Кирүү

Багыш. Мендирман (2)

Чапкынчы бака манжуунун жер жазданышы
Манас чыгып алганбы?
Манас атын которуп,
Багыш коюп алганбы?
Жиберейин анда — деп,
Бир чонураак балбанды",
Оюиа Чыңгыш алганы.

Узү манжу эли эле,

Атын Бака дээр эле.

Ачууланса ал манжу,

Чекесинен калмакты,

Талап алчу кээ кээде.

Жөн жүрбөс Бака манжууну,

Жибермек болуп Чынгыш кан,

Атайлал ага кат жазды,

Чабарманды атказды.

Чыңгыш кандан кат алып,

Чабарман жүрүп бат барып.

Катты окуп эр Бака,

Бастырды чочко аттанып.

Манжу менен калмактан,

Үч мин, беш жүз кол алып.

Атанып элге чыга элек,

Өзүнө теңдеш баатырдан.

Ылгап туруп үчтү алып,

Чыңгышка барбай кылчайып,

Бака манжу ойго алып:

"Жедигерди колго алып,

Өзүнө кайра тийейин.

Мен Чыңгышка кол салып",—

Деп ойлонуп жөнөдү.

Барган менен Багышка,

Ойлобойт Бака өлөрдү.

"Мени Чыңгыш жумшайт" — деп,

Ого бетер көгөрдү.

Жолун көрүп келдиң — деп,

Жолу каткан баякы,

Шорлуу эки калмакты,

Баштатып жолду айдатты,

Күндү күнгө улады,

Күнү тыным албады.

Түптү түнгө улады,

Түнү тыным албады.
Ошондой жүрүп олтуруп,
Жедигерге барганы.
Күнүш-Булак көрүүгө,
Жетисуунун болжолдуу,
Чыгыш жаккы чегинде,
Түшүрүп колду жатканы.
Күмуш-Булак көрүүгө,
Калдайган кошуун келди — деп,
Багыш кабар укканы.
Ким экен анык билгин — деп,
Эки киши жумшады.
Жедигерден баргандар,
Колунда каты бар туруп,
Жүрөгү тайкы жамандар,
Колго кирип баралбай,
Колдон кабар алалбай.
Күндүзү болуп жонжондо,
Түндөсү кокту, колотто.
Беш күнү жүрсө белбелде,
Бир күнү кармап алышты,
Ат кайтарган бир неме.
Жедигерден баргандар:
"Кана, кимсиң, кебиң сал,
Кайдан келген элсиңер?
Не жумуштап келдиңер?
Эл башчысы кимиңер?
Келипсиңер бул жерге,
Бар эле кимде кебиңер?
Арбын кошуун экенсиң,
Жедигердин элинде,
Же бар беле ичте кегиңер?
Кайсы жактан келдиңер?"—
Деп сурашып турганда,
Ат кайтарган кеп айтат:
"Сурасаңар менден кеп,
Манжуудан Бака биздин бек.
Эртиштеги калмактан,
Королдой келген башында,
Мен дагы кошо келгемин,
Тартууга далай мал алдык,
Колун, менен бербедиң,
Кол салып чаап алганбыз.
Арага элчи барганда,
Кыр көрсөттүк аларга.

Келер жылы келебиз.

Сулуу келин, кыз камда,

Арзыбадык биз малга.

Арадан он күн өтө элек,

Эртишке калмак жете элек.

Жедигердин эр Багыш,

Сур ат менен ал барып,

Эки миңче киши элек,

Эки бөлөк чаап алды.

Жедигердин малына,

Эки миң атты кошо алды.

Королдойду кор кылды,

Калган элге шор кылды.

Калмактын бегин жайлады,

Малын кайра айдады.

Королдойду баш кылып,

Нак эки миң кишини,

Баатыр Багыш кырганда,

Бизге да өлүм келерде,

Далдаландык экөөбүз,

Кыян жеген кемерге.

Караңгыда качыппыз,

Келген жолдон азыппыз.

Жат жерде жүрүп жан бактык,

Жылы төрткө толгондо,

Эртишти акыр биз таптык.
Эртиштик калмак элдери,
Чыңгыш канга ара берди.
Жедигерди чапкын — деп,
Манжуулук Бака дегенди,
Жедигерге жиберди.
Манжу Бака бегибиз,
Бака менен төртөө бар,
Бели катуу эрибиз.
Уксаңар ушул кебибиз".
Калмак кебин бүтүрдү,
Булар кепке түшүндү-
Жедигерден келгендер,
Калмак менен сүйлөшүп,
"Кете бер, калмак" — деп коюп4
Жөноп кетти жүр — дешип.
Жокту таап алгансып,
Тоо томуруп салгансып,
Багышка барып кеп салып,
Байкап Багыш аңкаарып:

"Барбасаңар чоңуна,
Түшүптүр калмак колуңа.
Эч болбосо калмакты,
Мында ала келбей!" — деп,
Ал экөөнү жемелеп.
Кабар кылды эр Багыш,
"Жедигер элин келсин" — деп.
Эл башкарган кишисин,
Калтырбастан бирисип,
Келтирди чоңун баарысын.
"Чогулуп келдиң, жедигер,
Тегеректеп келиңер.
Багыш баатыр кебим бар,
Жедигер аман сен турсаң,
Эминеден кемим бар?
Бака манжу келиптир,
Жедигер, муну билип кал!
Күмүш-Булак керүүдөн,
Мундан кабар мен алдым.
Аскер жыйнап, эр топтоп,
Шаарга мурда албапмын.
Баканын колу көп окшойт,
Кошуун жыйып алалы,
Колдоп биздер баралы.
Коржоңдогон манжууну,
Койбой талап алалы,
Кордукту ага салалы!
Уруш болсо эр өлөт,
Эки жактан тең өлөт.
Королдойду алганда,
Жалгыз алдым тебелеп.
Керекке жара, жедигер,
Эки күндөн калбасын,
Санаты беш миң кол курап,
Карап жатпай камыж же!"
Багыш муңдай дегенде,
Дүрбөлөңдөп жедигер,
Эки күндө так болду.
Беш миңден саны кемибей,
Жедигер колу сап болду,
Беш миңге саны бат толду.
Уруш көрбөй өскөн журт,
"Жоону Багыш сайбайбы,
Олжонун алдын алсак" — деп,
Өзү барган чубуруп,

