Кирүү

Байыркы фергана

Байыркы фергана

Фергана өрөөнү өзүнүн бай дыйканчылык маданияты менен байыртадан эле даңкы чыгып келген. Кубаттуу дарыялардын артериялары: Нарын, Кара-Дарыя жана алардын кошулушунан жаралган Сыр-Дарыя өрөөндү кеңдик багытта кесип өтөт. Түркстан кырка тоолорунан агып түшкөн тоо суулары — түштүктө Куршаб, Ак-Буура, Араван, Исфайрам, Сох, Исфара ж.б., Фергана тоо кыркаларынан агып түшкөн суулар — чыгышта Кара-Үңкүр, Көгарт; Чаткал тоо кыркаларынан агып түшкөн суулар — түндүктө Касан, Патша-Ата ж.б. суулар тоо этектериндеги түздүктөрдүн күрдүү жерлерин сугарып, өрөөндүн борпоң топурактуу кыртышында ар түрдүү өсүмдүктөрдүн бай түшүмдүүлүгүн камсыз кылып турган. Бул жер адам багып өстүргөн өсүмдүктөргө гана бай болбостон, Ферганага канатташ жаткан тоолуу капчыгайлар менен өрөөндөрдө, баарынан мурда Кетмен-Төбөдө, Алайда жана Чаткалда байыртадан көчмөн малчыларды өзүнө тарткан эң бай жайлоолор да орун алган.

Тоо этектериндеги, негизинен Фергана тоо кыркаларынын беттериндеги жаңгак жана алча токойлору адамдын жашоо-турмушу үчүн түркүн түрлүү азык-түлүктөргө бай, жылуу жана кайталангыс чөлкөмдү түзүп турат. Бул аймакта адамдарга эмгек куралдарын жана турмуш-тиричилик эмеректерин даярдоо үчүн зарыл керектүү болгон нерселерди бере ала турган тоолор да өзүнө тартып турат.

Археологдор тарабынан таш кылым адамдарынын изи али ачыла элек болсо да, тоолуу Фергананын үңкүрлөрү кылдаттык менен изилденсе аймактын эң байыркы кожоюнунун изи табыларында шек жок. Адамдын жашоо-тиричилиги үчүн ыңгайлуу болгон үңкүрлөрдү атап кетсе болот, алар: Нарын дарыясынын каньонундагы Кашка-Жол менен Нарындын кошулган жериндеги, Кетмен-Төбөгө бараткан жолдогу, Арсланбап суусунун боюндагы Чыгыш Фергананын "орто жер деңизи" бурчундагы, Сулайман-Тоодогу, Айрымач-Тоодогу, Катран-Тоодогу, Кош-Бел өзөнүндөгү, Фергананын түштүгүндөгү Метинг-Бел ашуусундагы, батышта — Могол-Тоодогу жана да изилдөөчүлөргө белгилүү жана белгисиз болгон бир катар үңкүрлөр.

Ош шаарынын түбүнөн кокустан табылган микролит куралдары жана ошол эле жерде төртүнчүлүк мезгилдин өлүп тукум курут болуп жок болуп кеткен, төртүнчүлүк мезгилинин жаныбарларынын сөөктөрүнүн табылышы Ферганадагы адамдын жашоо-тиричилигинин эң алгачкы башаты жакын араларда ачыларына ишенимди пайда кылат, алардын белгисиз болгон себеби аларды эч ким атайылап издеген эмес.

