Райкандын айткан акылы мага көмөкчү болуп, берген кеңешинин аркасында акын деген атакка ээ болдум".

Ошентип, Чакем Райкандын сүрөөсү менен 1936-жылдан баштап ыр жазууга киришет. 40-жылдардан тартып, ал элге жалаң эле комузчу, мүлүшкөр эмес, акын катары да белгилүү боло баштайт. Ал өзүнүн алгачкы ырларында, туулуп өскөн кең мекениндеги жаңы замандын сонун кереметтүүлүгүн, анын нуру астында жаралган улуу өсүштөрдү, албан эмгектерди даңазалайт. Акын күчүбүзгө — күч кошуп, элибизди алга сүрөп, дайыма Ааламда тынчтыкка чакырган нур замандын упуктугун жана ап дүйнө жүзүндөгү бирден-бир адилеттүү доор экенин "Нур заман" аттуу ырында жар сапат.

Кыргыз акындарынын (ырчыларынын) арасында күчтүү өнүккөн куттуктап ырдоо үлгүсү менен акын өпкөбүз мурда болуп көрбөгөндөй өсүштөргө жетишкенин "Октябрдын 25-жылдыгы", "Кыргызстандын он беш жылдыгы" аттуу ырпарында баяндайт. Ап эми ак эмгеги менен мекенди көрккө бөлөгөн азаматтардын эрдиктерин "Чоң канал", "Биздин максат", "Касиеттүү ай" деген чыгармалары да өзү черткен комуз күүлөрүндөй мазмундуу. Ап аталган ырларынан башка да мекенди, партияны, эмгекти сүйүүгө, достукка, тынчтыкка үгүттөө ырларын жазат. Атамекенди, Элжерди немецтик басып алуучулардан коргоого, душман менен кашык кан калгыча салгылашууга чакырган ырлардын түрмөктөрүн да жазат. Ал кыргыз уландарынын кажыбас кайраттуулугун, болоттой өткүрдүгүн, эрдигин "Кыраандарга", "КызылАскер", "Эр, Панфилов" деген ырларында эң таасирдүү жана чебер даңазалайт. Чакем Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ырларды жазуу менен "Кызыл атчандар" деген жоокерлерди эрдикке, жеңишке чакырган күүнү, ал эми жергебизге жеңиштин туусу илингенде "Жеңиш Камбаркан" аттуу күүсүн чыгарат.

Карыя акындын туңгуч ырлар жыйнагы, 1955-жылы "Мур заман" деген ат менен басмадан жарык көрөт. Ага автордун ар кыл мезгилде жазылган, ар түрдүү мазмундагы ырлары кирген.

Адатта ар бир акындын, жазуучунун абдан берилип сүйгон жана канча жазса да бүтпөгөн темасы болот эмеспи. Чакемдин да ошондой темасы болгон. Алсак, анын жүрөгүн толкутуп, жан шеригине айланган сүйүктүү темасы — мүнүшкөрчүлүк менен комузчулук. Белгипүү акын бул эки өнөр менен кичинекей чагынан эле достошкон. Ап атадан балага өткөн өнөрдү кесип кылуу менен алардагы кылымдар бою катылып келген сырларды ыр берметтери аркылуу элге тартуулаган.

Көрүнүктүү комузчу — акын күү чертип, ыр жазуу менен кыраан канаттууларды таптап, түрдүү айбанаттарды алдырган айлакер мүнүшкөр да эле. Ал күйкө, жагалмай, кыргый, турумтай, чүйлүдөн тартып, асман мелжиген зоокаларды мекендеген бүркүт, туйгун, тунжур, ителги, шумкар, гынар, ылаачын, куу кумпай, муз мурут, байчегир, молор, кыл сыргак, көк камчы ж. б. кыраан канаттуулардын "тилин" билип, сырын түшүнгөн. Мына ошол алгыр куштардын кыраандыгын жана көзгө атар мергендердин эрдиктерин "Бүркүтчүлөр", "Мергенчилер" деген көлөмдүү ырларында баяндайт. Акын "Бүркүтчүлөр" аттуу ырында атактуу мүнүшкөр Сыдыктын жумурткадан жаңыдан көз жарган бүркүттүн кызыл эт балапанын бөпөлөп, табына келтире таптап, жайкы кара жамгырда тумшугун ташка бүлөтүп, карышкыр, каман, аркар, кулжа алдырганын эң элестүү жана эң кызыктуу сүрөттөйт. Акын канаттуулардын алпынын кыраандыгын, алгырдыгын айтуу менен анын балбандыгын, эркиндигин нагыз акындык шык, зор чеберчилик менен баяндайт. Алсак, ай астынан канат каккан бүркүттүн көзүнүн көрөгөчтүгүн:

Алыскы жерди артмакка, Асманга чыгат көкөлпөп, Көрүнүп турат көзүнө, Жердеги учкан көпөпөк —

деп, элестүү, көркөм сүрөттөйт.