Жыйылып келген элинен,
Кишиден киши тындады,
Так беш миңди ылгады.
Карысы жок жашынап,
Качпан балта чапчуудан,
Чологу жок сагынан,
Чокуга чокмор чапчуудан.
Ийриси жок түзүнөн,
Эл ичинде күчтүүдөн.
Өпкөсү желдүү жеткирден,
Эңишип калса жоо менен,
Найзага илип кетчүүдөн,
Мылтыкка андес кылынан,
Өзү шайдоот тыңынан.
Улакка чыйрак ыктуудан,
Оозго кирген мыктуудан.
Урушту көрсө урунган,
Өзүнчө туруп жулунган.
Урушту көрсө сүйүнүп,
Өзү чаап чыкчуудай,
Мындай ишке шыктуудан.
Жедигердин эр Багыш,
Аскер алды кол жыйнап.
Эр Багыш салган жаңы шаар,
Аскерге толду жер жайнап,
Чарайна, соот жамынып,
Далылуунун баарысы,
Үстүнө калкан тагыпып.
Туулга кийип башына,
Тулпар минип астына.
Камынып булар жатканда,
Жедигерден кутулган,
Атчылар айтып барганда.
Бака манжу бакырат,
Баатырларын чакырат:
"Атчылар келип муну айтат,
Жедигердин эки адамы,
Келип кетти — деп айтат.
Азы, көбүн элиңдин,
Билип кетти окшонот.
Үстүңө келип калбасын,
Сенден арбын кол топтоп.
Ат-атыңды кармап ал,
Атынды токуп даярдан.
Жолдон угуп мен келдим,

Шаар салыптыр жаңыдан.
Шаарын талкан кылалы,
Каарым келсе мен Бака,
Калк жедигер чыдайбы?
Билбеген мени киши жок,
Бака манжу,— деп угуп,
Бир жакка качып чубайбы?
Шаарына жетип баралы,
Шаани-шөкөт иш кылып,
Чай кайнатып, бээ союп,
Кол куушуруп, жол тосуп,
Келип калса жедигер,
Кечирим кылып салалы.
Эндекей шаар, бекер эл,
Ошондо жердеп калалы.
Аттангыла ылдам — деп,
Шаар менен бул жердин,
Он эки күндүк арасы,
Үч күндөн калбай баралы.
Чокчондосо жедигер,
Калмактай көрүп манжууну,
Чокусун жара чабалы.
Сулуу катын, кыздарын
Соогага алып тыналы.
Сайсөөгунөн жедигер,
Өлсө кеткис кылалы.
Бадакшан, Балык короолош,
Баарысын чаап алалы.
Болгун, манжу, болгун!" — деп,
Мойноп Бака бакырып,
Калмак менен манжууну,
Катар баарын жапырып:
"Эл аралап барганда,
Кетпегиле чачылып.
Жакындашып калдык — деп,
Кол куушуруп, жол тосуп,
Келип калса жедигер,
Койбогула сыр айтып.
Комбоосунуп сурданып,
Тышыңардан курчанып,
Жарамат кылып келгенге,
Жакшы айтпай, чорт айтып,
Жакындатпа жаныңа.
Андай ишти кылганың,
Таарынбагын сен мага!"

Деп тапшырып эр Вака,
Манжууну айдап жөнөдү.
Күмүш-Булак керүүдөн,
Жер агарып, таң ата,
Үч миң беш жүз кол менен,
Келе жатат жол менен.
Коркуп кетип эр Багыш,
Тосот деген ой менен.
Ошол күнү таң менен,
Баатыр Багыш аттанды,
Беш миң кошуун жан менен.
"Шаарга аны киргизсем,
Заңкасын элге тийгизсем,
Эрдигим менин бекер — деп,
Жеткен жерде жаздайм — деп,
Бадырек деп талкалап,
Кара жерге каптайм —деп,
Жай жаткансың, жедигер,
Урушту эми көрөсүң.
Баш булгап кайра качканык,
Манжуудан мурда өлөсүң!
Эл үчүн Багыш өлөмүн,
Эрдемсиген манжууга,
Бак салышып көрөмүн.
Жедигер бооң бек болсун,
Айтканым ушул кеп болсун.
Күмүш-Булак керүүгө,
Жай жайлоочу жериңе,
Келгенин көрчү манжуунун!
Кетенчиктеп качкынча,
Өлгөнүң жакшы бу көрө!
Он эки күндүк жолу бар,
Бутуңду чоюп, бел чечип,
Сен барасың уктабай.
Жооруп атың кетпеспи,
Минген атың жооруса,
Бооруңду Багыш жебесин.
Жүргүн, колум жүргүн!" — деп,
Күжүлдөп Багыш жөнөдү-
Салткелденин талаада,
Өзөнү саздак аралда,
Учурашты тал түштө,
Жер жайнаган манжууга,
Бака манжу балаага.
Элге болсо коркунчу,

Эрлерге кызык тамаша.