Эгерде, байыркы Ферганалык адамдын тарыхынын эң байыркы аңчылык-термечилик (собирательский) этабы белгисиз бойдон калып отурган болсо, анын дыйканчылык турмушунун алгачкы издери байыркы конуштар менен белгиленип отурат. Алар кечирээктеги неолит мезгилине же а түгүл эртерээктеги коло дооруна, б.а. б.з.ч. VI— IV миң жылдыктарга таандык, ал конуштар 1928—1930-ж. Эйлатан шаар чалдыбары жана азыркы Анжыян менен Наманган облустарынын чек арасындагы Нарын совхозу ченде, Хакулабаддын түндүгүндө археолог Б. А. Латынин тарабынан табылган. Мында, Б. А. Латыниндин казууларынын натыйжасында отурукташкан дыйкандардын архаикалык маданияты ачылды; алар чийки кыштан тургузулган үйлөрдө жашап, дан өсүмдүктөрүн багып өстүрүшкөн; сыягы, алар багбанчылык менен да тааныш болушса керек (өрүктүн сөөгү табылган). Аз болсо да табылган маалыматтар Фергананын бул байыркы тургундарынын маданиятынын бир кыйла өнүккөнүнөн кабар берет. Алар жасалма жол менен сугарбаса мүмкүн болбогон дыйканчылык менен кесиптенишкен, демек, аларга арык салып, суу жүгүртүү тааныш болгон. Алар данды майдалоочу таш жаргылчактарды пайдаланышкан, тамак-аш бышыруу жана аны

сактоо үчүн одуракай чопо идиштерди чаптап жасашкан. Карапалар кол менен чапталып жасалган, алардын капталы калың болуп, бир сантиметрден ашыгыраак келет, бекем болсун үчүн чопого саман кошулуп ийленген, ал эми отко чыдамкай болсун үчүн — майдаланган карапанын сыныктары (шамот) кошулган. Идиштин сырты абдан тазаланып эленген ак чопо менен (ангоб) жука жабылып, ага (сары, кызыл, күрөң) түстөгү охра менен татаал эмес сызыкча-геометриялык чиймелер түшүрүлгөн. Байыркы конуштардын тургундары бул идиштерге оймо жана чаптама көркөм көчөттөрдү түшүрүшкөн эмес. Алардын формалары негизинен таштан жасалган очокко койгонго ыңгайлуу болсун үчүн түбү жумуру келет. Идиштин мындай формаларын малчылар жана жарым-жартылай отурукташкандар көбүрөөк колдонушкан, буга караганда алар менен Фергананын эртерээктеги дыйкандары тыгыз байланышта турса керек деген ой пайда болот. 1946-ж. Ош шаарынын айланасынан биздин экспедициябыз тарабынан чогултулган типтүү карасук түспөлүндөгү, б.а. б.з.ч. 1-миң жылдыкка барып такала турган карапалар да ошол байланыштардын болгонун далилдеп турат.

Ферганада алда канча эрте пайда болгон малчылык менен дыйканчылыктын жанаша жашап турушу миңдеген жылдар бою уланган анын байыркы тарыхынын мүнөздүү белгиси болгон.

Фергананын дыйкандарынын бейкут эмгеги тоодон түздүккө чабуул коюп түшүп келген көчмөндөр тарабынан бир нече жолу үзгүлтүккө учурап турган. Фергананын түздүгүндө да, айрыкча анын чет-жакаларында, тоо этектеринде узак мезгилдер бою малчылар да турмушун улантып, кийин гана биротоло тоого сүрүлгөн.

Фергана тоо кыркасындагы Көгарт ашуусундагы, азыркы Жалал-Абад шаарынын чыгышындагы аскадагы сүрөттөр Ферганадагы дыйканчылык маданиятынын тоолуу аймакка "чабуулунун" эң кызыктуу эстелиги болуп саналат. Аска таштарга чегилип түшүрүлгөн жана ушуга ылайык "Саймалы-Таш" деп аталган сүрөттөргө алып баруучу жол Ферганын чыгышындагы Көгарт суусунун бай өрөөнү аркылуу өтөт. Бул таш сүрөттөр 1902-ж. эле сүрөтчү Н. Г. Хлудов тарабынан ачылып, кийинчерээк 1903-ж. инженер И. Т. Пославский тарабынан изилденет. 1946-ж. бул сүрөттөрдү Б. М. Зимма изилдеген.