Акындын "Бүркүтчүлөр" аттуу көлөмдүү ырында, Элибиздин эң байыртан сүйгөн өнөрпөрүнүн бири — мүнүшкөрчүлүктүн алиге чейин көркөм адабиятыбызда айтылбай көмүскөдө катылып келген терең сырпарын ачат. Баарыдан да, канаттуулардын аппы бүркүттүн тилин билип, түшүн жоруган Сыдыктын чебер мүнүшкөрчүлүгүн ушунчалык ишенимдүү, ушунчалык кызыктуу окуялар менен көз алдыңа тартат.

Автордун кыргыз аңчыларынын кызыктуу турмушун камтыган дагы бир көлөмдүү чыгармасы "Мергенчилер" деп аталат. Акын ал чыгармасында торпу-торпу тоо ашып, топчубаш менен тобурчакты жара аткан көзгө атар мергенчилердин аң-улоодогу кызыктуу жоруктарына, тапкан олжолорун ортого салып, отту алоолонто жагып кумар кандырганын, аюу менен кармашкан эр жүрөк мергенчилердин эрдиктерин ыр кайрыктарында эң элестүү көрсөтөт. Бир сөз менен айтканда, акын бул ыры аркылуу кыргыз мергенчилеринин турмушун бир кыйла кененирээк чагылтууга жетишкен. Акындын аңчылыкка арналган ырларын улам арылап окуган сайын, мүнүшкөрчүлүк менен мергенчиликтин мурда кулагыңугуп, көзүң көрбөгөн жаңы сырлары менен таанышасың. Алардагы баяндалган окуялардын кызыктыгына, ар түрдүүлүгүнө берилип отуруп чыгарманын кандай бүтүп калганын да сезбейсиң.

Көрүнүктүү акын түркүн темадагы, көркөм формадагы ырларды жазуу менен бирге, элибиздин улуу, белгилүү акындары Токтогул, Тоголок Молдо, Калык, Барпы, Осмонкулдар жаратышкан санатнасыят ырлардын да кооз үлгүлөрүн жазууну улантат. Акын адамдарды ак ниеттүүлүккө, адилеттүүлүккө, достукка, акылмандуулукка, боорукерликке, эли, жерин сүйүүгө, ушак айтып, ууру кылбоого, эмгек этип, мекенди гүлдөтүүгө чакырган тунук философиялык ойлорго бай насыяттарды да жазган. Акындын санаттары менен насыяттары, сапаты, жазылыш манерасы, көркөмдүгү, ойлорунун тереңдиги жагынан жогоруда аталган улуу акындардын санаттары менен салмакташат. Акын өлкөбүздөгү Ааламды тандаткан улуу өсүштөрдү, албан эмгектерди "Заманам", "Куттуктаймын", "Сары өзөн Чүй", "Шайлайбыз", "Кызылшарк", Каракумга", "Туу түбүндө" аттуу ырларында даңазалайт. Ал эми бейкутчулуктун бешигинде алдейпенген жаштардын тунук махабаттарын "Сулуу" деген ырында сүрөттөсө, жатып ичер жалкоону жана ак эмгеги менен элинен алкыш алган күжүрмөндү "Элкиндүү менен жалкоо" деген айтыш ырында баяндайт. Белгилүү акындын "Замандашым, комузум" аттуу көлөмдүү эскерме ыры да көпчүлүктүн сүйгөн чыгармаларынын биринен болот. Акын ал ырында өзү менен бирге өсүп, бирге иштешкен алп музыканттарыбыздын кереметтүү өнөрлөрүн, адамгерчиликтүү мүнөздөрүн, кыялжоруктарын, элдин аларга болгон сүйүүлөрүн ыр берметтери менен даңазалайт. Өзүнүн окутуучуларынын бири болгон Муратаалынын түркүн өнөргө шыктуулугуна:

Өнөрпоз Муратаалы карыя эле, Өнөрү өлкөбүзгө жарыя эле, Домбыра, комуз менен дагы кыяк, Күүгө бай түбү терең дарыя эле — дейт.