Үйдөй чокмор көтөргөн,

Төрт баатыр келет манжууда.

Жедигер эли муну айтат:

"Манжуунун эли аз экен,

Арбагы бизден пас экен.

Баатыры төрт, заары күч,

Жаманыраак, түрү суук".

Бирок төрттү көрүп баатырдан,

Жедигердин деми сууп.

Жалгыз Багыш баатырга,

Төртөө турат манжууда.

Айлабыз кандай болор — деп,

Алсырап далай жедигер,

Өлүм жактын камын жеп.

Багышты ээрчип олжо алып,

Бай боломун бекер —деп,

Кайдан аскер болдум? — деп,

Кайгырганы акдан көп.

Балам жетим калат — деп,
Баласынын камын жеп,
Басып жүргөн андан кеп.
Катыным жесир калар — деп,
Башына кара салар — деп,
Жыл ашымды бергенде,
Жаңы эрден бирди табар — деп,
Үмүтүн үзүп жапынан,
Үлдүрөгөн мындан көп.
Оозуп ачып күлө албай,
Өзүнчө муунуп өлалбай,
Шүмтүрөгөн мындан көп.
Карыды эле ата-энем,
Кар болуп калар бекен? — деп,
Катын, бала мейли — деп,
Ата-эненин камын жеп,
Антип жүргөн андан көп.
Дүйнө пороз кээ бири,
Бар эле оокат кеңири,
Жок болду эми кереги.
Дыкан эле катыным,
Ташка катып коер — деп,
Балан жерге катарбы,
Киши барбайт эле — деп,
Күпүрлүк кылган мындан көп.
Ата-эне, мал, пулум,

Катын, бала, бар дүйнө,
Баары мунун курусун.
Милдетин актап элимдин,
Аткарсам деп жумушун.
Эси бары жигиттин,
Эл журтунун камын жеп,
Эл ойлогон андан көп.
Жат душман ээлеп тепсетпей,
Өз элим ойноп, күлсө деп,
Жерин ойлоп ич ооруп,
Жер сактаган мындан көп.
Келген манжу, жедигер,
Маңдайлаша турушту,
Желегин жерге жапшырып,
Желпилдете астырып,
Капкайдан келген манжуулар,
Жедигерге кас чыгып,
Бака баатыр шашылып,
Манжууларга кеп айтат,
Баарың уккун деп айтат:
"Көрдүнөрбү караанын,
Жедигердин адамын?
Үч баатыр манжу карап тур,
Кырыл салып тынайын.
Мындай эмес жедигер,
Кол куушуруп, кой союп,
Тосот деп алдын санадым,
Урмат менен кол тоспой,
Урушуучу немедей,
Турганын керчү жамандын!
Кужурум кайнап баратат,
Богум батпай ичиме,
Буулугуп калган убагым,
Буга өзүм барамын!"
Бака мындай дегенде,
Бакага жүргөн кырдуусуп,
Баатырлыкта тындуусуп,
Манжуудан бирөө бар эле,
Мына мындай деди эле:
"Бака баатыр, тура тур,
Мен барамын жекеге.
Багышын сайып кулатып,
Башынан багын туратып,
Аңтара сайып келейин,
Жедигерди чуулатып.

Олжону, Бака сен алгын,
Сенден кийин калгыча,
Сенден мурда барайын".
Деп бир манжу бөлүндү,
Бөлүнүп элден чыкканда,
Бүтүн жердин бетине,
Жан койбостой көрүндү.
Жазганбай элден жалтанып,
Көпчүлүктөн апкаарып,
Арта сайып ийинге,
Колуна балта карманып.
Койдой чокмор такымга,
Кыстарып алган кызталак,
Келип калды айталап.
Башка кирбей-оозуна,
"Багыш кел — деп бакырат.
Багыш калчуу эр эмес,
Башып катып бааналап.
Бастырып тулпар Сур атты,—
Багыш кетип баратат.
Бастыра түшүп кылчайып,
Элге Багыш муну айтат:
"Силерде асили болбосун,
Акылыңда кемиңер.
Түн ичинде манжуулар,
Аркасынан бөлүнүп,
Эл аралап барбасын,
Элге бүлүк салбасын,
Азыр болгун манжууга".
Акыл айтып ушунча,
Алактатып жөнөдү,
Багыш менен манжуунун,
Баатырлыгын көрөлү.
Караанга барган жедигер,
Багыштан башка бөлөгу,
Бастырып Багыш жөнөдү.
Күүлөп найза сундуруп,
Күүсү кулак тундуруп,
Качырышып жөнөдү.
Капталга найза урушуп,
Качышпастан турушуп.
Кайратты Багыш баштады,
Кадеми каткан манжууну,
Каңтара коюп таштады.
Калдайып барып жыгылды,

