Кирүү

Барпы Алыкулов. Ала-тоо көрккө келбейт, эл болбосо

Аккан суу түз кеталбайт, сай болбосо,
Караңгы жарык болбойт, ай болбосо,
Чыракта пилик күйбөйт, май болбосо.
Талаанын көркү кайда, гүл болбосо?
Гүл ачып, кубат албайт, күн болбосо,
Акындар ырдай албайт, тил болбосо,
Душманың жазганабы, сүр болбосо?
Имарат көрккө келбейт, сыр болбосо.
Комуздан абаз чыкпайт, кыл болбосо,
Сүйүшүп эл каалабайт, ыр болбосо.
Аялдын көркү болбойт, чач болбосо.
Тоолордун салмагы аз, таш болбосо.
Узакка кабар жетпейт, кат болбосо,
Жигиттин наамы чыкпайт, март болбосо,
Ак бетте кызыл болбойт, нур болбосо,
Сооданын иши жүрбөйт, пул болбосо,
Чарбанын көркү кайда, кой болбосо,
Кишинин сыны кайда, бой болбосо.
Учкан куш колго түшпөйт, тор болбосо.
Ар киши адашасың, жол болбосо,
Төөлөргө жүк жүктөлбөйт, ком болбосо.
Жылаңач жүрө албайсың, тон болбосо,
Буудан ат ташыркабайт, тоң болбосо.
Жибектер кайдан болот, тыт болбосо,
Курут, май кайдан болот, сүт болбосо?
Тамакка даам кирбейт, туз болбрсо,
Эмгекчил токтоно албайт, иш болбосо,
Нан чайнап жута албайсың, тиш болбосо,
Балбандын аты чыкпайт, күч болбосо.
Көздөгөн максатыңа жете албайсың,
Колуңда бардык жарак бүт болбосо.
Арыктын көркү болбойт, тал болбосо,
Чарбанын көркү болбойт мал болбосо,
Сулуунун көркү болбойт, кал болбосо.
Өрдөк, каз кайда конот көл болбосо,
Мөмөлүү дарак болбойт, чөл болбосо.
Арчанын саясы жок, шак болбосо,
Булбул куш кайда сайрайт, бак болбосо
Дайралар толкуп, ташпайт, сел болбосо
Аргымак ат арыбайт, бел болбосо,
Дыйканга түшүм кайда, жер болбосо,
Ала-Тоо көрккө келбейт, эл болбосо!

Ой-пикирлер