Кирүү

Cемейтей. Чынкожонун толтойго көчүп барып кошулганы

Калың кара букара
Капаланып муну айтат:
Ак Сакалдуу карысы,
Жедигердин баарысы,
Букара болуп келиптир
Көкжал Кожо баатырды
Көзүбүз анык көрдү го
Көп шайтандуу капырды.
Баатыр Толтой жоош эле,
Суракты Кожо алат го,
Суурулгус дартка салат го,
Айыл конду Чынкожо
Аман болсо көрөрсүң
Кыйла эсепти табат го,
Кыйла чаңды кагат го.
Жеткилең момун эл элек
Жерге кирген Чынкожо
Жепирип айдап отуруп,
Жеткизе кырып салат го.
Жерге киргир бул элдин
Убалына калат го,
Көрдүңөрбү Кожону
Оркок-соркок кеби бар,
Оймоктой башка күч келсе,
Олуша кетип шалпайып,
Мүнтүп келген чени бар.
Чардап айткан кеби бар,
Чапчышып алып бир эрге
Чарчап келген чени бар.
Каныбыз Толтой кабылан
Өөдүр-сөөдүр жан эле
Ушу Кожонун тилин алат го,
Кордукка салып бул элди
Такыр кырып салат го,
Эңкейген кары, кырчын жаш
Убалына калат го!
Журт айтып муну токтоду,
Бирөөнү бирөө боктоду.
Толтойго барып Чынкожо
Сандыргалуу кан болду,
Салакалуу жан болду,
Эр Толтойдун өзүнөн
Артыгыраак кан болду.
Кожо менен эр Толтой,
Төлөк менен Төлөбай,
Калча менен Кадырбай
Жедигердей бул журттун
Ушул алтоо-жакшысы.
Өрткө чабар бакшысы,
Өөдө кылар жакшысы,
Найзакерден эрени,
Айбалта чабар берени.
Чынкожонун толтойго көчүп барып кошулганы

Ой-пикирлер