Кирүү

Байдын эрке баласы

Байдын эрке баласы

Илгери, илгери бир байдын жалгыз эрке баласы болгон экен. Ал бала: "О атамдын ушунча малы, дүнүйө-мүлкү, өзүмдүн сулуу аялым бар. Атам өлсө да мен эчтемеден кор болбойм", деп ойлочу экен. Баланын колуктусу акыддуу болот.
Күндөрдүн биринде атасы өлүп, энеси, аялы үчөө калат. Атасынын жыйган мүлкү, малы түгөнөт. Эч кандай оокат кылар нерсеси жок калганда, баланын колуктусу:
-Ой, атаңын жыйып берген мал-мүлкү, дүнүйөсү түгөндү. Сен иштеп оокат тапсаң боло,-дейт күйөөсүнө.
Анда күйөөсү:
-Жо-ок, мен иштебейм, сени кайтарып олтура берем. Болбосо сулуулугуңа кызыгып бирөө алып кетпесин,-дейт.
Анда келинчеги:
-Жо-ок, мен сенден бөлөк эч кимге көңүл бурбайм. Сага менбир гүл берейин, ошону жакаңан түшүрбөй тагып ал, эгер ошол гүл солуп калса, анда мени бирөө алып кеткени! Жок, эгерде солубаса, кетпегеним,-дейт.
Бала аялынын бул айтканына макул болуп, бир шаарда жашаган үч бир тууган байга малайлыкка барат. Үч бир туугандын улуусунун аты -Адыл, ортончусунун аты -Мадыл, кичүүсүнүн аты - Жалын экен. Ошентип бала оокат кылып жүрө берет.
Күндөрдүн биринде Адыл:
-Ой, иним, алдагы жакаңдагы кызыл гүл эмнең - деп баладан сурайт.
Анда бала:
-Бул менин аялымдын белеги. Эгер ушул гүл солуп калса, аялымды бирөө зордуктап алып кеткени. Солубаса, аялым мени күтүп үйдө отурганы,-деп сырын айтат.
-Ал аялың кандай, кереметтүү эме беле?-деп Адыл сурайт.
Анда бала:
-Аялым дүйнөдө жок ашкан сулуу,-дейт.
Ошондо Адыл: "А бул бала кем акыл турбайбы. Мен буга билгизбей мунун үйүнө барып, байлыгымды айтып, сулуу аялын бузуп алайын",-деп ойлонуп калат.
Күндөрдүн биринде Адыл баягы келиндин үйүнө келет. Келсе, баланын аялы жакшынакай кабыл алып, коюн союп, коногун кылат. Жатаар мезгилде аял эшиктеги баланы чакырып:
-Коноктун атын жайла,-дейт.
-Атты кандайча жайлайм?-деп бала сурайт. Анда келин:
- Атты ала баканга аса байла, төрт туягы булганып, конок капа болбосун, төрт туягын сыйпалай таза байла,-дейт.
Ал сөз атты тазалап союп, этти ала баканга аса байлап, илип кой, төрт туягын тазала дегени, терисин жайып, туздап кой дегени экен.
Андан кийин келин балага:
-Куш коңгуроо чалбасын, муну байка,-дейт. "Куш коңгуроо чалбасын муну байка", дегени эшикти калдыратып табыш бер дегени экен.
Бала атты байлап, ишти жайлап, эшикти кагат. Эшикти какканда келин тура калып конокко карап:
-Кокуй, конок аке, айып этпей тура кал, кайненем катуу киши эле, каарданып келе жатат,- деп үй астындагы ордун оозун ачат. Конок чуңкурдун түбүндө калат, келин шып этип ордун оозун мыктайт. Тыптынч жакшынакай уктайт. Ошо боюнча конок эшикке чыкпайт. Эртең менен эрте, таң агарып атканда, тараза жылдыз батканда келин:
-Бу да сиздин насибиңиз, - деп эки сындырым нанды конокко таштайт.
Андан кийин баладан сырды сурап билип, Адылдын үстүнө Мадыл, экөөнүн үстүнө өрт жалындай Жалын барат. Үчөө бир чуңкурга түшүп калат. Ошентип акылман келин үчөөнүн бирдей акылын табат. Ошондуктан ушундай аялдарды упалуу аял деген экен.
Күндөрдүн биринде баягы бала иштеп таап келген оокаты жок кур алакан үйгө келет.
-Алган нерсең кана? Бир жыл бою талаалап жүрдүң, бир тыйын тапкан пулуң жок. Сенин тапкан пайдаң кайда? Үч байдын өзүн же өлүгүн көрсөтөйүнбү?-дейт аялы.
-Кой, өлүгүн көрсөтүп эмне кыласың, өзүлөрүң көрсөт, - дейт. Анда келин:
-Кой, өзүлөрүн көрсөтсөм, түбү өзүңө зыян болор,-деп келин айтса, бала кежирленип болбой ордун оозун ачып, баягы Адыл, Мадыл жана Жалынды чыгарып алат.
Ошондо баягылар:
-Биздин аттарыбыз кайда?-деп келинден сурашат. Анда келин:
-Ала бакандан сурагыла,-деп жооп кайтарат. Баягылар:
-Ала баканың эмне?-деп барышса, аттын туягы, кулагы ала баканда илинип турат.
Ошондо Адыл, Мадыл жана Жалын: "Бул келин өзү сулуу болгону менен акылы ашкан шум келин экен. Биздин төбөбүзгө жете электе көзүнө көрүнбөй эптеп качып кетели", - деп түнү менен качып кетишет.
Ошентип бала акылдуу аялы менен түбөлүккө бактылуу жашап калган экен.

Ой-пикирлер