Кара жерди кучактап,
Кантип тирүү койдум — деп,
Башын кести кылычтап.
Сур тулпар минип майданда,
Багыш турду ыргыштап.
Дагы бири манжуунун,
Жаны ачып кабаарын,
Карагай найза карманып,
Караса өңү карарып,
Ушул дүйнө жалганды,
Ушалап салып тынчуудай,
Астын-үстүн кылчуудай.
Айкырык салып алактап,
Ат аябай далактап,
Жер айдоочу буурсундай,
Эки буту салактап.
Эки жагын каранат,
Койго тийчү бөрүдөй,
Эрди, мурдун жаланат.
Кош колдоп кармап найзасын,
Атынын башын бош таштап,
Буй кылчуудай ааламды,
Бурулбай жаман келе атат.
Муну көрүп эр Багыш,
Муруту мунун кырданып,
Манжуунун көруп караанын,
Мурункудай чыйралып,
Бузулуп өңү сурданып.
Четинден кылган найзасын,
Ченеп колго карманып.
Чендеп Багыш качырды,
Айбандан башка бөлөкчө,
Суркийик кулак жапырды.
Сайдырбай найза кагышты,
Жана имерип сайышты,
Жандан тойгон немелер,
Жана айланып салышты.
Сайышты манжу баштады,
Салакалуу Багышты,
Сайып кете жаздады.
Суркийиктен эр Багыш,
Оодарыла тас калды.
Оодарылып кетүүгө,
Көчүгү ооп аз калды.
Ооп барып оңолду,

Ойрон Багыш ойлонду:
"Оодарылып мен кетсем,
Жедигер ойрон болот — деп,
Оморуп белим коет — деп,
Ырайым кылбай манжуулар,
Аман койбой соет — деп,
Таталаган манжуудан,
Оодарылсам ушудан,
Кантип баатыр болом?!" — деп,
Кайраттанып алганы,
Сур атка камчы салганы,
Колунда четин найзаны,
Которуп бекем кармады.
Манжуудан келген баатырды,
Кайта айланып жангыча,
Кара каптал кабырга,
Как бөйрөктүн тушуна,
Кайран Багыш бир койду.
Багыш койгон оңобу,
Одурайган чоң манжу
Оодарылып жоголду.
Ордунан тура калгынча,
Ойротто жок эр Багыш,
Оро-пара чокуга,
Чоң балта менен бир койду.
Балтага мээси жабылды,
Этек-жеңге жайылды,
Буга да өлүм табылды.
Аркасынан бир манжу,
Удаа чаап камынды,
Үстүнө кара жамынды,
Алиги чыккан арамкор,
Кутурган иттей чамынды.
Маңдайында чочконун,
Канча найза тагы бар,
Эки көздүн ортодо,
Беш найза тийген калы бар.
Аркасында арамдын,
Айдар кара жалы бар.
Аскар тоодой карааны,
Далайды алган чагы бар.
Башына үкү сайышкан,

Койнунда бутка сыйынган,
Далыга калкан жамынган,
Белине чынжыр тагынган.

Чокмор кармап сен келсең,

Чокмору жок мен белем",
Деген ойдо эр Багыш,
Бу да чокмор карманып,
Карап турду жедигер,
Эр Багышты жарданып.
Тынч элге бүлүк салдың, — деп
Мапжуунун элин каргашып.
Колтуктарын чоюшуп,
Чокмор менен коюшуп,
Акакташып солушуп,
Имерип чокмор урушуп,
Чокморго берип туруштук.
Туулгага тийгизбей,
Чокморго чокмор кагылып,
Чоюн чокмор кагылса,
От учуп жерге жайылып.
Дем алар эмес ал экөө,
Бири өлбөй жан тынып.
Бешимде булар кез болгон
Сүрүп чыгып таң атып,
Эртеси күнү кеч болгон.
Уйкудан кошуун караптап,
Чыдай албай баратат.
Чокморлошуп чабышып,
Эки баатыр чарчабант.
Карчалышып кармашып,
Карсылдашын карчашып.
Тоюп келер кейпи жок,
Эринбес манжу, эр Багыш,
Теги бирөө чарчашып.
Желжээрде менен Суркийик,
Жети катар аң келсе,
Жети аркан бою жар келсе,
Салт немедей түйүлүп.
Жарашыктуу аттары,
Жал-куйругу шүйүлүп.
Карап турган кайран эл,
Кара жандан түңүлүп.
Боз кыроо болгон бир мезгил,
Жыгачтын баары гүл күбүн.
Манжуудан келген Эринбес,
Эр Багышка болду кез.
Баатыр Багыш баш тартпайт,
Кайраты артык мунун тез.

Үч-төрт күндүк чабышуу,
Баатырларга кеп эмес.
Бадырек бетпак Эринбес,
Ичинде ойлоп бир кеңеш:
"Чокмор менен эмгиче,
Чокуга таамай чаба албай,
Кечирлерим керилди,
Бүткөн боюм эриди.
Аарчып алар чоло жок,
Маадайдан аккан теримди.
Жедигердин Багышы,
Баатыр экен, тың экен,
Эл багары чын экен.
Күчү мага тең келди,
Чокморду кысып такымга,
Найза менен саяйын,
Бөйрөгүнөн жарайып.
Бөлөк-бөлөк кызыл кан,
Мөлтүлдөтүп агызып,
Бул Багыштын эбин табайын.
Анда амал болбосо, тартышып калайын, мага тең эмес,
Дайлап аны салайын".
Өлөмүн деп ойлонбойт,
Өлтүрөмүн дейт Багышты,
Эринбес кастап алышты.
Чокмор кысып такымга,
Найзасына камынды,
Эрен Багыш ойлонду,
Билдим — деп,— эми алынды,
Эринбес найза алгынча,
Арстан Багыш найза алды,
Эринбес жетип сайгынча,
Камынтпай Багыш бир сайды.
Багыштан найза тийгенде,
Ээрден көчүк кыйшайды.
Аттын жалын кармады,
Өбөктөп өйдө болгунча,
Өөн Багыш көкжалың,
Найзаны таштап камынып,
Айбалта менен чочкону,
Аны-мына дегенче,
Ачып көздү жумгунча
Алты коюп өттү эле,

