Кирүү

Багыш. Мендирман (1)

Багыштын бийликти колго алып, жедигер элине баш маана болушу
Кыргызга келип маңгулдар,
Куру кайра кеткенде:
"Орозой менен жедигер
Жакын эл — деп санашкан,
Кыргыз менен жедигер,
Бир тууган" — деп карашкан.
"Жедигерди бир күнү,
Чаап алсак" — деп санашкан.
Жедигерге калмактар,
Шылтоолоп киши жиберет:

"Орозойго башында,
Жедигер сенсиң кубат — деп.
Орозой өлдү ажалдан,
Токсон миң түтүн көп журту,
Калмакка булар карашкан.
Билмексен болуп жедигер,
Сен жатасың, ар качан!
Алым салык бизге бер,
Бузулбай айлың жата бер.
Аянбай бергин барыңды,
Айдатып бергин малынды.
Айткан сөзгө болбосоң,
Бош кыламын шаарыңды.
Кетиремин алыңды,
Кейитемин карыңды.
Кеңешип жообуң бергин!" — деп,
Келген калмак муну айтты.
Жедигердин элинде,
Бай деген бар бир киши,
Баш бийлеген ал киши.
Азар түмөн малы бар,
Жедигерден чыккан бай.
Ата-энеси башымда
Койгон аты дагы Бай.
Ал кезекте жедигер,
Жети-суу шаарын сала элек,
Ээлеп шаар ала элек.
Кышында болуп оюнда,
Жазындасы адырда,
Жайындасы тоосунда,
Жети суу жерин аралап,
Мал багуучу чак эле.
Калмактын кеби угулуп,
Баары калбай чогулуп,
Айыл башы атанып,
Аксакал болуп эл билген,
Бай үйүнө барышты.
Кеңеш кылып олтуруп,
Моминтип кебин салышты:
"Биз берели мал, пулду,
Жедигердин журтунан
Кетирели муңгулду.
Кабарын угуп жатабыз,
Калмактын эли көп болду.
Басташкан күйүп чок болду,

Көбүрөөк буга тийишкен
Түп оту менен жок болду.
Тоготпой жүрүп Орозой,
Толгон кыргыз не болду?
Чогулушуп калмакка
Тоскон бенде болбоду",
Деп сүйлөшүп олтуруп,
Берүүчү малын топтоду.
Жылкыдан санап бир миңди,
Койдон бөлдү беш миңди.
Отуз кызыл нар бөлдү,
Бир миң беш жүз уй бөлдү.
Кыл жоргодон тогузду,
Бөлгөн малга кошушту.
Ар түрдүү асыл бугомдан,
Отуз нар жүгүн толтурду.
Бер деп келген мангулдун,
Астына муну салышты.
Аз, көп дебей калмактар,
Ал сапарда алышты,
Айдап кетип калышты.
Жедигерден калмактар,
Жеткире олжо табышты.
Жедигерден алган мал,
Жерине айдап барышты.
Ал кезде Багыш четте эле,
Кийик атып, куш салып,
Тамашага кетти эле.
Жан жүрбөстүн чөлүнө,
Кайыпчынын көлүнө,
Айлына Багыш келиптир,
Талаада жүрүп көп күндө.
Айлына келип кеп угуп:
"Жедигерден алым — деп,
Алыстан келип маңгулдар,
Асыл буюм, арбын мал,
Алып кетти — деп угуп,
Аркасынан маңгулдун
Барамын!" — деп оолугуп.
Бардаш кылып эр Багыш,
Бастыргалы жатканда
Ооруга калды жолугуп.
Сары оору болуп баш ооруп,
Баралбай калды соолугуп.
Атасы Бай аны угуп,

Багышка барып атайын:
"Балам Багыш, кантесиң?
Калмактын жайын айтайын.
Басып барат дүйнөнү,
Багы артып маңгулдар,
Арбып барат жылына
Башы артып маңгулдар.
Жуагардын атын уккан бар,
Аны качан көргөн бар?
Ошондон бери карата,
Жерди алды маңгулдар.
Орозойдун тушунда
Токсон миң үйлүү толкуган.
Жер жүзүнө таанымал
Толгон кыргыз көп элди,
Талап алды маңгулдар,
Барба, балам, тилимди ал!
Алышынча малдан бер,
Эминеден кемиң бар?
Барганың менен маңгулга,
Башың болот чоң, зыян!
Жергелешкен жээгиңде,
Жедигердин элинде,
Атка минер уул жок,
Таңуу болор белиңе.
Такандашып калмакка,
Тарап кетпей ар кайда,
Турганың жакшы жериңде.
Бийлигимди берейин,
Таанытып сени элиңе.
Шаар салып, элиң бак,
Аа көрөкчө жериңе!
Такандашкан калмакка,
Такыр жакшы болгон жок,
Баш көтөрөр кишинин
Баарын маңгул койгон жок.
Малын алып бүт элдин,
Бадирек калмак койгон жок!
Тилимди алгын, барбагын,
Ай сайын алым бергин — деп,
Малды калмак алгынча,
Жетисуунун куюшка,
Жарашыктуу ойдуңга,
Жакшынакай шаар сал.
Шаар салсаң жериңе,

Белги болот билип ал
Таламай койсо калмактар,
Бүт түгөнөт кара мал.
Каралап шаарга жедигер
Жанын баксын тилим ал!"
Бала Багыш ал кезде,
Бар эле жыйырма жаштарда.
Байдын кебин укканда,
Байга берди убада,
Калмактарга барбаска.
Он күн өтүп арадан,
Аксакалдын баарысын,
Бай чакырды айылга.
Кемегеден алтыны,
Каздырды үйдүн жанына.
Алты бээни сойдурду,
Кемегенин башына.
Эшикке кийиз салдырып,
Чайкатып койгон кымыздан,
Чанач-чанач алдырып,
Сыр аякка куйдуруп,
Күтүп жатты көп элди,
Бир четинен сундуруп.
Кымызга куймак салышып,
Бахалашып калышып.
Калкайта жутуп кымыздан,
Суусундары канышып.
Күүлдөштү аламан,
Тамаша кебин салышып.
Самоор менен чай ичип,
Шашпай баары жай ичип.
Таяр болуп тамагы,
Аңгычакты эт жешип.
Устукан мүлжүп, туурашып,
"Кана эмесе чык" — дешип,
Казы, карта жаядан
Табакка кесип дөбөлөп,
Ак келде кылып калышып.
Бешиликтей арбайтыл,
Беш манжасын салышып.
Билектен майга малышып,
Аркасы үч, алды беш
Араңдан зорго алышып.
Кычышты шили, көөн айнытпа,
Майга жүрбөй калышып.