Сыягы, ар кыл мезгилдер бою катмарланган, ар түрдүү сүрөттөрдүн арасында эки байыркы сюжет ачык байкалат. Бул, биринчиден, жапайы жаныбарларга аңчылык кылуу, мында аңчы айбанаттын терисин жамынып алып, өңүп келе жатат, ошондой эле иттин жардамын да пайдаланган, экинчиден, жер айдоо сүрөтү, мында адамдар куштарга окшош кийим кийип алышкан, сокого болсо өгүздөр (топоздор?) чегилген. Бул сүрөттөрдү жана бир катар түздөн-түз жана кыйыр түрдөгү окшоштуктарды талдоо сүрөттөр б.з. ч. экинчи жана биринчи миң жылдыктардын чегинде пайда болгон деп болжолдоого негиз берет.

Мисалы, топоздун сүрөтү ушундай сүрөт болуп саналат, ал Тянь-Шандагы да жана тоолуу Фергана үчүн да скиф мезгилинин ритуалдык жаныбары экендиги белгилүү. Сүрөттөрдүн стили б.з.ч. VI—IV кк. ахеменилер Иранындагы өгүздүн башынын сүрөтүн түшүрүү ыгын эске салат, мында мүйүздүн учтары шарик сыяктуу томолок түрдө чегилген. Башка бир деталдар, атап айтканда, чегүү техникасы жана анын композициясы сүрөттөрдүн байыркы мезгилге таандык экенин айгинелейт. Саймалы- Таштын аска сүрөттөрүнүн сценалары Ферганада дыйканчылыктын пайда болушун билгизген культтук-магиялык ырым-жырымдын чагылышын көрсөтөт, ошондой эле аңчылыктын олуттуу ролу жөнүндө айтып турат.

Б.з.ч. V—IV кк. адамдын малдын башын көбөйтүү жана аңчылыктын ийгилигин камсыз кылуу максатына байланыштуу келип чыккан ушуга эле окшош культтук- магиялык сценалар Аравандагы аскада да бар, ал жерде тоо текелер менен аркарлардын сүрөттөрүнүн катарында, сыягы, культ-магиялык мүнөздөгү бийди бийлеп жат- кан адамдардын сүрөттөрү да тартылган. Кошумча белгилей турган нерсе, ушул эле аскада, ушул эле сүрөттө кийинчерээк (б.з.ч. III—I кк.) фергана жылкыларынын атактуу тукумдарын көбөйтүү сценалары тартылган. Сыягы, Араван аскасы адамга керектүү, адегенде жапайы, кийин үй жаныбары болгон жылкыны көбөйтүү культунун маанисин байыртадан бери эле сактап турса керек.

Ошентип, биз б.з.ч. биринчи миң жылдыктын орто ченине келип жеттик, бул мезгилде биз элдердин аталыштарын жана алардын саясый тарыхын билген алгачкы жазма булактар пайда болот. "Тарыхтын атасы" Геродоттун маалыматтары б.з.ч. V к. ченге таандык, ал ахеменилер Иранынын сатрапиялары (ээликтери) боюнча Орто Азиянын урууларын санап келип, онунчу сатрапиянын курамына ахеменилик падышалар 450 талант күмүш салык алып турган парикан жана ортокорибант уруулары киргенин белгилейт.

Ортокорибантилер — сактардын "сака-тиграхауда" уруусунун аталышы, б.а "шуштугуй калпакчан" сактар, алар Сыр-Дарыянын чыгышы менен түндүгүндө жашашкан. Бул Орто Азиядагы үч скиф урууларынын бирөөнүн аталышы болгон. Мындан башка да сак-тарадарайалар болгон, сыягы, алар "деңиз боюндагылар" болсо керек жана Яксарттын — Сыр-Дарыянын сыртында жашаган сак-хаомаварга, же амюргийлер болгон.

