Балалуу катын - балээлүү катын
Балалуу катын - балээлүү катын. Бул - балалуу аялдардын бала-бакыралуу эрге-жерге барышы. Эрди-зайыптын ар кими өз балдарын ичине имере тартуусу. Ушундан улам үй-бүлөчүлүктө бирөөнүаса, бирөөнү баса кароолордун пайда болушу. "Менин бал-дарыма антпейсиң, өз балдарыңа өмөчөк атасың", - деп аялдын доомат коюшу. Т.а. арадан араздашуулардын аста-секин чыгышы. "Өгөйдүн өөнчүлдүгү - жетимдин кекчилдиги". Айрым учурларда бара-бара ырктын ырбашынан, жаакташуудан ажырашып тынуула-
ры. Албетте, андайда эстүү эрди-аял жалпы тил табышуусу. Ошол аркылуу гана үйдө жайбаракат жашоолору.
- Айткандын оозу жаман, ыйлагандын козу жаман
- Качкачтоо
- "Жакшыны жатым дебейт, жаманды өзүм дебейт"
- Иттартыш (итталаш)
- Чөйчөк менен төөнү сугаргансып
Ой-пикирлер