Майда балдар бир бөлөк,
Тайларын минип жарышып.
Мырза чыкма жаш балдар,
Көкбөрү-улак тартышып.
Оозу жайдак немеси,
Тамаша менен айтышып,
Кыз, келиндер чогулуп,
Мойнуна колун артышып,
Чекесинде короонун,
Курдант булар басышып.
Көңүлү сүйгөн жаштары,
Кирпик ымдап, каш серпет,
Алдынан көзүн атышып.
"Эч болбосо бозойлор,
Үнүмдү угуп калсын" — деп
Ойлоно түшүп келиндер,
Шаңкылдап күлө калышып.
Алтындан сөйкө колбоорду
Акыректе жаркытып.
Туура тарткы күмүштөн,
Элечекке тагышып.
Белдемчи белде кыналып,
Олоңдой чачы чубалып.
Оолжуй басып буралып,
Сымбат тиктеп эчени,
Күлбөй тиктейт муңайып.
Жайлоонун көркү жарашкан,
Кыргыз элге ылайык.
Жаш-жаландар чогулуп,
Топ-топ болуп бир басып,
Желеге барып бээ саашып.
Көнөктөп сүтүн көтөрүп,
Ойлорун айтып сырдашып.
Кыткылыктап күлүшүп,
Чач теңгеси шарактап,
Шашыла басат кылактап.
Кемпирлер күнгө кактанып,
Үй жанында чубактап,
Кенжелеп тууган койлордун,
Козусун балдар кучактап.
Боздоп тайлак каңгырап,
Көзүнүн жашы буурчактан.
Кулундар ойноп кутуруп,
Куйругун тээп сырактап.
Торпоктор мөөрөйт озондоп,

Атандаштык анда бар,
Катыны кашын осмолоп...
Күн бешимге жакындап,
Түш кылтайып калганда,
Чогулган элдер топ болот.
Жедигер бийи Бай айтат,
Элге, журтка жай айтат:
"Аксакалдар курбалдаш,
Акылы бирге чоң сырдаш.
Биз жедигер уругу,
Ажырыктай тамырлаш.
Тай союшуп сырдашкан,
Талабы бирге кадырлаш.
Боорлош жүргөн биргелеш,
Кол кармашкан дембелеш.
Баарыңарга айтууга,
Байда турат бир кеңеш.
Атым менин Бай болуп,
Өмүрүм өтүп баратат.
Аркалап сага, жедигер,
Көөнүм өтүп жай болуп,
Билбесем да билгиздиң,
Чогулуп силер бий коюп.
Алтымыштан жаш ашып,
Эринчээк болдум картайып,
Жоо сайбадым эмгиче,
Бирөөнүн четин майтарып,
Же элдин четин кайтарып.
Эзелде менде кызмат жок,
Элим, силер айтарлык.
Каралап жүрдүм силерге,
Эл катары мал багып,
Эр ортого келгенде,
Бала таптым Багышты,
Эли-журтум эп көрсө
Ага берсем бар ишти.
Кийликпей, элим, эп көрсөң,
Багышка берсем бийликти.
Багыш жаман бала эмес,
Бели бошоң жан эмес.
Алты бээ союп чакырып,
Ушул менде бар кеңеш".
Бай айтып кебин бүтүрдү,
Бардык эли түшүндү:
"Болсун, Багыш, болсун" —

Баары кылды бүтүмдү.
Ынтымакка келишти,
"Атасынын иши" — деп,
Багышка бийлик беришти.
Байдын уулу Багышты,
Бий кылып булар алышты.
"Мал келер маалы болду" — деп,
Үй-үйүнө жанарда
"Бийлигиңди тойлот" — деп,
Элдер айтып калышты.
"Болот, болот, болот" — деп,
Багыш айтты бир ооз кеп.
Айткан кебин таналбай,
Он күндөн кийин той берет.
Кысыр калган бээ ылгап,
Туу калган койдон дагы ылгап,
Туубай калган уй ылгап,
Кунан суутуп, ат таптап,
Оодарышка, сайышка
Билеги жоон эр тандап.
Жорголорун кындыйтып,
Кандырып суутун жоргонун,
Сүмбөдөй кылып зыңкыйтып.
Балдарга кийим жасатып,
Катарлап кийип жасанып,
Күмүштөн кемер курчашып,
Тебетейин кырдашып,
Какылдатып комузун,
Акындары ырдашып.
Багыштын келип айлына,
Бар жедигер чогулду.
Көк чаңырган чуу болду,
Көп чогулган той болду.
Бий болгон киши кыргызга,
"Бий тою" — деп нарк болду.
Эркек, аял аралаш,
Калбай барды кары, жаш.
Кылтылдатып жоргосун,
Кылыксынган андан көп.
Жаркылдатып торкосун,
Жагалданган андан көп.
Учкаша минип экиден,
Катын келет бешикчен.
Букулдатып буурасын,
Самсаалатып чуудасын,

