Кирүү

Балык уулоо

Балык уулоо - адамдын байыртан берки чарбалык ишинин бир түрү. Балык азыгынын эл чарбасында мааниси чоң. Ал азыктар тамак-ашка (балык эти, уругу, майы), жана тоют (сөөгү, балык уну жана башкалары), ошондой эле өнөр жай чийки заты катары пайдаланылат. Азыркы кездеги өнөр жайлык балык уулоо океанда, деңизде жана көл-дарыяларда жүргүзүлөт. Океанда балык уулоо азыркы кездеги навигациялык жана чарбалык жабдуулары, кармалган балыкты сактоочу жана балыкчылар жашай турган жайлары бар, өз алдынча алыска сүзүп журүүчү кемелерде жүргүзүлөт.

Жээкте өтө алыста балык уулоо үчүн атайын балык уулоо экспедициясы уюштурулуп, ага чарбалык кемеден башка дагы балык консервалоочу база (океанда сүзүп жүрүүчү), танкер, балык чалгындоо кемелери жана башкалар кирет. Экспедициялык балык уулоо деңизден чыкпастан кемени зарыл нерселер менен камсыз кылууга жана кармалган балыкты кабыл алууга мүмкүндүк берет.

Деңиздин жээкке жакын жерлеринен (100- 200 миль, 1 миль= 1,851 чакырым) өнөр жайлык балык уулоо үчүн атайын балык уулоо отряды (10-15 кемеден турат) уюштурулат. Мында балыкты кармагандан кийин кеме портко кайра келет. Балык уулоодо балык урук таштоо, кыштоо үчүн, ошондой эле жем издеп келген учурду пайдаланылат. Мында кемелер балык кармоо куралдарына жараша бригадага (2-3 кеме) биригет же балыкты өз алдынча кармашат. Көл-дарыяда өнөр жайлык балык уулоо негизинен балыкка бай көл жана дарыя чаттарында жүргүзүлүп, аны мотордуу кичине флот тейлейт.

Ой-пикирлер