Геродоттун текстинен көрүнүп тургандай, ортокорибантий сактары парикандар менен кошуна турушкан, анткени алар чогуу бир сатрапияга киришкен. Кийинчерээк рим тарыхчысы Плинийде (б.з. I к.) эскерилген бул уруулардын аталыштары изилдөөчүлөр Фергананын, жергиликтүүлөр атаган "Паргонанын" келип чыгышы менен байланыштырышат, бул форма скиф тобундагы уруулардын аты "парикан" менен салыштырылышы мүмкүн. "Паргона" аталышы иран диалектиси боюнча "тоо арасындагы өрөөн" дегенди билдирет, бул чындыкка бүтүнү жана толугу менен шайкеш келет. Өрөөндө жашаган жана ушул аталышты алып жүргөн уруулар өрөөндүн атын өздөштүрүшүп, өрөөндүн аты менен аталып калышкан, бул Сыр-Дарыянын боюнда жана көлдөрдүн арасында жашаган скиф уруулары "суу скифтери" (скифтер-абийлер, апасиактар ж.б.) деп аталганга окшошуп турат. Парикандар, сыягы, борбордук ферганалык жана бир кыйла көп сандагы уруулардын бири болсо керек. Бул сатрапиянын борбору, кыязы, ахеменилик падыша Кир (б.з.ч. IV к.) негиздеген Кирополь шаары болгонсуйт, бул шаарды окумуштуулар болжол менен Ура-Төбөнүн аймагына жайгаштырышат.

Бир кыйла кечирээктеги антик авторлорунун маалыматтарына таянып, азыраак же көбүрөөк тактык менен башка уруулардын байырлап турган орундарын да аныктаса болот. Сыр-Дарыянын бойлорунда, Фергананын батыш бөлүгүнө жакын ченде, кошуна Ташкен оазисиндегидей эле "суудагы" скиф-абий уруулары жашап турган, Кийинчерээк өзүлөрү боюнда жашаган дарыянын аты боюнча яксарттыктар деп аталып калышкан. Алар Сыр-Дарыянын бойлорунда жана анын түндүгүндө жашап, сыягы, яксарттын сыртындагы сактардын конфедерациясына кирсе керек, бул сактар хаомаварга сактары же амюргий сактары деп аталышкан. Парикандардын түштүгүндө, Түркстан тоо кыркаларынын беттеринде, "кичи" Алайдын тоо аралыгындагы өрөөндөрдө аристей уруулары жашаган, булардын аты менен орто кылымдарда тоолуу өлкө Рашт деп аталган. Чоң-Алай өрөөнүн, андан ары батышта Кара-Тегинди скиф урууларынан болгон кумеддер мекендеп турушкан.

Байыркы Фергананын тарыхый майданга чыгаар алдындагы анын негизги уруулар тобу ушулар болгон. Фергана өрөөнүнө ахеменилик Кир келип жеткен болсо да, анын батыш чек араларындагы "суу жээгиндеги варварлар" — скифтер — Александр Македондуктун аскерлери менен салгылашса да, жана Александр Македондук (б.з.ч. 327-ж.), Фергананын батыш чек арасына, азыр Аенинабад (Хожент) шаары турган жерге Александрия Эсхат (б.а. Четки Александрия) шаарын курса да, баары бир Фергана Орто Азияда болуп жаткан негизги саясый окуялардын сыртында кала берген.