Төөчү келди бу тойго.
Кулактары шалактап,
Туяктары шарактап,
Букасын минип, букуюп,
Уйчу келди бу тойго.
"Чек, шаа мүйүз, башта — деп,
Тескейге жаап ташта — деп,
Кеп укчудай кекетип,—
Корум болгур баспа — деп,
Таягым бар колумда,
Басып калсаң шашпа!" — деп,
Койчу келди бу тойго.
Кырк кулактап суу жайып,
Кулагына таш салып,
Кетмен, күрөк кармаган,
Дыйкан келди бу тойго.
Үйүндө ашка жетпеген,
Айылдан аңдып аш жеген,
Бекерликке берилген,
Кетмен чаппай эринген,
Жиликтин башын кемирген,
Бекерчи келди бу тойго.
Кантты кардай кемирген,
Дөөлөтүнө семирген,
Арпа жарма ичпеген,
"Аш болбойт арпа түк" — деген,
Кесир келди бу тойго.
Атасы жок сүйөргө,
Агасы жок күйөргө,
Аңдып сорпо ичерге,
Жетим келди бу тойго.
Аста басып бүжүрөп,
Оокаты бүтпөй күжүрөп,
Жесир келди бу тойго.
Жайлоосу өзөн төр болгон,
Өрүшүнө мал толгон,
Телегейи тең болгон,
Жок нерсеси тел болгон.
Кийингени жибек шай болгон,
Жегени күндө май болгон,
Баарысы келди бай болгон.
Касташканыи кемиткен,
"Кармап кел" — деп, демиткен
Кара жемсөө мал тапкан,
Каралык менен жан баккан,

Калбай келди бул тойго.
Сөзү ширин татыган,
Нуска менен сөз айткан,
Пайдасын ойлоп эл баккан,
Кары келди бул тойго.
Уулу урум уй тиккен,
Кызы кырым уул тууган,
Келини кербен базардай,
Байбиче келди бул тойго.
Кекилик моюн, керме каш,
Кеп сүйлөсө кылган наз.
Келеңгир чачпак, кең соору,
Сумбаты артык олоң чач,
Алтындан кылган чоң сөйкө,
Акыректе жаркылдап,
Ай тамагы жалтылдап,
Жанына барбай далайлар,
Караанын көрсө калтырап,
Кыя карап жер тиктеп,
Муунга кирчү калтырак,
Келин келди бул тойго.
Ай чырайлуу, нур беттүү,
Периштедей келбеттүү,
Перилерден сөөлөттүү,
Бендедсн башка мөөнөттүү,
Кыл такыя шөкүлө,
Кызыр даарып кеткендей,
Кылчайып койсо бирөөгө,
Алма моюн, түймө баш,
Бака буттап өрген чач,
Чырпыктай бели буралгаи,
Тоту куштай сыланып,
Кыргыйдай бою кыпыйып,
Күмбөзгө тартканы сүрөттөй,
Сумбаты башка зыпыйып,
Жуп билерик, он шакек,
Ителгидей кара көз,
Жерге талдай теңселип,
Көрген киши эңсенип,
Кыздар келди бул тойго.
Сөз айтардан эринген,
Тарткан зымдай керинген,
Табылбас торко тон кийген,
Кылыктуу жорго ат минген,
Кыл куйругун шарт түйгөн,

Кундуз ичик, суусар бөрк,
Кубулжутуп айткан сөз,
Панардай болуп эки көз,
Кыр мурундуу буудай жүз,
Кыл муруту кылайган,
Келберсип өңү муңайган,
Кыз, келин көрсө кубанган,
Мырза келди бул тойго.
Желбестен жорго минишип,
Желбегей желек кийишип,
Тентектик кылып тийишип,
Көөнү сүйгөн келинге,
Тинтип жүрүп киришип,
Бозой келип бул тойго.
Кызга бергис закыйган,
Жубан келди бул тойго.
Атка бергис какыйган,
Кунан келди бул тойго.
Баарысы келип болгондо,
Эл жыйылып толгондо,
Кол жуудуруп суу куюп,
Дасторкон жайып, эт тартып,
Арак берип жаштарга,
Кымыз берип башкага,
Ачкыл берип жаштарга,
Айран берип башкага,
Кызмат кылып жүгүрүп,
Багыш элдин кашында.
Соогатка келген малдарга,
Толуп калды бир талаа.
Тарабай эл үч конду,
Тан-тамаша көп болду.
Эл ошентип жатканда,
Тамашага батканда.
Эндекей жаткан элдердн,
Ээн жаткан малдарды,
Эки миң кошуун кол менен,
Калмактардын Королдой,
Капталдан тийип алганы.
Алыстагы элдерден,
Ыраак көрүп бул тойго,
Келбей калган бир киши,
Айтып муну барганы.
Калмактан келген Королдой
Четки сууга мал койбой,

Такыр алды Королдой.
Төө алды, уй алды,
Жылкы алды ,кой алды
Аз болгондо Королдой,
Алты минче мал алды.
Четки суунун башында,
Тегеле неме калбады.
Кара башка тийбеди,
Тигилүү үйгө кирбеди.
"Короодоку ушак мал,
Жайытта жаткан бодо мал,
Жалпайта талап кетти" — деп,
Кабарчы айтып барды кеп.
Кабарды угуп жеринен,
Кайгыланды жедигер.
Угуп Багыш бакырып,
"Барамын — деп шашылып,
Барасынбы бирге" — деп,
Жедигер элин чакырып,
Барбаңдап Багыш турганда,
"Барабыз — деп айталбай,
Же "барбайбыз" — деп айталбай,
Камалып калды жедигер,
Же айылына кайталбай.
Эл камалып турганда,
Баштагы бийи Бай айтат:
"Алым — деп келип, калмактар,
Ар жылында алмак бар.
Жетисуунун элине,
Селибик кылып алты суу,
Жеткирип малды берели.
Калмактарга касташып,
Биз баралы дебейли.
Барган менен калмакка,
Алыбыз биздин келеби?
Жерди бузган калмактар,
Жедигерди жебейби!
Сонун сулуу келип, кыз
Соогага бер дебейби,
Колубуздан кетпейби!
Алдыңда тулпар атынды,
Айдай сулуу катынды,
Калмак алат барынды,
Карандай таштайт талаага,
Кан какшатып карыңды!

