Кирүү

Бала токтобой жүрсө

Бала токтобой жүрсө. Бул балага байланыштуу ырым-жырым-дардын белгилүүлөрүнөн. Наристе төрөлүп, бирок, ал бат эле чар-чап калуулар, эненин боюнан түшүп турган учурлар болот. Мындай көрүнүш кайра-кайра адатка айланат. Ага ыры-жырымчылар өзүнүн айла-амалдарын жасашат, т.а. төрөлөөрү мене колу эмдүү-домдуу байбичелер баланы карышкырдын оозунан өткөрүшөт. Көчкөндө эски журтка таштаган. Кеч узай берип, кайра кайрылып келип, бешикти ат үстүнөн эңип алган. Бирөөлөргө берип, эмчегин эмиздирип, кайра "сатып алды", "асырап алды" кылган. "Адамга ит ырыскылаш" -дешип, ит менен эмчектеш кылган. Айрымдар ырым күтүп, баланын тушоосун кеспей койгон, ж.б.у.с. алакеттен өткөрүшкөн. Мындан баш­ка "коз тийип кетпее", "сугу түшпөө" үчүн тумар чийип берүү айла-амалдарын жасашкан. Кары-картандардын, касиеттүүлөрдүн эми-дому, албетте, бала-бакыраларга сөзсүз огожо боло турган.

Ой-пикирлер