Кирүү

Беш көкүл кыз

Бул бой тартып, болукшуп, өз боюн өзү түзөп, арка чачы алты, жаак чачы сегиз өрүм, тал-тал көрүнүп калган кыз. Жүк маанектейт, узчулукту кармайт. Тестиерлерге үлгү көрсөтөт. Аларды жуМшап, аткарган иштерин теске салып турат. Айлуу түндөрүндөгү кыз оюн-дарына жеңелерин ээрчип барат. Албетте, элдик оюндарга түшөт (ал оюндар кыскача өзүнчө жазылат). Ал үкүлүү кундуз тебетей кий-ет. Тышы кызыл, жашыл, кек болушу ыктымал. Салтыбызда беш кекүлдүн бой турпатына кызыл чыптама, тикжака, кош этек койнек, көгүчкөн төштөнүп, этеги жайылып укмуштай жарашык берет.

Мында беш көкүлдүн мүчөсүн көрсөтүп жатат. Беш көкүлгө ар тараптан жуучу түшөт. Жаш жигиттер кыз көрүүгө келишет. Кыздан кыз тандалат, ар ким өзүнүн ылайыктуусун жактырат. Тестиер кыз чыптама, кейнөк менен топу кийет. Аны "такыя топу" дейбиз. Боз үйдүн түспөлүн элестеткен буга үкү тагылат. Т.а. профессор Х.Ка-расаевдин "Залкар ойлор" аттуу эмгегиндеги айткандары боюнча, бул - кара далы кыз. Анткени, саамайын да, аркасын да майда өрүлгөн калың, узун кара чачы жаап турган, тууган айдай жүзү жар-кып, ургаачылык нуру сыртында ойноктоп турган кыз.

Ой-пикирлер