Кирүү

Борбордук Тянь-Шань

Борбордук Тянь-Шань

Борбордук Тянь-Шань Кыргызстандын чыгышында эң бийик кырка тоолор менен тоо арасындагы бийик өрөөндөрдү ээлейт. Анын чеги түндүгүндө тескей Ала-Тоосунун чыгыш бөлүгүнүн кыры, түштүгүндө Какшаал тоо, чыгышында Меридиан кырка тоосу жана батышында Акшыйрак тоо түйүнүнүн суу бөлгүчү Борбордук Тянь-Шандын аймагынын Сарыжаз дарыясынын абалы менен дал келет. Жалпы аянты 12900км.ге барабар. Региондун узундугу Акшыйрактын суу бөлгүчүнөн Меридиан кырка тоосуна чейин 200 км.ге жакын, туурасы 70 км. (Тескей Ала-Тоосунан Какшаал тоонун кырына чейин). Эң бийик жери Жеңиш чокусу (7439м.) ушул эле аймакта белгилүү чоку Кан -Тоо (6995м.) жана 6000 м. ашык бир нече бийик чокулар бар. Эң жапыз жери Сары-Жаз суусу Кыргызстандын аймагынан чыгып бара жаткандагы капчыгайдын таманы (1680м.). Демек, эң бийик жери менен эң жапыз жеринин айырмасы – 5759м орточо бийиктиги 3000м жогору.

Кырка тоолордун негизги багыты чыгыштан батышты карай созулуп, акырындап батыш жагында бири-биринен алыстап, жайыла баштаганы байкалат. Эң кууш жана бийик бөлүгү Жеңиш жана Кан- Тоо чокуларынын тегереги. Мындагы Меридиан кырка тоосунун багыты да, бийиктиги да өзгөчө орунда. Борбордук Тянь-Шанды чектеген Меридиан кырка тоосунун узундугу 32км, орточо бийиктиги 6417м, батыш капталы кар, мөңгүгө бөлөнгөн, ал жерден Кыргызстандын эң ири мөңгүлөрү түштүк жана түндүк Эңилчектер башталат.

Борбордук Тянь-Шандын агын суулары Сары-Жаз дарыясынын системасына кирет. Сары-_Жаз дарыясы суусунун молдуулугу боюнча Кыргызстанда Нарындан кийин 2-орунда турат. Семенов мөңгүсүнөн башталып, Какшаал тоону кескенден кийин республиканын чегинен чыгып кетет. Кытайда Ак-Суунун негизги түзүүчүсү башталышынан чек арага чейинки узундугу 197км., жалпы узундугу 282 км. Ири куймалары: сол жагынан –Эңгилчек, Кайыңды, Кой –Кап, Жаман –Суу, Жаңы-Жер, оң жагынан- Көөлү, Теректи, Үч-Көл, Акшыйрак. Негизинен мөңгү жана кар сууларынан куралат.

Ой-пикирлер