Кирүү

Балык чарбасы

Балык чарбасы - айыл чарбанын балык өстүрүүчү жана аларды көбөйтүп, тукумун жакшыртуу иштерин жүргүзүүчү тармагы. Табигый жана жасалма көлмө балык чарбаларына бөлүнөт. Табигый көлмө балык чарбасы дарыя, көл, суу сактагыч жана деңиздерде балык запасын көбөйтүү иштерин жүргүзөт. Азыркы кезде балык чарбасы балык өстүрүүчү көлмөнү мелиорациялоо жана балыктын жаңы түрүн байырлаштыруу иштери менен бирге комплекстүү жүргүзүлөт. Мелиорациялоонун натыйжасында балыктын табигый көбөйтүү шарты жакшырат, балык урук чачуучу жайларда туруктуу суу режими түзүлөт.

Балыкты колдо өстүрүү максатында деңизге жана деңиз жээктерине балык заводдору курулган. Алар урукту инкубациялоо жана табигый көлмөлөргө коё берилүүчү майда балыктарды чоңойтуу жана башка иштерди жүргүзөт. Байырлаштыруу станциялары өлкөнүн көлмөлөрүнө балык байырлаштыруу боюнча көп иштерди аткарат. Севан көлүнөн (Армения) Ысык-Көлгө алынып келинген жилингир балыгы жакшы байырлашып, айрымдарынын салмагы 24 килограммга чейин жеткен. Жасалма көлмө балык чарбасы балыкты атайын жасалган көлмөлөрдө өстүрөт.

Балык чарбасынын бул түрүндө балык тукумдагандан товардык балык алынганга чейинки иштерди адам өзү башкарат. Мурунку ССРБ де 9 миң колхоз, совхоздун жасалма көлмө балык чарбасы, 230 адистештирилген мамлекеттик чарбалар (124 гектар суу аянтын ээлейт) болгон. Буларда негизинен каңылтыр жана башка балыктар (таман балык, линь, жилингир) өстүрүлөт. Кыргызстандын Токтогул, Киров жана башка суу сактагычтарында балык чарбасы өнүгүүдө. Балык тоюттандыруу, өстүрүү көлмөнүн азыктуулугун арттырат жана башка маселелерди атайын илимий -изилдөө мекемелери иштеп чыгат.

Ой-пикирлер