Далайыңды өлтүрөт,
Тирүү койбойт жанынды!
Аа көрөкчө тынч болгун,
Алса алгандыр малыңды!
Королдойдун алдына,
Атайлап киши баралы.
Четинен элди талаба,
Колубуз менен берели,
Биз чыдайбыз алымга —
Деп кеңешти салалы,
Элчилешип алалы.
Барсаң баргын, жедигер,
Мен жибербейм, Багыш баламы!"
Байдын кеби болгону,
"Багышты ээрчип барам" — деп,
Бастырган киши болбоду.
Атасы үчүн жемелеп,
Барамыш деген Багышты,
Бай бастырбай койгону.
Элден ылгап жоргону,
Чыкырып катчы молдону,
Алты киши ылгатып,
Королдойго карата,
Кат жазып салам жолдоду.
Колуна жазып кат берип:
"Аркасынан барып кел,
Бай жиберди сизге — деп,
Каттын жообун алып кел.
Четинен элди талабай,
Алым алгын жылында.
Канчалык көп болсо да,
Биз чыдайбыз чыгымга.
Оозуң менен муну аткып,
Калган кеп-сөз болгонду,
Колуңарда кат айтсын.
Алтооң бирдей кылсаңар,
Азыр ылдам аттангын,
Аялдабай токтолуп,
Аркасынан бат баргын.
Эсин, чыгып коркпой бар,
Элчиге өлүм жок болот,
Бул жүйөөнү билип кал".
Элге акылын Бай айтты,
Алты элчини узатты.
Айылдан алтоо аттанып,

Уктабастан түн катып,
Түн ичинде бел ашып,
Элчилер барат бек шашып.
Эки күндө, үч түндө,
Королдойго жетти эми.
Жобурап булар айтышты,
Оозу менен баягы,
Бай үйрөткөн кептерди.
Андан кийин элчилер,
Жанынан алып кат берди.
Кат калкалап калчудай,
Алдырашып бат берди.
Катка карап Королдой,
Байкаса сөзү ушундай:
"Баки жедигер элинен,
Баш болгон Бай бийинен,
Жаңы бийи Багыштан,
Калын, калмак журтуна,
Биздин элден бир салам.
Былтыр келип сиз жактан,
Алым алды биз жактан.
Кадырлашып сыйлаштык,
Көрүшпөй туруп ыраактан.
Көөнүңдү коюп, Королдой,
Жедигерден кеп уксаң.
Аз албасаң, көп алсаң,
Ат изин мында салбасаң.
Айдап барып берели,
Үйүңдө жатып сен алсаң.
Сиз дагы бизге кат жазып,
Алымдын санын угузсаң.
Эрик сизде, Королдой,
Биз коркпойлу чыгындан.
Төрт түлүктүү кара мал,
Төртөөнөн башка айрып ал.
Арзыбасан, ал малга,
Асыл бугом дагы ал.
Андан кала бергенде,
Алтын, күмүш табылар",
Деп жазылган катында.
Катты окуп болгон сок,
Кепти угуп билген соң,
Королдойдун сөзү бул:
"Өзүм калмак уругу,
Элимден чыккан мен бир уул.

Былтыр келип бир алдым,
Быйыл келип бир алдым.
Мындан кийин, жедигер,
Жылына сенден эки алам,
Аз албаймын, көп алам,
Мал албаймын кыз алам.
Жедигердин элинде,
Кызы сулуу деп угам,
Өз билгеним мен кылам!
Алооке, Шоорук, эр Көңтөй
Башкара албайт сен уксаң.
Түшө калат атынан,
Кимисине жолуксам.
Урматым бар ушунча,
Уругу калмак көп журтка.
Жедигерге айта бар,
Жаңы бийи Багыш, Бай укса
Жыпжылма кылам, жедигер,
Тийишем деп оолукса!
Элебей келип кол салса,
Кыйратамын талыңды,
Жылас кылам баарыңды.
Кыйнап жүрүп жоготом,
Жыргап жаткан жаныңды,
Төөчү кылам чалыңды.
Тим эле тегем каныңды,
Кетиремин, жедигер,
Намысыңды, арынды!
Айта баргын бийиңе,
Королдой менин жайымды!"
Деп күрсүлдөп сүйлөнүп,
Королдой турду күүлөнүп.
Ошондо элчи бүжүрөп,
Мындай деди күбүрөп:
"Барбай эле келдиң — деп,
Бий кыйнаса кантебиз?
Кат жазып бизге бериңиз,
Бий алдында айтарга,
Ачык болсун кебибиз".
Элчилер минтип турганда,
Кыялы бузук Королдой,
Өзү олтуруп кат жазып,
Сөзүн кыска аз жазып,
Көп кечикпей бат жазып.
Жедигердин алты элчи,

Жиберди кайта атказып.

Королдойдон кат алып,
Ач курсактан аттанып,
"Өлбөй тирүү калдык" — деп,
Жедигердин алты элчи,
Айлына келди шаттанып.
Биринен сала бири айтып,
Бабырашты арамдар.
Барганынан кеп салып,
Королдойду макташып,
Сунуп калды бийине,
"Королдой берген кат" — дешип.
"Окугула, азыр — дейт,
Кебетеси, мүчөсү,
Болбойт андай баатыр" — дейт.
Катты алып окуса,
Каттын сөзү ушунча:
"Былтыр келип бир алдым,
Быйыл келип бир алдым,
Ойлоп кара, жедигер,
Оорунгудай албадым.
Алты короо мал алдым,
Келер жылы берерге,
Кара малды өзүн бил,
Катындан сулуу элүүнү,
Кыздан сулуу элүүнү,
Кемитпей жүздү камдагын.
Кемитип койсоң, жедигер,
Таарынып менден калбагын!"
Катынын сөзү ал экен,
Аягында катынын
Королдой аты бар экен.
Уккан элдер бозоруп,
Өздөрү өчүп томсоруп,
Эндиреди жедигер.
Эси ооду бекемдеп,
"Эми келсе тартууга,
Бизди алат экен" — деп,
Кыздардын жашы себелеп,
Чалдар коркуп энтелейт,
Өлтүрөт деп тебелеп.
Эстүүлөрү катындын:
"Көрүнүп калсак кантербиз,
Жылуу учурал көзүнө,
Саңырсыган капырдын?"

