Кирүү

Баланын билимге, илимге жана өнөргө кызыгуусунун башаты

Албетте, милдеттүү күнүмдүк жүрүм-турумда адатка айлануу-су, кызыгуусу ушул убакта пайда болот. Шакирттик сезимдерин ой-готуучу башатына, абалы, үй-бүлө таасир этет. Мына ушул чактан баштап мектептеги, эстетикалык борборлордогу ж.б. ийримдерге барууга кичинекейлер умтулат. Сүрөт тарткысы, бий бийлегиси ке­лет. Фотограф болсом дейт. Көөдөндөгү максат-тилектер бирөөлөр аркылуу тутанышы ыктымал.

Ата-энелер кармаган турмуштук зарыл нерселерге кол тий-гизүүгө талаптанат. Эне бирдеме жөрмөп жатса, учугун саптап берет, кошо жүн тытышат. Килем токууга, өрмөк согууга даярдык көрүп жатканда, дүкөн өрмөктү курууда кичинекейлер эриш-аркак жиптерди жүгүрүп күзүктөшөт. Өзүнчө жөнөкөй саймаларды кар-моого алектенет, куурчак жасап ойноо ага башат болот. Атасы уста болсо, эркек балдар көк тилип, өрүм кылууга жардамдашат. Жыгач жонушат, ж.б. ушул сыяктуулар балдардын керкөм дүйнөсүн бурат.

"Учкундан жалын тутанат". Кичинекей чагынан эле улуу талан-ттардын жетилиши тууралуу тарыхта мисалдар көп. Мугалим ошон-дой озүбүздүн ата конуштан чыккан инсандар тууралуу кошумча аңгеме өткөрүүлөрүтийиш. Мисалы, атактуу Мидин акын 12жашын-да борбор шаарыбыздагы педагогикалык техникумга келип окуган. 18 жашында ырлар жыйнагы жарык көргөн.

Байдылданын "Жаз келди" деген ырын VI класста окуп жүргөндө областык гезиттен окуганбыз. X класста окуп жатканда акын катары таанылган. "Шумкар" деген ыр китеби окуучулардын колуна тийген.

Бүбүсайра 10 жашында азыркы мыкты бийчи болоору айкын-далган. Мугалим мындай мисалдарды башка улуттардан да, чет өлкөлөрдөн да билгендерин айтса болот. Буга байланыштуу мисал­дарды окуучуларга мугалимдер көбүрөөк келтирет.

Ой-пикирлер