Ушундай эле акын Кара-Молдо, Муса, Атай, Шаршен, Алымкул, Осмонкул ж.б. шайырлардын ар биринин адамдык сапаттарын, ырчылык, комузчулук чеберчиликтерин сыпаттайт. Акындын "Замандашым, комузум" аттуу эскерүү ырын окуганында, элдик музыкабыздын улуу шайырлары менен бирге отуруп баардашкандай, алардын укмуштуу сонун өнөрлөрү менен сырдашкандай кыялга батасың.

Көрүнүктүү акын күү чертип, ыр жазуу менен бирге өзүнүн чыгармачылык күчүн кара сөздө (прозада) да сыналган. Ал келечектин ээлери жаш жеткинчектер үчүн "Манат" (1957), "Чынтемир" (1961), "Үч кыз" (1965) деген жомок аңгемелерди, повести жазат. Чалагыздын бул чыгармалары да, анын ырларындай эле ар түрдүү ойлорго бай, окууга кызыктуулугу менен айырмаланган.

Автор "Манат" аттуу жомок аңгемесинде кедейдин кызы Манаттын тагдыры, эл үчүн көргөн азап-тозогун, акыры Эшимханды сызга отургузганын, элдик адам болууга берилип умтулганын сүрөттөсө, "Үч кыз" аттуу жомогунда адилеттик, чындык, эмгек даңкталат. Ошону менен бирге, кара ниеттикти, адилетсиздикти сынга алат.

Карыя акындын проза жанры боюнча жазган чыгармаларынын арасынан "Чынтемир" аттуу повести көлөмү жана сапаты жагынан айырмаланат. Автор бул повестинде, бүтүндөй бир кедей айылды кайберендин эти менен баккан, какымдын гүлүн жара аткан айтылуу мергенчи Чынтемирдин эрдиктерин эң кызыктуу окуялар менен сүрөттөйт. Ал эми 1970-ж. чыккан "Өмүр элестери" деген көлөмдүү мемуарында, комузчулук, мүнүшкөрчүлүк кесиптерин жана совет өлкөсүн куруу ишине кандай салым кошкондугун, атактуу шайырлардын чыгармачылыгын, өмүр жолдорун кыйла сонун санжыралайт. Чакем көрүнүктүү комузчу, айтылуу мүнүшкөр катары "Карашкараш", "Жанымбарым, Гүлсары", "Жамыйла", "Комузчулар" ("Дүбүрт"), "Комуз" деген ж.б. көркөм жана даректүү фильмдерге да түшкөн. Ал 1969-жылы Белоруссиядан тартылган көркөм фильмге да бүркүтчү катары тартылган. Чалагыз карыя 1939, 1958-жылдарда Москвада өткөн кыргыз искусствосу менен адабиятынын он күндүктөрүнө комузчулук, мүнүшкөрчүлүк менен катышкан. Чакендин көп жактуу өнөрлөрү да борбордун угуучуларыкөрүүчүлөрү тарабынан жогору бааланып, аларга терең таасирлерди калтырат. Ал филармонияда 1933-жылдан 1956-жылга чейин иштеп, кадырлуу эс алууга чыгат. Ал акын катары СССР жазуучулар Союзунун мүчөлүгүнө да кабыл алынган. Чакем өмүрүнүн акырына чейин колунан комузун, калемин таштаган жок. Өзүнүн улуу устаты Кара-Молдонун эстелигине арнап, "Улуу устатыма" ("Замандашыма") аттуу күүсүн чыгарган. Автор чыгармасында классик музыкант Кара-Молдонун жаркын элесин бирде ойлуу, бирде жоктоо, бирде эстөө мүнөзүндөгү кайрыктарда берген. Күүдө өлүмгө, өмүргө болгон өкүнүчтөр, өксүүлөр менен бирге сабырдуулук, токтоолук да басымдуулук кылат. Автордун жайдары жүрүштөгү аттын басыгын, желгенин эске салган күүсү "Желдирме". Аны Чакем ат минип, колуна куш кондуруп, тайган ээрчитип, аңулоого чыккандагы көңүл ачуусуна арнаган. Ал эми "Жыргал турмуш" аттуу күүсүн токсон жашка чыкканда толкундап, берекелүү бейпил заманыбызга кубанып чыгарган. Күүдө шандуулук менен салтанаттуулук өкүм сүрөт. Айтылуу Чакем 1962-жылы Кыргыз улуттук телерадио корпорациясынын алтын фондусуна элүүдөн ашык ар кандай мазмундагы стилдеги, жүрүштөгү, мүнөздөгү күүлөрдү жаздырган. Алардын арасында элдик аспаптык музыкабызга баалуу салым кошо турган "Мендирман", "Кош жетим", "Сурнай күү", "Өзгөрүш", "Жашыл чок", "Серкебайдын арманы", "Чоң ботой", "Кыз күйөө", Муратаалыны "Үч коодон акырын алып өт", "Кең күңгөй", "Чоң кербез" деген ж.б. классикалык күүлөр бар. Алардын көпчүлүгү да Чакемдин аткаруусунда "Кыргыз музыкасынын антологиясына" киргизилген. Деги, Кыргызстан да Чакем кечпеген кечүү калган элес. Анын көңүл черин жазган күүсүн, алтын колунан жасалган комузун кармап чертпеген, анын мүнүшкөрчүлүк өнөрүнө суктанбаган адамдар арабызда жокко эсе десек жаңылышпайбыз. Өкмөт Чакемин эл алдында сиңирген эмгегин жогору баалап, "Эмгектеги артыкчылык" медалы жана үч жолу Кыргыз Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйлайт. 1969-жылы Чалагызга Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмери деген наам берилет, 1979-жылы коомчулугубуз Чалагыз карыянын туулган күүнүн 90-жылдык юбилейин салтанаттуу белгилешти.