Сары санаа болуп олтурду,
Караанын көрбөй баатырдын.
Элдин көрүп абалын,
Эр көкүрөк Багыштын,
Айткан кебин карагын:
"Турбагыла, кары, жаш,
Караан болуп ээрчип бас.
Аяган менен жаныңды,
Ажал өлүм коебу?
Өлөсүң бир күн тыркыйып,
Жатасың куурап ырсыйып.
Бүткөн бойдо жылуу жок,
Каласын муздап зыңкыйып.
Кийим кийип жасанып,
Бүткөн боюң сыланып,
Малыңды көрүп кубанып,
Калмакты эстеп кубарып,
Кайгырып минтип жүргүчө,
Аттаналык, чабалык.
Калмактан баатыр Королдой,
Артынан кууп баралык.
Айлына аны жеткизбей,
Айдаган малын алалык.
Олжого алган калмактар,
Жедигер сенин малыңды,
Ажыратып калалык.
Катылышып көрөлүк,
Кайгырып минтип жатканча,
Жылда берип чыгымды,
Жылда бүлүк болгунча.
Жеңдирип ийсек калмакка,
Жедигер эли жылмайып,
Түптүз болуп тыналык.
Караан болуп туруп бер,
Калганды Багыш мен билем,
Ээрчип, элим, барып бер.
Эрликти Багыш көрсөтөм,
Алып берем кегиңди.
Ажал жетип өлбөсөм,
Бастыралы, жедигер,
Баралык — деп — жөнөсөк.
Жедигер кылым болупсуң,
Кылымдан ашып толупсуң.
Калмакка болуп кылмышкер,
Кантип ишиң оңолсун?!

Кашыңды катып калкалзи,
Кандай эркек болосуң?!
Чечинип кетмен чаппасаң,
Жайдын күнү тоңосуа.
Аяп жүрүп жаныңды,
Атагың чыкпай, жедигер,
Аяк асты болосуң.
Аттангын" — деп — акырып,
Турду Багыш бакырып.
Күдүндөшүп жаш-жалаң:
"Аттанып Багыш жөнөсө,
Баралы — деп — баарыбыз".
Аңгыча Бай Багышты,
Тилдеп кирди жапырып:
"Алтымыш жаштан ашкыча,
Он эки бала мен таптым,
Ошондон жалгыз сен калдың.
Байды мурун өлтүрүп,
Өз колуң менен жашырып,
Калмакка анан сен баргын.
Кан какшатпай атаңды,
Балам Багыш, тил алгын.
Жедигерди аяба,
Малдын көөнүн караба.
Болбос ишке белсенип,
Бир балааны таап алба.
Жаным тирүү турганда,
Жибербеймин сени ага".
Чындап турду Бай болбой,
Чылбырына чырмала.
Басалбай Багыш токтолду,
Таштай албай атасын,
Чыркыратып талаага.
Элдер тарап бөлүндү,
Конок болуп ар кайда.
Үйүнө Багыш ал күнү,
Бир да конок албады.
Жаңы асыйда жашы бар,
Багыштын аты Суркийик,
Келтирилип тымызын,
Кырчоосуна байланды.
Атасына сыр айтпай,
Бир кишиге туйгузбай,
Баатыр Багыш камданды.
Ок өтпөс олпок анда бар,

Батып алган барандан
Акжал деген мылтык бар.
Аңгемеге асынган,
Кылычы бар кынында,
Эр эле Багыш чынында.
Калканы бар жабылуу,
Туулгасы тагылуу,
Чарайнасы дапдаяр,
Жоо жарактын баары бар.
Жарашыктуу жаасы бар,
Жаагы кынын салты бар,
Баатыр болсом экен — деп,
Бала чактан дарты бар.
Добулбасын байланды,
Кара түпөк найза алды,
Карбаластап эр Багыш,
Караңгыда аттанды.
Жалгыз өзү эр Багыш,
Жүз кишидей шаттанды.
Алганы эле Гүлайым,
Ээрчип чыгып аткарды.
Бастырып жөнөй бергенде,
Гүлайымдын айтканы:
"Күндүз көздө кумарым,
Мойнума таккан тумарым,
Эсен барып, соо келгин,
Сактасын сени кудайым!
Күнүм элең жалганда,
Жылдызым элен; маңдайда.
Намыс кылып жөнөдүң
Жалгыз өзүн калмакка.
Калк бүлүнткөн жооңо,
Каарыңды төгүп бармакка.
Каарың ашсын калмактан
Калкын үчүн намыс кыл,
Кайраттанып арбактан.
Жолуң болсун калмактан,
Олжо болсун чарбактан.
Сайып алып калмакты,
Кайра келип сен мактан.
Ар кандай киши тим эле,
Өлүп кетет бир демде,
Оору алса тамактан.
Үйдө ооруп өлгөнчө,
Элине кылып кызматты,

Өлгөнүң Жакшы кал Мактай.

Катын да болсом азыраак,
Билгенимди мен айтам.

