Кирүү
Айыл чарба бөлүмү
Агрардык өнөр жай интеграциясы (латынча - толтуруу, калыбына келтирүү, бүтүн) — айыл чарба жана аны менен өз ара байланышы бар тектеш өндүрүш чөйрөлөрүнүн органикалык түрдө кошулушу жана иш жүргүзүшү.
Агрардык өнөр жай бирикмеси айыл чарба продукциясын даярдап, аны кайрадан иштеп чыгуу жана сатуу иштерин камтыган өндүрүштүк-чарбалык комплекс; агрардык өнөр жай комплексин башкаруу системасындагы баштапкы звено.
Агератум — татаал гүлдүүлөр тукумундагы бир жана көп жылдык өсүмдүк уруусу. Кооз чөп жана майда бадал сымал өсүмдүк. Сабагы түз, бутактанган, көңдөй, майда, ак түкчөлүү.
Агалактия — кара желин — желинден сүт чыкпай калышы. Ветеринариялык практикада гипогалактия, башкача айтканда сүт бездеринин функциясынын начарлашынан малдын сүтүнүн азаюусу көп кездешет.
Агава — амариллистер тукумундагы көп жылдык өсүмдүк. Сабагы кыска, жалбырагы калың, чети жоон тикендүү, тамырга жакын өсөт.