Кирүү

Боюнда бар зайып

Боюнда бар зайып күүгүмдө сууга барбаган, мүмкүнчүлүгү болсо түндө эшикке да чыкпаган. Бакшы, бүбүлөргө сыйынуу иштерин колдонгон. Бакшы, бүбүлөргө ичин кармалатып, тол го ырымдарды колдонуп, түштөрүн жорутуу менен азаптанып жүргөн. Боюна бала бүткөнүнө 3 ай болгондо кандайдыр бир тамакка куштар болот, аны жесе талгак (жериги) басылган. Кайсы бир зайыптар бөрү, кийиктердин эттерине талгак болушкан, даңктуу баатырларды жолборстун жүрөгүнө талгак болгондуктарын элдеги карылар айтышат. Боюнда бар зайыптар түрдүү жактардан коркунчулуу болуп жүргөн. Ошол себептүү бүбү, бакшыларга көбүрөөк кайрылып, түрдүү ырымдарды колдонушкан.

Ой-пикирлер