Жоо аяган жаралуу,
Байыркылар муну айткан.
Королдой түшсө колуңа,
Ишиң келип оңунан
Тегинен душман калмакка,
Тегеле бооруң ооруба!
Айдаган колго асылба,
Ушул акыл, баатыр, саа,
Аябагын аскерди,
Каршылык кылып катылса!
Атан, туйбай жай калды,
Сага акыл айтууга.
Жоонун мезин алдында,
Майтарганың майтарган,
Жүрөгүн мурун үшүтүп,
Кайтарганын, кайтарган.
Саламат барып, сак келгин,
Сагындырбай бат келгин,
Сен келгннче Гүлайым,
Катынынча Багыштын,
Капасы жок жүрөт — деп,
Эл айтканча өлөйүн.
Качан болсо бир өлүм,
Караңгы жайга жөнөйүн.
Карыган ата-энеңди,
Кадырлап багып турайын.
Чылбырыңдан кармабай,
Оолагыраак турайын.
Каргаша катын деген кеп,
Карылардын нускасы,
Ага амал кылайын.
Алып келчи колуңду,
Өмүрлөшкөн жубайым.
Барар жериң түндүктө,
Кутпаны алгын маңдайга.
Бүткөн боюң, мууңуңа,
Кубат берсин кудайым".
Кеп ушуга келгенде,
Багыш жөнөй бергенде,
"Жакшылык болсун Багышка,
Жамандык болсун ташка" — деп,
Оодарып канча таштарды,

Кайкып басып Гүлайым,
Аялдык милдет аткарды.
Ал аңгыча чыгыштан,
Сүрүп чыкты таң атып.
"Уулуң болбой кетти" — деп,
Кайненеси Сүтүкөгө
Гүлайым барып ал айтып,
Сүтүкө барып Байга айтып,
Бай ыйлап үйдө бакырып,
Бар жедигер шашылып,
Жедигер эли жаталбай,
Эр Багыштын артынан,
Баарысы жүрдү чубашып.
Келе берсин жедигер,
Буларды кое туралык.
Эл намысын кылам деп,
Жалгыз кеткен Багыштын,
Баатырлыгын угалык.
Аттанганча ашынып,
Бастырганда шашылып,
Анык тулпар Суркийик,
Араандай оозу ачылып,
Жолум үйдөй ак көбүк.,
Жол боюна чачылып,
Төрт туягы тийген жер,
Кемегедей казылып,
Аркасынан чыккан чаң,
Жөө тумандай жазылып.
Ала качып алкылдап,
Чырактай болгон эки көз,
Маңдайында жаркылдап.
Чимириктей дирилдеп,
Жал-куйругу бириндеп.
Төрт аягын тең таштап,
Качкан элик баштанат.
Алты кабат ан, келсе,
Туягын какпай арыштап,
Так секирип жейрендей,
Суркийик кетип баратат.
Ооздук тиштеп, тил чайнап,
Кулжадай болуп, көз жайнап,
Эр канаты Суркийик,
Эңиште колу сайылып,
Өрдө көөдөн жайылып,
Кайталда жалтаң таш келсе,

Туягы койбойт кагылып.
Ырысына Багыштын,
Туулган малы табылып.
Чындап сыза бергенде,
Көзгө илинбейт Суркийик,
Ак-карасы таанылып.
Эр көкүрөк эр Багыш,
Тышынан суптар кийинип,
Атына окшоп калыптыр,
Кара жанын аябай
Катуулап жүрүп алыптыр.
Таң аткыча басканда,
Сегиз күндүк калмакка,
Түшчүлүк жолу калыптыр.
"Калмакка түштө жетем — деп,
Болокшуп атым кетер — деп,
Королдой менен сайышып,
Алым келбей баратса,
Суркийик күлүк турбайбы,
Жеткирбей качып кетем" — деп.
Өзү тердеп суу болуп,
Бүткөн бою жуурулуп,
Бучкагынан Суркийик,
Тамчылап тери чубуруп.
Ойкуштанып алактап,
Арам өлгүр токтобойт,
Чылбыр чоюп суурулуп.
Дем алып тулпар сийдирип,
Ондонул Багыш кийинип.
Баса минип Сур атты,
Баатыр Багыш чуратты.
Күн бешимге жеткенде,
Күлүк Сурду ойнотуп,
Калмакка Багыш жетти эле.
Астына малды айдатып,
Кара малды сандатып,
Аркада калып Королдой,
Кийик атып, уу чачып.
Адырдан аркар карматып,
Бурушунан бугу атыш.
Текесин таштан сулатып,
Кара нээт түгөнгүр,
Котчуларын кубантып.
Айдаган малы алты миң,
Жүргөн экен арада,

Арбын малды чуулдатып.
Жылкылар барат дүрбөшүп,
Уйлар барат мөөрөшүп.
Төөлөр барат тартаңдагт,
Эчкилер таштан секирип,
Койлорду суудан кечирип.
Кеңири жерге барганда,
Багыш барды жетишип.
Королдой ким тааныбай,
Мал менен көзүн ачкан эр,
Малды көрүп түралбай,
Тулпардын оозун буралбай.
"Багыштап" өзүн чакырып,
Жез деолбасты карс уруп,
Алдын тосту көп малдын,
Кайра үркүтүп жаңырып.
Доолбас үнүн укканда,
"Багыштап" ураан чыкканда,
Мал айдаган миң калмак,
"Алда кандай болду" — деп,
Булар калды астаңда.
Мурун далай олжо алын,
Мындай малды көп алып,
Миңден малды жеп алып,
Келе дебей эл барып.
Эркин жүргөн көп калмак,
Тегеректеп Багышты,
Крлдоруна найза алып, -
Сая турган баштанып.
Чакчайышып барганда,
Жетисуу жерден айрылып,
Зордук менен бураткан,
Жол азабын кеп тарткан,
Жедигердин көп .малы,
Жылкы баштап алдында.
Уй менен төө кошулуп,
Чуркураган кой, эчки,
Кыр-кыр ылдый жошулуп.
Киши айдаган немедей,
Чычкак улак калбастан,
Айбан да болсо кайран мал,
Кайра чубап жөнөдү.
Калмактар малга карабай,
Өңөргөн найза карагай,
Өчөшкөн бойдон бул иттер,