Оңолуп атка Минерге,
Эринбес алы калбады.
Кабылан Багыш барбандап,
Балтаны таштап жиберип,
Найзаны мыктап кармады.
Өбөктөп турган арамды,
Көчүлтөн түрө сайганы.
Чылбыр чоюп Эринбес,
Томолонуп калганы.
Тоодой болгон чочкону,
Томолотту атынан,
Жедигер Багыш палбаны,
Каршы чыгар Багышка,
Калың манжу, калмакта,
Бакадан башка калбады.
Кеч кириптир аңгыча,
Майданга Бака барбады.
"Бака манжу келбеди,
Бар беле мунун бир кеби,
Аман бекен билем — деп,
Азырынча эл чети".
Бир пияла чай ичпей,
Бир сындырым нан жебей,
Ардык алып бел чечпей,
Сүрүүчү таңды эр Багыш,
Сүркиниктин үстүнөн,
Түшпөй жүрүп сүргүздү.
Кабагым-кашым деп койбой,
Камаарабай жүрүштү.
Майданга келсе эр Багыш,
Келбеди Бака майданга,
Жибериптир бир киши,
Бака манжу арага.
Келген киши кеп айтат:
"Бака баатыр, Багыш саа,
Жиберди мени — деп,— айтат
Өрүн алсын эки күн,
Ат сергитсин эки түн,
Чарчап калган чагымда,
Сайып алды дедирип,
Майданга барбайм мен бүгүн.
Барсам Бака соо койбойм,
Сойбой кантип мен коем?
Өлгөндөрдөй эмесмин,
Бака манжу мен болсом,

Бир имерип сайышар,
Тамаша кылып ойносом.
Болбосо баатыр Багышты,
Карматпай найза сойлотом.
Тирүүлүгү канимет,
Эки күн жатсын элинде,
Анан келсин Багыш — дейт,
Өлө турган жерине.
Деди Бака баатыр" — деп,
Жөөлүп келди бир неме.
Кара тумоо болгондой,
Сөөрүп келди бир неме.
Ошондо Багыш баатырың,
Жаагы ачылып жабырап,
Жааган күндөй дабырап,
Жат алгандай шабырап,
Өзү чечен баатырга,
Кеп өзү эле табылат:
"Жөөлүгөн манжу, не дейсиң?
Жөндөп айтчы кебиңди.
Суудай төгүп каныңды,
Суутам, манжу демиңди!
Ардык алсын дедиң — деп,
Айла кылган жериңби?!
Же ал түндө манжуулар,
Качын кетмек кебиңби?
Турамып Багыш саламат,
Жибербестен жериңе,
Такыр төгөм жиниңди,
Тирүү койбой бириңди!
Айласы кетип Бакаңдын,
Корккондугу билинди.
Корксоң колуң куушуруп,
Үшүп калган кышында,
Таранчыдай шүмшүйүп,
Чубап келгин алдыма,
Антсен да кылбайым кечирим,
Кумармын, манжу, каныңа!
Не келет Бака бокту жеп,
Бейкут жаткан айлыма?!
Келип алып бул жерге,
Белдүүсү өлсө чыдабай,
Калыппы анан кайгыга?!
Үмүт кылба, манжуулар,
Кетем деп бириң айлыңа!

Жети ай минсем арыйас,
Суркийик тулпар алдымда.
Жети ай чапсам кылычты,
Желдеп күйөт билегим,
Талыкпас Багыш мен мына!
Күйүнөт экен чарчайт — деп,
Не келиптир ал мында?!
Мен кирбеймин угуп ал,
Андай адам калтаңа!
Келбесе Бакаң кечигип,
Жедигер элин жай коюп,
Билегим кызып желдедим,
Мен киремин чабуулга!
Бакаңа муну айтып бар,
Азыр болсун жанына!
Жайлоосу канган мал семиз,
Кулагы тынч эр семиз,
Күйгөнүн мага карагын,
Дем алсын деп бой сергип!
Нээтинде жаман кастык бар,
Баатырды жакшы семиз — деп,
Элиме келген тебелеп,
Калбаймын жоодон зеригип.
Чыкпасам бүгүн майданга,
Уктабай калам эригип.
Табына келген тулнарым,
Токтобой турат желигип.
Элимди кантип багамын,
Жоо сайыштан эринип?!
Корксо жалгыз келбесин,
Онук-жыйырмаң бир келгин,
Баарын, чогуу келсең да,
Жедигерди жай коюп,
Колуңа берем эсебиң!
Бака манжу кептенип,
Эңкейсе жөлөк эр алып,
Тарттырып эмгек эл алып,
Болбоймун Багыш атанып.
Жедигерди бул жерге,
Тамаша, уруш, эр сайыш,
Көрүп кет — деп көөн ачып,
Жаш балдарын чогултуп,
Алып келип койгомун.
Баатырың Бака манжуудай,
Бул тургандан бирөөнү,