Археологиялык эстеликтер Фергананын байланышы кошуна Тянь-Шань менен бир кыйла жигердүү өнүккөнүн көрсөтүп турат. Алсак, Чоң Фергана каналынын курулушунда уч буттуу, кадимки скиф коло казаны табылган, анын жээктери күндүн жүрүшүн карай чубап кетип бараткан тоо текелердин сүрөттөрү менен кооздолгон; скиф тибиндеги, ылдый салаңдаган "мурут" түрүндөгү толтосу бар коло канжарлардын табылышы да мүнөздүү көрүнүш, булар б.з.ч. V—111 к. Жети-Суу үчүн да мүнөздүү буюмдар. Алай өрөөнүндө, Гүлчө айылынын жанында, Чакмак өзөнүндө биз тараптан байыркы көрүстөндөр казылып, анда өлүктөрдүн жанынан ушул сыяктуу буюм- тайымдар табылды. Көрдүн курулушунун тиби жалпак коргондор түрүндө келип, айланта топурак менен кырдалган, бул күндүн эмблемасын (кромлех) билдирет, идиштери түбү томолок чөйчөктөр түрүндө, коло төөнөгүч жана курду бекитүү үчүн илмеги бар коло таралганын өзгөчө түрү — мына ушулардын баары ушул бейит коргондорду калтырган малчылардын (пастухов-скотоводов) теги тянь-шандык экенин айтып турат. Мүнөздүү нерсе, көмүлгөндөрдүн расалык тибинен антропологдор Тянь- Шань менен Казакстандын байыркы калкына тийиштүү болгон "андроиддик" расалык белгилерди байкашат. Фергананын Тянь-Шань менен узакка созулган өз ара байланыштары жөнүндө Төлөйкөн көрүстөнүндөгү (Ош шаарынын түндүк-батышында) табылгалар да айтып турат. Ал жерде кенотафтар (маркумдар жөнүндө эстелик катарындагы бейит дөбөчөлөр) казылып, формасы боюнча кадимки жети-суулук, бирок шөкөттөлгөн (кызыл жана сары түстө жалтыратылган) жана көркөм көчөтү (оюлган, төбөсү ылдый каратылган үч бурчтуктар түрүндөгү) бар, ошол кездеги Ферганага мүнөздүү культ идиштери табылды. Фергананын таасирин биз идиштердин болушунан (ак фонго көк штрихтер менен түшүрүлгөн бурчтуктар) жана Алайда (Кызыл-Коргон, Шарт ж.б. көрүстөндөр) табылгандардан белгилүү болгон жалтыратылган карапалардан көрөбүз. Ал гана эмес, ферганалык дыйкандардын күчтүү таасири астында Алай менен Чоң-Алайдын жарым-жартылай отурукташкан малчыларынын (пастухов-скотоводов) маданияты түзүлгөн, биз муну кумеддер менен байланыштырабыз. Б.з.ч. 1-миң жылдыктын ортосу чендеги, биз тараптан изилденген конуш жайлар менен некрополдордо — Кызыл-Коргондо (Алай) жана Дароот-Коргондо (Чоң- Алай) ферганалык архаикалык шаар чалдыбарларынан байкалгандарга окшогон карапа, жаргылчактар, үй жаныбарларынын (кой, жылкы) жана жапайы айбанаттардын (элик, каман) көптөгөн сөөктөрү, сөөктөн жасалган буюмдар (гарпундар, илгичтер, жалтыраткычтар ж.б.) табылды. Көрсөтүлгөн табылгалар аңчылыктын, мал чарбачылыгынын жана дыйканчылыктын жашап турганын күмөнсүз далилдеп турат, ал эми идиштерди жасоо жана кооздоо ыктарындагы жакын отурукташкан — дыйканчылык Фергана менен болгон байланышын айгинелейт.

Эгерде, ушундай жол менен, Фергана тянь-шандык келгиндерди билген болсо, анда ал келгиндер Фергананын маданий таасирин баштарынан кечирген, ал эми Фергананын таасири тоо кыркаларынан өтүп, Чоң-Алайга чейин жеткен. Бул — байыркы Фергана билген "эл аралык тынчтыктын" дал өзү болгон. Кир да, Александр Македондук да Фергананы алда канча кеңири тарыхый мейкиндикке чыгара алган эмес. Антик тарыхынын Фергананын атын билбегени мүнөздүү көрүнүш. Эгерде айрым окумуштуулар Тапура (Страбон) деген антик аталышынан б.з. чегиндеги Фергананын аталыштарынын бирин көрүшсө, анда бул бир кыйла кечирээк доордогу Фергананы көрсөтөт, бул мезгил ал өзүнүн б.з.ч. IV—II кылымдардагы эң байыркы мамлекетинин алгачкы гүлдөп-өнүгүшүн — Даван падышачылыгынын доорун башынан кечирген мезгил болгон.

Ой-пикирлер