Кирүү

Балалуу үй – базар

Балалуу үй – базар

Сүйүнчүлөө - кубанычтуу, жакшылык кабар билдирүү жана жакшы кабар айткан кишиге берилүүчу сыйлык. Мисалы, бала төрөлгөндө, узак сапардан, жортуулдан аман кайтып келгенде, буюм, мал табылганда жана башкаларда жакшылыкты сүйүнчүлөшкөн. Сүйүнчү билдирген кишиге белек, мал тартуулашкан.

Азан чакырып ат коюу . Бала төрөлгөндө азан чакырып ат коюу - кыргыз элинин улуу салты. Балага ат коёрдо баланын ата-энеси тууган-туушкандарын, айыл аксакалдарын мал союп, дасторкон жасап чакырат. Ысымды ыйгаруу учуру ыйык эсептелип, азан чакырып ат коюу кадыр-барктуу айыл аксакалына, же молдого ыйгарылган.

Азан чакырылып жатканда бардыгы короого чыгышат. Ата-энеси баланы көтөрүп алып азан чакырчу адамдын жанына туруш керек. Азан чакырчу адам кыбылага карап:

- "Аллоо, акбар", - деп үч жолу катуу кыйкырып айтат. Ан­дан кийин баланы колуна алып, кулагына "Атың Кутман болду", - деп, балага ыйгарылган атты үч жолу кайталайт.

Бардык туугандар ымыркайга бата беришет. Ат коюу ырымы ушундайча аяктайт.

Бешик той-бешикке салуу . Наристенин төрөлүшү - ошол үйдүн абдан чоң кубанычы. Бешик той берилет. Бешик тойго колдо бар мал союлат.Тойго чакырылгандар мал, көйнөк-кече, ороо-чулгоо, акча-тыйын ыроолошот. Адатта баланын таеке тарабы бешик алып келет. Бешиктеги төшөнчү-орунчусун жасалгалап, шимегин кошо ала келет.

Байбичелер дасторконго отуруп даам сызган соң баланы бешикке салуу жөрөлгөсүн кылышат. Бешик менен шимекти майлап, арча менен "аластап" алат. Байбичелер оң-сол чүкөлөрдү бешиктин баш жагынан көтөрүп эңкейтип, "оң бол", "оң бол" - дегенде, ал чүкөлөр күлтүгүнө түшүп кетет. Чүкөнү алып, колдорун тийгизип ырымдашкан соң, наристени бешикке жаткырышат.

- "Бешик апа, бек карма, умай эне, уйку бер" - дешип бала­ны бешикке таңышып, үстүнө жууркан-төшөгүн жаап апасына карматат. Апасы бешикти көтөрүп алып, төрдөн эшикке, эшиктен төрдү көздөй жүгүнөт. Байбичелер бата берип, алкашат. Анан бешик терметилет.

Бешик - ыйык буюм. Анда бул жарык дүйнөгө келген наристе жатат. Баланын тазалыгы, организминин ойдогудай өсүшү үчүн бабалардан калган таберик. Ал көчүп-конууга да ылайыкташкан.

Жентек той - бала төрөлгөндөгү той. Бала төрөлүп, ат коюлуп, оозантылгандан кийин келген адамдарга тамак-аш, эт тартылып жентек берилген. Жакын туугандары (көбүнчө балдар) үймө-үй кыдырышып жаңы төрөлгөн баланы сүйүнчүлөп белек алышкан. Туугандары жана айыл ичи башка баш кошулуп жатканына сүйүнүп, баланы көргөнү келгенде, анын ата-энесине көрүндүк (буюм, кийим, жакын туу­гандары мал) беришкен.

Тушоо кесүү тою , тушоо кыркуу, тушоо той - батыраак бассын деген ниет менен там-туң баскан баланын бутуна байланган жипти кесүү ырымы. Баланын тушоосун кесүү үчүн баланын ата-энеси айылдагы элди бала-бакырасы менен чакырып, той өткөрөт. Чогулган элдин алдында айылдын ардактуу карыясы тушоосу кесиле турган баланын буттарын ала жип ме­нен тушайт да, чогулган балдарды 40-50 метрдей аралыктан чуркатып жарыштырат. Биринчи келген балага биринчи, калгандарына кийинки байге берилет. Биринчи келген бала тушоону (байланган жипти) кайчы, бычак, же маки менен кесет. Тушоо кесүү жаңы баскан балага арналып өткөрүлгөн.

А. Акматалиев.

"Ата салты, эне адеби" китебинен

Ой-пикирлер