Урушка салсам оңбоюн!
Анда Багыш болбоюн!
Канатым чаап калкалап,
Кар жаадырбай коргоюм.
Каардап жаман кеп айтып,
Кардабаймын элимди.
Батыраак чык де жекеге,
Бабырагаң эриңди,
Чымырканган чыйраксып,
Чыгарайын желиңди!
Жетисууда жедигер,
Олжо алды калмак бир сапар,
Алы кайсы дедиңби?!
Таардай бүктөп талкалап,
Сындырайын дедиңби!
Башын катпай бат келсин,
Баштагы кеткен баатырым,
Көрбөй калам дебесин.
Бака качан келет — деп,
Ашыкпасын ал үчөө,
Эрмектешип жүрүшсүн,
Чогулушуп бар төртөө.
Далдаланып жатпасын,
Дем албай жаны тургандыр,
Сапарына аттансын.
Кечигип калбай эртеге,
Бүгүндөн калбай бат барсын.
Барбай Бака кечигип,
Алар коркуп калбасын,
Армансыз Бака камдансын.
Камсыз келип бул жерге,
Кабы ичинде калбасын.
Аянса алсын энесин,
Айта чыксын керээзин.
Алдырап келип камынбай,
Армандуу болдум дебесин.
Турбагын, киши, кайтып бар,
Менин сөзүм Бакага,
Төкпөй-чачпай айтып бар!"
Багыштын угуп өкүмүн,
Карай албай тик көзүн
Эсине сактап бар сөзүн,
Ылдамдата бастырып,
Ырас коркуп ашыгып,
Бакага барып бабырап,

Айтып турду жабырап.
Солкулдап үнү токтобой,
Ошондо турат калтырап.
Бурулуп тили кээ-кээде
Так айта албай булдурап,
Кайралбай кебин чулдурап.
Багышган коркуп Бакага,
Барып турду кулдурап,
Күдүңдөп сөгүп Бакага,
Жаш баладай кужураң,
Жанынан тоюп бул манжу,
Каны качып бетинен,
Кер сары болуп кубулду,
Баргандан баштап кеп салып
Зыр-зеберин калтырбай,
Баштан аяк бүт салып,
Кой эти бышым болгондо,
Калтырагы басылды,
Араң манжу эс алды.
Багыштын угуп бар келин:
"Көрчү мунун дегенин,
Айткан кебин күч кылап!
Жапшырайын бурутту,
Орду менен түз кылып!
Күн менен кошо батыр эш,
Козголгуз жерге жаткырам
Кара жолун катырып!"
Ушуну айтып күпүлдөп
Бар жарагын бүт алын;
Кара бойго асынып,
Багыштын айткан кебине,
Аябай жаны ачынып.
Ызырынып чачылып,
Буттай темир курчанып"
Бузулуп өңүн сур чалып.
Сени деп оозун карманып,
Алдыңкы өлгөн үчөөңдөй,
Ойлойт экен мени — деп,
Аттанды Бака камын
"Барганымдан келиши;,!
Жакын болот менин —
Калмак манжу чуулашат,
Кайратыңа бали! — деп.
Кармап келип Багышты,
Мен кумардан чыкпаса

Боорун отко кактап жеп!
Ааламдан аны көчүрөм,
Багыш атын өчүрөм!
Өлүгүн өрттөп, боорун жеп,
Жүрөк май, бөйрөк майына,
Сом этинен кууруп жеп,
Жаагынан сууруп тилин жеп,
Жилигин чагын, чучук жеп,
Этин сандап бузуп жеп,
Шылынта башын бышырып,
Туздан ачуу куюп жеп,
Ич этиң быжы кылбасам,
Сүт ордуна өпкөңө,
Өз каныңды куйбасам!
Жаадыга туурап сөөгүңду,
Ун тарттырып жебесем!
Өзүң эмес элиңди,
Өрттөп салып жериңди,
Жедигер тургай, Жетисуу
Өчүрбөсөм наамыңды!
Муштумдай чалма калтырбай,
Майдалатам шаарыңды!
Кишиң тургай итиңди,
Аттырып таштап баарыңды,
Бүтүрөйүн ишиңди!
Кутурган экен жедигер,
Королдой баштап эки миң,
Эрди сайып алдым — деп,
Эки күндө үч эрди,
Эми сайып алдым — деп.
Алдыраба, жедигер,
Тойгуча бокту жедиңер.
Кылгылыкты кылайын,
Илип алып найзага,
Элиң кайсы сенин — деп,
Андан кийин сурайын!"
Кайырдан Бака бадирек
Жетип келди күжүлдөп.
Караса байкап турган эл,
Кара бою тоо экен,
Алдында өлгөн уч эрден,
Жалгыз өзү чоң экен.
Көрөр көзгө караса,
Көрсөтөм деп көргүлүк,
Айтары мунун оң экен.

Ар кандай киши капташса,
Мандайга бүткөн шор экен.
Күрүлдөсө бадирек,
Чагылгандай күрүлдөп,
Оозунан чыккан көк түтүн,
Жөө тумандай түрүлүп,
Жан бүткөндүн баарысын,
Жеп болчудай көрүнөт.
Кабагында каар турат,
Карашында заар турат.
Сүрөтү адам болбосо,
Сөлөкөтү тоо турат.
Жаактары тоонун чабындай,
Жаактарынын эргүлү,
Кадимки жайлоо жануурдай.
Сакалы токой чериндей,
Эки каштын арасы,
Бээ байлаган көрүүдөй.
Күлгүндөп бети кара көк,
Күүгүмдөгү устадай.
Тосконду тозгок кылгыдай,
Тоздуруп салып тынгыдай,
Чаппай басса жыгылса,
Жүздөн киши кыргындай.
Көздөрү чуңкур ородой,
Колундагы чоктору,
Беш жүз кой батчу коргондой.
Кирпигинин бирине,
Ат байласа тургандай.
Эки беттин этине,
Эки бөрү, беш даңгыт,
Эркинче жесе тойгундай.
Колдорунун шадысын,
Комуруп алып түбүнөн,
Кары кылса болгундай.
Суусаганда бир жутса,
Жети суу какшып соолгундай.
Жедигер калды аң-таңга,
Киши көрүп ушундан.
Жедагер ойлойт мындай деп:
"Багышты кармап жеп кетет,
Бизге нөөмөт келгенде,
Качып мындан ким кетет?
Багышты байлап баратса,
Турсак да биздер өлөбүз,

