Кирүү

Бала өзүнүн энчилүү аты жөнүндө түшүнүк алуусу

Бала өзүнүн энчилүү аты жөнүнде түшүнүк алуусу. Ооба, бала: "Эмне үчүн менин атым мындай коюлган, ким койду экен? Чоң атамбы, тайатамбы, чоңэнемби, тайэнемби?"-деп кыялда-нат. Ар кимдер муну билип-туюп коюулары тийиш. Мисалы, Аалы аттуу баладан: "Атыңды ким койгон?" - десек, ал: "Тайакем ко-юптур" - деши ыктымал. А, мүмкүн, балага ата-энеси айтып жүргөндүр: ""Ушундай сүйүктүү адамдардан болсун, таланттуу болсун, атагы чыксын, ошол үчүн ушул атты койдук" - деп. "Аалы" араб тилинде "жогору", "улуу" дегендик. Ат коюудагы тилек -каалоо, так ушундай максатты аркалайт. Демек, Аалы Токомбаев - атактуу адамдардын бири.

Акын, Социалисттик Эмгектин баа-тыры. Азыр анын айкели ордо калаада Опера жана Балет театы-рынын маңдайында турат. Аты уйкаш адамы жөнүндө бала мына ушундай түшүнүккө эгедер болот. "Бүбүсайра", Бүбү- көзү ачык, эмчи, Саара - тазалык, булар - кыргыз, иран сөздөрүнөн алын-ган. Алсак, мисалы, бир кыздын аты Бүбүсайра, аны чоң энеси коюптур. А, мүмкүн, Бүбүсайранын табигый талантына, татына-кай өңүнө карата так ошондой ат коюлгандыр, же тим эле ошон-дой аттуу бирдемелерине окшоштуруп атаган чыгаар. Уйкаш ат-тар дегенде баланын эсинде Бүбүсайра - атактуу бийчи, кыргыз элинин жылдызы тартылып турат. Албетте, ысымы уйкаш кыз муну билип коюп, андай сыпаттуу адамдын элесин урматтап жүрүш, ошондой болуш ушул чактан башталат.

Ой-пикирлер