Чач сатуу жосуну
Чач сатуу жосуну. Төтөн, мусулман өлкөлөрүнүн каада-салтында чач асыроо-ургаачылардын ыйык милдеттеринин бири. Чачын кыр-куу - ырыс-кешигин кыркуу. Зайыптар күнөөгө батса, ушинтчу. Чачын кыркуу аркылуу журт көзүнчө бетин кара кылуучу. Экинчиси -аялдын башына шири терини кийгизүүчү. Шири кеп улам кургаган сайын бети-башты кыскан. Зайып абдан жабыртарткан. Шуркуялар үчүн мындан ашык жаза болбогон. Азыр чач кыркуулар басымдуу. Ал - жосуну жок жоруктан да өткөнү. Эми чачын чорт кыркып сатуу-га кабыл алуучу орундар пайда болууда. Андан чач тарачтар кеп жасайт. Айрымдар өңүн өзгөртүп, хамелеон болуп көрүнүүдө. Арийне, бул мусулман элин, анын ичинде Кыргыз Ата тукумун өзүн-өзү кордоосу экенин сезүүбүз зарыл.
- Төө сойсоң да барбайм
- Конок кирет эшиктен, ырыскы кирет тешиктен
- Кыргыз элинин каада-салттары. Түндүк көтөрүү
- Жаңы тигилген үйгө жүгүнүү
- Кесип куралдары
Ой-пикирлер