Кирүү

Байдылда Сарногоев. "Импорт" оорусу

"Импорт" оорусу

Менин бир аяшыма
"Импорт" деген илдет жабышты,
Импорттук кийим жагынан
Аялдарга
Алдыра элек намысты.
Советтик, сонун кийимдер
Ал үчүн
Сөз болбой деле калышты.
Пальто, көйнөк, кофтасы
Бельгиялык,
Саат сайын күзгүгө барып,
Он кийинип, он чечет.
Эргип алып:
Карачы, — дейт, — күйөөсүн,
Кадимки турпатыма
Келдим анык!
Кандай укмуш кийимдер,
Бельгиялык! Бельгиялык!
Байпак менен эмчек кабы,
Парижден.
Запас кылып камдап койгон
Дагы үчтөн.
Венанын кийимдери келе элек,
Бир көрсөм деп даа күткөн.
Күйөөсү дүкөнчү,
Кантээр экен "күп" дей түшсө
Ал иштен...
Костюм, өтүк, туфлиси
Лондондон.
Аралап өтүп келип,
Океан, дайра, тоолордон,
Как раз мени тапты, — дейт,
Издеп жүрүп
Ушунча узак жолдордон.
Анан
Индиянын жалтырак тапочкасын
Илип алып бутуна,
Эринин кымтып чормойгон,
Ойлонгону ойлонгон.
Өткөн жумада
Ай канчасынан тоголду?
Айтор билбейм, аяштын бир
Кымбат буюму жоголду.
Кырсык мындай болоорбу...
Ичи күйүп тызылдап,
"Импорт" деген илдет оңойбу..
Жайып койгон жеринен,
Кандай бир
Жарыбаган неме тооруду,
Жашырынып жок болду,
Япондун жалтырак жоолугу.
Аза күтүп аяшым,
Алты күнү ооруду.
Ордун толуктап күйөөсү,
Ошондон кийин
Оңолду ден соолугу.
Аяшым
Тбилисинин кийимин көрсө
"Тьфу" деп калат.
Фрунзенин кийимин көрсө,
"Фу-фу" деп чанат.
Ташкенттин кийимин көрсө
Таңгала карап
Табылгыс жеринен,
Дардайган кемтикти табат.
Москванын кийимин көрсө
Башын чайкап,
Кийбесе да, кичине
Турат байкап.
Анан
Импортко кайдан жетсин деп,
Ичинен айтат.
Дүкөндөрдү түгөл кыдырып,
Чаалыгып-чарчап,
Чалкалай басып үйүнө кайтат.
Кайын сиңдиси
Кай бирде минтип сөз курат:
— Ээ женеке, жеңеке,
Угуп турчу чыдап.
Биздин өлкөдөн деле
Укмуштай кооз кийимдер чыгат.
Улгайып калдын, ойлочу,
"Импорт", "импорт" дегениң уят.
Анда женеси
Ачууланып карашы,
Көзүнүн агын айлантат,
Көрүнбөйт ички карасы:
— Мунун айтканын карачы...
Кийгенин
Кара-Балтанын халаты,
Бир жери кир, бир жери жамаачы.
Деги запас кийимин барбы?
Саначы!
Чолчойтуп бутка кийгениң,
"Чолпон" фирмасынын чокою.
Джемпер, кофтаң Токмоктон,
Жетишкен жагың ошобу...
Мен өңүмде эмес,
Түшүмдо кийбейм ошону!
Кантсин кайын синдиси...
Карапайым бир киши.
Импорт эмес...
Иш жагынан данкталып,
Жаштарга жаккан үлгүсү.
Жеңесинин сөзүнө,
Кээде ызаланса,
Кээде келет күлкүсү.
Ошентип аяшымдын
Паспорту гана советтик.
Бардык кийими чет элдик.
Каалаганын ичсин деп,
Каалаганын кийсин деп,
Кадырлап далай котөрдүк.
Тапканы менен эринин,
Тайраңдад алды жетээрлик.
Өткөндө күйөөсүнүн,
Жеп-ичкени билинип,
Кызматынан сүрүлүп,
Арамдан тапкан олжосун,
Аш казаны
Ала албаптыр сиңирип.
Аяшым
Үйүндө онтоп жатат дейт,
Түпкүч болуп ийилип,
"Импорт" оорусунан
Ичегиси түйүлүп.

Ой-пикирлер