Багышка колун салалбай.
Тегеректеп курчашып,
Калмактан миңи барганда,
Жаңы баатыр Багыштын,
Жанында болбой арманда.
"Ырайым кылба жоого" — деп,
Гудайымдын антканы,
Эсине түшө калганда.
"Жалгызсыитып калмактар,
Жардаганын көрчү — деп,
Королдою кайсы экен,
Билейинчи аны" — деп,
Багыш мунтип айтат кеп:
"Таталаган калмактар,
Кара нээт акмактар.
Чык бөлүнуп жекеге,
Королдой деген баатыр жан.
Королдойдон башкаңа,
Багыш менин кебим жок.
Калган калмак силерди,
Кадикке алган жерим жок!
Королдок кайсы?" — деп,
Кайран Багыш айтканда,
Карагыт деген бар эле,
Королдой менен курбалдаш,
Баатырсынган жан эле.
Бөлүнүп элден Карагыт:
"Королдойду чакырган,
Ким да болсоң кебимди ук!
Королдой бекер ал эмес,
Сөөдүрөгөн сендейге,
Беттеп барчу жан эмес!
Чакырдын ураан айкырып,
Багыш, Багыш, Багыш — деп,
Багыш деген ким эле,
Барбаңдайсын, тим эле.
Королдой жок бул жерде,
Мен Карагыт жараймын,
Ким да болсоң сага эле!"
Карагыт кебин укканда,
Багыш айтат ал чакта:
"Атың болсо Карагыт,
Атым Багыш сен да ук!
Убара болуп сен үчүн,
Найза кармап жүрбөймүн.

Королдойдон башкаңды,
Бучкагыма илбеймин!
Карагыт, сени билбеймин,
Кара нээт мен эмес,
Кара аскер сага тийбеймин!
Карандуу кишиң Королдой,
Кайда болсо тааи кел,
Талкалап башын ийлейин!
Кутурупсуң, калмактар,
Кужулдаган акмактар.
Эсебин малдын алайын,
Эңсеңди жара чабайын!
Королдойду өлтүрүп,
Эбиңди анан табайын!"
Деп куулөнүп эр Багыш,
Опурулуп күүлөндү,
Лана мындай сүйлөндү:
"Кумарсыңбы, Карагыт,
Атымды сурап билгенге?
Жедигермин, атам Бай,
Өзүмдүн атым эр Багыш,
Эрдик атым чыгарам,
Калмакты сайыш мен алам!"
Багыш мындай дегенде,
"Бучкагыма силерди
Теңебеймин" — дегенде,
Карагыт катуу арданып,
Адатынча кара нээт,
Колуна найза карманып,
Качырып кирди каарданып.
Түпөксүз каскак найзачан,
Качырып калмак бараткан,
Бала баатыр эр Багыш,
Камданып турган астырттан,
Карагытты сайдырбай,
Калмакка найза салдырбай.
Как өпкөнүн тушунан,
Каятара коюп өттү эле.
Калдаңдаган Карагыт,
Калпактай кетти ал ыргып.
Карагыттын иниси,
Качырып кирди чыңырып.
Кайран Багыш кулатты,
Калын төгүп кууратты,
Найза менен бир уруп.

Менменсиген калмактар,
Арт-артынан туралбай,
Чыга берди чубуруп.
Кантесиң жалгыз дегенсип,
Бара берди дардаңдап,
Чыкканы тирүү калбастан,
Өлө берди тыртандап.
Карагыттын артыыан,
Так элуүнү эр Багыш,
Күн батканча жайлады.
Кара түпөк найзасын,
Кызыл канга чыктады.
Эми калмак чыга албай,
Бирине бири ыктады.
Багыш карап турбады,
Эрдемсип калган убагы.
Кылычын кындан сууруган,
Алдындагы Суркийик,
Теминип койсо ыргыштап,
Кайберендей чурады.
Котолоп караан көп болуп,
Чогулуп калмак топ болуп.
Тобуна кирди аралап,
Баш аламан сулатып,
Барганда беш жүз калмакты,
Жөөлөтүп аттан кулатып.
Чыдабай калмак Багышка,
Калганы качты чубашып.
Көшөрүп кууду эр Багыш,
Суркийикти чуратып.
Эрте менен күн чала,
Нак миң калмак кеми жок,
Атчан калган бири жок,
Королдойдун кошууну,
Теңи өлүп, теңи жок.
Ээн талаада Багыштын,
Эми жатып алар эби жок.
Жедигерге каралап,
Чубаган малдын артынан,
Адыр, тоону аралап,
Бөлүнүп калган барбы — деп,
Көзүн жумшап баратат.
Өргө чыкпай жол менен,
Өөндөп кетип баратат.
Жон, адырды, текшерип,

Жондоп кетип баратат.
Королдойду көрсөм — деп,
Болжоп кетип баратат.
Минди өлтүрүп бук чыгып,
Ачуусу мунун тарабайт.
Эр көкүрөк түгөнгүр,
Өлөмүн — деп — санабайт.
Сөз кезегин берели,
Эми Королдойго келели.
Кийик атып адырдан,
Аркарын атын катуудан.
Аюусун атып аңынан,
Башчы болгон Королдой,
Тамаша кылып, тоо бойлоп,
Салкынды самап, суу бойлоп.
Сап жаракчан миң киши,
Салып кетип баратса,
Жедигерден алган мал,
Киши айдаган немедей,
Жабалактап келатат.
"Калмактар уктап калганда,
Качкан экен бу мал" — деп.
Королдой байкап караса,
Айгырдын баары аркада,
Мойнун жерге салыптыр,
Аркада бирөөң калтырбай,
Бөлүнтпөй айдап алыптыр.
Букалары күлчүңдөп,
Инектерди сузгүлөп,
Туруп калган кемесин,
Мүйүзү менен түрткүлөп.
Оттотуп уйду тургузбай,
Булар да айдап алыптыр.
Бууралар чуркап далпылдап,
Өркөчтөрү салпылдап.
Айбат кылып төөлөрго,
Эриндери шалпылдап.
Башын силкип жиберсе,
Азуулары шакылдап.
Алар да айдап алыптыр.
Кочкор, теке коркурап,
Кой, эчкиден бөлүнсө,
Мүйүзү менен койгулап,
Жети сууну мекенсип,
Бол жетели дегенсип.

