Кирүү

Бар бололу, агайын журт!

Атабыз Манас, энебиз Каныкей калтырып кеткен ак калпак кыргыздын арбагын сыйладыңар, кагылайын журтум. Аз билеби, көп билеби, Манас айтат экен, ушул жерден келип туз даам татсын деп силер эңседиңер, силерден артык мен эңседим. Кур эл эмеспиз. Бүгүн тилинен бал тамган, айткан кеби ааламга тараган инибиз Чыңгыз чыкты таалайыбызга. Аны бизде маңдайыбыздагы жылдызыбыз дейт. Чыңгыз деген ат жок, "Кимдин китеби экен десе, биздин жылдызыбыздын китеби экен" — дешет. Эми атабабаларыбыздын жолун улап, укмуштуу "Манасты" унутпай жүргөнүбүзгө көкүрөгүмө сыймык толот. Илимдин кенин казып, табиятты таамай сүйлөп, баардык жагынан жетишип келаткан жаш жеткинчектерге келечекти тапшырабыз. Бүгүнкү балдар, арманыңар жок, бизге окшош эмессиңер силер. Эненин бешигинен чыгып эле мектептин бешигине келдиңер. Биз силерчилеп мектептин партасына отурган болсок анда арманыбыз болбос керек эле. Тизмеси чор болбосо билим жукпайт деп чөк түшүрүп отургузуп койчу молдолор. Шиш менен сайгылап окутушчу. Жок дегенде бир даскеси болсочу, же ар бир бала башына тактайы болсочу. Анан дагы жетиден балак урчу ар күнү окуу жугат деп. Дегинкиси, ушинтип жүрүп ушундай күнгө жетиштик. Ошол өткөн күндөрүбүздү эсибизге алалык дайыма, айланайындар. Карыңарды урматтагыла, артыңардагыны үзүлтүп таштабай, бери карап тартып жетелегиле. Бүгүнкүнү өткөзчү кыйын милдет орто жаш, силерде калды. Алдыны урмат кылыш, арканы тартып, жетелеп өзүңөргө кошуш, эң күчтүүсү, кыргыз каадасы боюнча орто жаш силерде. Отуздан ылдыйкы жаш балдар дүйнө ушундай эле экен деп жүрөт, ортодо кандай замандар өткөнүн билгизгиле. АлаТоонун ар кайсы жылгасында жашап,
бүгүн түркүн илимдин көзүн тааныган кыргыз журтумду көрүп, көкүрөгүм кубанычка толуп, ыйлагым келет. Эми сүйүнчүмдөн не айтарымды эп келтире албай турам. Ушул күндү эңседим эле. Тузнасип буюрса дагы келем го деп тилейм. Бар бололу, агайын журт!
Жусуп Мамай

Ой-пикирлер