Кирүү

Бактериялардын келип чыгышы жана өнүгүшү

Бактериялардын келип чыгышы жана өнүгүшү

Бактериялар (гр.bakterion –таякча) –микроскоп аркылуу гана көрүнүүчү бир клеткалуу организмдердин чоң тобу. Бактериялар-жөнөкөй ядролуу, хлорофилл жана пластиттери жок, бөлүнүү жолу менен көбөйүүчү организмдер. Физиологиясы ар түрдүү, биохимиялык жактан активдүү келип, топуракта, суда, абада кеңири тараган. Микроскопту ойлоп тапкан А.Левенгук өсүмдүктөрдүн ширесинен жана тиш киринен бактерияларды биринчи көргөн 20-кк. башында бардык шартта кездешип, ооруу пада кылуучу түрдүү бактериялар байкалган. А.Пастер бактериялардын ар кандай заттардан азыктанышын дем алышын жана биосинтезге окшогон эң маанилүү өзгөчөлүктөрүн изилдеген. Кийинчерээк советтик илимпоздор С.Н.Виноградский, В.Л.Омелянский, Б.Л.Исаченко табиятта заттардын айланышында бактериялардын тиричилик үчүн зарыл шарттарды түзөөрүн аныкташкан. Булардын чоңдугу микро менен өлчөнөт, айрымдардын оптикалык микроскоп менен да көрүүгө мүмкүн эмес. Бактериялар шар, таякча, спираль, үтүр формасында болот да, анаэробдуу жана аэробдуу шарттарда жашап, жогорку температурага жана уу заттарга туруктуу спора пайда кылат, ыңгайлуу шартта андан жаш вегетивдүү клеткалар өсүп чыгат. Физо жана морфо кассиети боюнча өзгөрүүгө ийкемдүү келет. Бактериялардын дем алуусуна жараша эки түргө бөлүнөт. Кычкылтек бар жерде гана өркүндөй турганы аэробдор- кычкылтек жок жерде да өркүндөй ала турганы анаэробдор деп аталат. Табиятта азыктарды, курулуш материалдарын, түрдүү сырьелорду бузуучу жана оору козгоочу бактериялар да кездешет.

Ой-пикирлер