1980-жылдын 22августунда Иманкул уулу Чалагыз дүйнөдөн кайтты. Сөөгү киндик каны тамган Комсомол ("Булансөгөтү") айылына коюлган. Кудай таалам бак айтып, Чакем менен таанышкан күндөн бири-бирибизди жактырып жылдызыбыз жанып, кийин атабаладай болуп кеттик. Баш калаада Чакем менен баш-аягы отуз жылдан ашык бирге жашап, кези келгенде бир чыны чайды бирге ичишип, бир сындырып нанды бөлө жешип жүрдүк. Ак дасторкондун аядында өткөнкеткенден, санжыргалуу санжырадан нечен жолу айтыштык. Бир эле, мезгилде тээ эбаккы телитеңтуштардай тамашалашып анан өткөн жашчылыктанашыкчылыктан баян этишип, черибизди жазышаар элек. Чакем жаратылышынан өзгөчө жаралган адам эле. Ал балага да, жашка да, карыга да жайдары мүнөзү, жаркыраган маанайы, бал татыган ширин сөздөрү, жүзүнөн күлкүнүн нуру төгүлгөн жылдыздуулугу, көзүндү ачыпжумгуча ичи койнуңа кирип кеткен жугумдуулугу, керсейипкекейип бой көтөрбөгөн жупунулугу, качан көрсөң кабагым кашым дебеген жайдарылыгы, ичинде кылындай кири жоктугу, ачык айтып, ак сүйлөгөндүгү, кара кылды как жарган капысчыпдыгы, үзүпүп түшкөн боорукерчипиги менен айырмапанып, өзүм дегенге кара жанын курмандыкка чапуудан кайра тартпаган намыскөй, эрки күчтүү, көздөгөн максатына жеткен, асып сапатка моп, дүйнөгө бир гана кепген инсандын инсаны, болгондо да улуусу эле. "Чечендин көркү кызып тип" дегендей Чакемдин сөздөрүнүн табылгынын чогундай таптуулугу, куюлушмалуулугу, өткүрдүгү, курчтугу аңгеме жомокторунда таасын байкалган. Чакем отуруштарда: "Үч арсыз, беш кайып — булар эмнелер" — деп суроо салып анан <Үч арсыз — уйку арсыз, күлкү арсыз, тамак арсыз, беш кайып — насип кайып, нике кайып, атай кайып, дидаркайып" —деп жообун айтып айланасында отургандарды тамшандыруучу. Чакем ордолуу калкынан кош айтышкандан бери канча убакыт өтсө да, "Айланайындарым" деген сөзү кулагымда жаңырып, жайнаган элеси такай көз алдыма тартылып келет.

Чалагыз

Ой-пикирлер