Кирүү

Барпы Алыкулов. Бурак жан

Топурак-Бел, Шыбак-Бел.
Каттап жүрөм, Бурак жан.
Калың элге жарыя
Мактап жүрөм, Бурак жан.
Белек алдым бир сизге,
Сактап жүрөм, Бурак жан.
Дилдеден оймок белегим,
Сенсиң го менин керегим.
Дал ортоңо жабышкан —
Көк дукаба желегин.
Сууга барсаң көтөрүп,
Арчадан ийген челегиң.
Кызыл манат кыргагың,
Кызыкты, Бурак, ырдадым.
Кыялыңды сындадым,
Көргөндө сизди ырдадым.
Алыста туруп, ак Бурак,
Астыртан колду булгадың.
Базар-Коргон аралап,
Сайга түштүң, Бурак жан.
Паркыңды түзүк билбеген
Жайга түштүң, Бурак жан.
Арпачынын агасы —
Дүдүр кыйра, Бурак жан,
Эсимдесиң, ырдадым
Сени кыйла, Бурак жан.
Алганым сендей болбосо,
Армап дүйнө, Бурак жан.
Элет кыштак Из-Баскан,
Базарыңыз, Бурак жан.
Өттү бизге өзгөчө
Азарыңыз, Бурак жан.
Кош дарбаза коргонуң,
Канакей көңүл койгонуң?
Көңүл үзбөй бир жүрчү
Кадырданым болбодуң.
Көз артканды билбейсиң,
Көбүнү көзгө илбейсиң.
Көңүлүң бар жигитке
Көрүнүш берип сүйбөйсүң.
Бурак жан, сен деп боздодум,
Боздогонум койбодум.
Ак бетиңден өппөсөм,
Аш ичкен менен тойбодум.
Ар качан сизге жетсем деп,
Уйкуда жатсам ойгомун.

Ой-пикирлер