Качсак да биздер өлөбүз.
Келбесе да алыбыз,
Жабылалы баарыбыз.
Чач, мурутун, сакалын,
Такыр жулуп салалык,
Чокусуна чыгалык,
Башына жаба чычалык.
Көзүнө сийип көпчүлүк,
Мылтык дары куялык.
Багышты тытып жеп болуп,
Биздерди терип болгунча,
Бирибиз тирүү калсак да,
Ушул ишти кылалык.
Аткан менен ок кечип,
Өткүндөй эмес сөөгүнө,
Сөөгү тургай этинен,
Терисин деле тешпейби,
Шектенип калдык бул иттен!
Карап турун жедигер,
Жерге окшотуп көрүштү,
Тоого окшотуп көрүштү.
Сөз аягы жыйылып,
Мойнуна алды өлүштү.
Караанын көрүп Баканын,
Өлүмгө баары көнүштү.
Үй-бүлөсүн көрүштөн,
Үмүттөрүн үзүштү.
Көрүнүп өлүм көзүнө,
Чекесин кармап шай кетип,
Кирпиктерин сүзүштү.
Тели-теңтуш сырдаштар,
Сыр жашырбас муңдаштар,
Бир курмандуу курдаштар:
"Бир өлөбүз баарыбыз,
Мен өлгөнчө аман тур,
Менден кийин өлгүн" — деп,
Кол беришип көрүштү.
Колун тартып алганда,
Көзүнүн жашын төгүштү,
Санаасын санга бөлүштү.
"Ээн калдың кайран жер,
Жетисуунун өрүшү,
Баса берет жеп алып,
Көмдүрбөстөн өлүктү!"
Деп буркурап ыйлашты,

Амалы барбы тургандын,
Кейитип жанын кыйнашты.
Бастырып чыккан Багыштын,
Баатырдын жайын айталы,
Андан кийин манжуунун,
Калкынын жайын айталы.
Суркийик сындуу ат минип,
Беш кабат темир тон кийип,
Белине саадак ок илип,
Баканы көздөп сүйүнүп,
Шымалап жекин түрүнүп,
Шаттанып чыккан Багышка,
Асманда турган күн күлүп.
Багышка жолдош болчудай,
Шамал чыкты дүрдүгүп.
Кайберендер алдырап,
Таштар кулап калдырап,
Толкуп суулар шаркылдап,
Каз өрдөктөр баркылдап,
Кара куназ, кек кытан,
Канаттары салпылдап,
Бүркүт шаңшып үн салып,
Чогулуп булут курчанып,
Жердин бети нурдалып.
Чечекей жайнап, гүл ачып,
Жымжырт болуп жер бети,
Көк шибер чыгып, чөп бышып,
Күздүн күнү болгондой,
Көрүндү көпкө ошондой.
Кабылан баатыр Багышты,
Манжу, калмак карады,
Жалгыз эмес Багыштын,
Бир миңче бар карааны.
Сан жылкы келе жаткандай,
Алдындагы Сур аты,
Аттанса Багыш элинен,
Жетисууда бардык жан,
Кубанганын карачы.
"Баатыр экен, тың экен,
Баатырлыгы чын экен.
Каныбызды төккөнү,
Катышкан экен буга" — деп,
Калмак, манжу элдери,
Карап турат кеңгиреп.
Калмак, манжу элдерин,

Каптап кыян баскандай,
Алоолонгон суу көрдү,
Агызып бара жаткандай.
Суудан чыгып болгунча,
Асман тиреп жалбырттап,
Жалын каптап алгандай,
Шумдук көрдү мамындай.
Арасынан жалындын,
Айла таап чыгалбай,
Качпайын десе айла жок,
От күйдүрүп чыдабай,
Нары-бери сүрдүгүп,
Калышты булар бир далай.
Тоолор кулап карсылдап,
Таштар басып калгандай,
Жер титиреп жарылып,
Түшүп кетип жаткандай,
Күн чагылып чартылдап.
Ызгаар болуп борошо,
Долу түшүп дабырап,
Аштыкты кагып жаткандай.
Шамал чыгып күрүлдөп,
Шагы айрылып теректин,
Тамдар кулап аткандай.
Алай-дүлөй калдырак,
Жез доолбас каккандай.
Үн чыккандай шаңгырап,
Жедигер каптап кетти - деп
Дырдыга түшүп алдырап.
Кулагы тунуп, эси ооп,
Тилден калган оорудай.
Эки көзү жалдырап,
Кан жүткүрүп өрөпкүп,
Караптап араң копкондой.
Мууну бошоп шалдырап,
Азыгы жок ат баспай,
Талаага конгон жолоочу,
Кейиптенишип салбырап.
Бүтүн туруп чапаны,
Жыртылгандай далбырап.
Каз турган кичик баладай,
Жыгылып кооп тамтырап.
Өңү кетип баарысы,
Кызыгы калбай кансырап.
Сүрүн көрүп Багыштын, деп,

