Кирүү

Байтемир Асаналиев. Жаз боёгу

Дарак жашыл, жер жашыл,
Гүлдөр жайнап ачылган.
Байкап көрсөм, баарына
Жаз боегу чачылган.

Жаратылыш көркөмү
Жазда башка артыптыр.
Мекенимди сулуулап,
Мезгил сүрөт тартыптыр...

Ой-пикирлер