Дал ушундай абалда,
Манжу, калмак эл турат.
Качырышты эки дөө,
Теминип атын камчылап.
Капталына тийгизбей,
Найзапып учуп киргизбей,
Киргизмек эле турмайлык,
Кайра-кайра каккылап,
Кагылган найза үндөрү,
Кулак мээни тундурат.
Найзанын күүсү күр этип,
Тоо көчкөндөй угулат.
Желмогуздай баатырлар,
Көтөрүп найза шилтесе,
Эки киши сапырган,
Кырманчалык чаң чыгат.
Тик карабай турган эл,
Жерге карап жазганат.
Карай калган кара жер,
Калыңдыгы болбосо,
Жарыла жаздап тас калат.
Ушундай беш күн сайышса,
Каран калган дүйнөнү,
.Калтырбай баарын талкалайт,
Андан кийин ким калат?!
Так сайышка чыдабай,
Чымдуу жерден суу агат.
Кара какыр чыдабай,
Шамал чыгат куюндап.
Шамал жок дүйнө жамжайкыт,
Топурак учат буркурап.
Бул зкөөнүн найзасы,
Кандай сонун чың жыгач?
Майтарылып учтары,
Мокок болду найзалар,
Жыгачы типтик жарылып,
Солкулдады найзалар.
Жалгыз эле найза эмес,
Андай жарак канча бар,
Найза сынса балта бар.
Курчу сынып мизинен,
Баканы Багыш эбин таап,
Чогонбаш менен бир салды.
Жарылып кетип томугу,
Талкаланып талкандай,

Күкүм болду бир саны.
Үзөңгү тебер алы жок,
Үксөңдөгөн чоң Бака,
Мурункудай чагы жок.
Ыргып кеткен колунан,
Чокмору колдо дагы жок.
Камынып кылыч алгынча,
Кайраттуу туулган эр Багыш,
Таза жаккы бутуна,
Чаап өттү аңгыча.
Эки буту жок калды,
Эми Багыш турбады.
Четинден кылган найзаны,
Ченеп колго кармады.
Кескен терек кептенген,
Орого суук Баканы,
Колтуктан нары муштады.
Толкуган Багыш эр неме
Тоодой болгон Баканы,
Тоңкойтуп жыгып таштады.
Кобо: калар буту жок,
Томолонуп жатканы.
Жедигерден элүүнү,
Нөөмөт менен жиберет.
"Токмоктол өлтүр Баканы,
Колуңа эми тийди" — деп,
Жедигердин балдары,
Аттуу келип тебелеп,
Укса укпаса элебей,
Жаман сөз менен жемелеп.
Челектей башын шишитип,
Тепкиге алып келишип.
Этек-жеңден алышып,
Үзөңгү боого салышып,
Элүү жигит жедигер,
Сүйрөтүп алып кете албай,
Күчү жетпей калышып.
Дагы алып элүүнү,
Жедигер саны жүз болду,
Жумушу эми күч болду.
Эки буту жок калып,
Томолок жаткан Баканы,
Сүйрөтөр айла болбоду.
Чылбырларын чыгарып,
Жоон санга байласа,

Чылбыр жетпей койгону.
Жедигердин балдары,
Багышты мындай ойлоду:
"Биздин Багыш эр экен,
Эр турмайлык шер экен.
Бул өңдөнгөн чочкону,
Сайып алыш турмайлык,
Караанын көрүш бул иттин,
Ал дагы бир кеп экен!"
Жыгып берген Баканын,
Чапанын чечип алалбай,
Же сүйрөтүп кетип калалбай,
Тырбандашып жедигер,
Анда Багыш айтат туралбай:
"Өзүнүн атын алып кел,
Сынган эки бутунан,
Сүйрөтүп алып атына,
Шаарга балдар барыңар!
Дабыратып жөнөдү,
Сүйрөттүрүп атына.
Көргөндө-калмак, манжуулар,
Баары качты жабыла.
Качпаганда ал канча,
Баатыры Бака баш болуп,
Төртөө өлсө алдында.
Жайылып манжу качканда,
Жедигердин элдери,
Аркадан кууп чапканда,
Баатыр Багыш бакырды
"Токто! — деп,— манжу
Жүрөктөрү балактап,
Багыштын үнүн укканда,
Чанагынан көздөрү,
Чыга жаздап алактап.
Ичинен анда бирөө айтат:
"Чогулуп качпай, тарап кач,
Чогултуп сени табалбас!"
Бириндеп манжу бөлүндү,
Жедигердин элине,
"Чыгарба четке муну!" — деп,
Багыш кылды өкүмдү.
"Камап туруп качырбай,
Четке чыккан немесин,
Секиртип белес ашырбай
Жыйнап келип алардын, акырды",

Аты менен куралын,
Тартып алып буларын,
Жөөлөтүп айдап чубатып,
Урбай, сокпой тилдебей,
Шаарга, балдар алпаргын".
Ушуну айтып эр Багыш,
Айдатып барды шаарына.
Арзыбады жедигер,
Аты, тону, куралын,
Аларды олжо алганга.
Эки жылы кетирбей,
Жазда аштык айдатып,
Жайлай ылай жасатып,
Буларды койду чогултуп,
Чоңойтуп шаар салганга.
Кышында отун алдырып,
Көргүлүгүн көр кылып,
Жылаңач көтөн кылдырып,
Анан берди уруксат,
Кырк элүүдөн кеткин — деп,
Жериңди сактап кыдырып.
Калмактардан ал жерде,
Туруп калып канчасы,
Калды калмак бир тобу,
Мал кайтарып жан бакты.
Калып калган калмакка,
"Салт калмак" деген ат калды.
Бадакшан, Иран, Букарда,
Салт калмактын эли бар,
Камсыз болду жедигер,
Баатыры Багыш бели бар.
Андан кийин калмактар,
Деми сууп жатышты,
Жетисууга баралбай.
Эми каракалпак, түркмөндөн,
Кабарынан угуп ал.

Ой-пикирлер