Кочкор маарап коркурап,
Адашып калба дегендей,
Соолуктар маарап чуркурап.
Каңгаал ирик, эркечтер,
Чөп үзбөстөн жол баштап.
Чубуруп барат бүткүл мал,
Караса аны байкастап.
Королдой көрүп бакырып,
Миң жолдошун чакырып:
"Жедигердин малын тос,
Качырыптыр калмактар,
Иш билбеген акмактар.
Айдап малды алалы,
Аларга ишим далай бар!"
Деп Королдой тостурду,
Тоскон калмак миң болсо,
Малдын саны алты миң,
Каптап кирди тостурбай.
Мылтык атып, тарс коюп,
Доолбас урул, тарс коюп.
Жылкыны тосуп кайтарса,
Ача туяк кара мал,
Каптап кирди тостурбай.
Ую менен койлору,
Тосконуна болбоду.
Көздөрүн жуумп алышып,
Башын жерге салышып,
Чубаганды ташташып,
Баары кирди жарышып.
Жылкыны тоссо калмактар,
Ал жылкынын ичинде,
Төл малынан Багыштын,
Аккызыл деген айгыр бар.
Калмактан алты немесин,
Антара тартып атынан,
Жеп болуптур кайран мал,
Бууралар жеп беш киши,
Букалар сүзүп үч киши,
Мал колдуу он төрт киши өлдү,
Мындай ишти ким көрдү?
Калмактар малды тосо албай,
Ар жактан Багыш жете албай,
Антип жаткан учурда,
Жедигер эли жетишти.
"Мал качыптыр жерге — деп,

Көрүнбөйт Багыш кайда?"— деп.

Барган менен жедигер,

Карап турду четтерээк.

Суркийик менен алактап,

Эки жагын каранып,

Ээрди, мурдун жаланып,

Багыш жетти гр жактан.

Жедигерди көргөндө,

Жетине албай барпайып,

Көргөндө Бай атасын,

Баатырлыгым билсин — деп,
Барып турду дардайып.

Ачуусу жанбайт Багыштын,

Ант ичкендей саргарып.

Айгыр, бука, бууранын,
Кочкор, теке малдардын,
Кызматын көрүп таң калып.
"Айбанча болбой, жедигер,
Кап!" — деп оозун карманып.
Кантер айла табалбай,
Калмактар калды сандалып.
Каары катуу Королдой,
Багышты көрүп арданып:
"Олжого алган малымды,
Жандырган Багыш турбайбы!
Жедигерди жардатып,
Жыйган Багыш турбайбы!
Мал айдаган кишимди,
Кыргын Багыш турбайбы!
Кылгылыкты калмакка,
Кылган Багыш турбайбы!
Олжо малды кайтарып,
Алган Багыш турбайбы!
Эркексинип беттешип,
Келген Багыш турбайбы!
Адырайган Багышты,
Аңтара сайып албасам,
Жедигерге барбасам,
Бу дагы бурут кыргыздан,
Бооз катынын жарбасам!
Ичер сууга зар кылып,
Ит ордунда кылбасам.
Королдой атым бекер — деп,
Көп жыйылып жедигер,
Келген экен баарысы,

Кырып ийип тынбасам!"
Кыялында бул болуп,
Кыйгактуу найза карманды,
Кыйкырыгы баш жарды.
Королдой сайыш баштады,
Корсодойдон эр Багыш,
Коркуп андан качпады.
Акылы шашып апкаарып,
Асили Багыш шашпады-
Бир жедигер, бир калмак,
Маңдайлашты эки дөө.
Жедигер, калмак элдери,
Маңдай, тескей дөбөдө.
Өлүм жагын ойго албай,
Жаман кирди бул экөө.
Өчөшүп кирген баатырлар,
Кими коркок, ким чоркок,
Элдер байкап болжолдойт.
Найзадан жалын от чыгат,
Далай жерде баатырдан,
Бул экөөңдөй жок чыгат.
Мындай болсо баатырлык,
Бастырып жоого ким чыгат?
Көрүнбөй калды бул экөө,
Топурак учуп, жер чаңдап!
Бакырык чыгат, угулат
Чыкыроондоп үн чыгат.
Үндөрүнөн сүр чыгат,
Элдер карап турушат,
Кимисинен чыр чыгат?
Найзанын үнү такылдайт,
Балтанын үнү чакылдайт.
Күүгүм кирсе от күйүп,
Жердин бети жаркылдайт.
Анда-санда алардын,
Айкырыгы угулат.
Айкырык үнү чыкканда,
Топурак учуп буркурайт.
Жедигерби, калмакпы,
Элдин бири чуркурайт.
Чыңгыш кандан кат алган,
Королдой баатыр аталган.
Балакеттүү баатырга,
Багыштан башка ким чыдайт?!
Түн ичинде жылдыздап,

Учкан оттор жылтырап.
Кезектешип атышат,
Кездеп жааны тартышат-
Кулак мээни тундуруп,
Жебенин огу чыркырап.
Таң атын чыкты аңгыча,
Таң шамалы зыркырап.
"Шерменде кыла көрбө" — деп,
Атасы Бай Багыштын
Ыйлап турат буркурап.
Туш-тушунан үн салын,
Торгойлор турду чуркурап.
Жан-жаныбар кыбырап,
Кара каш торгой быжырап.
Күн көрүнүп жаркылдап,
Жер жайланып жымыңдап.
Күндүн мурду чалганда,
Күркүрөгөн Королдой:
"Жедигердин Багышын,
Жер бетине койбоюн,
Жалмап муну коеюн",
Деген ойго батканы.
Жалаң кылыч колго алып,
Жайылданды түгөнгүр,
Жаш Багышты чапканы.
Кылычын капыр шилтеди,
Кылычын көргөн ким-кимдер,
Кара жандан түңүлдү.
"Кыямы эми келди — деп,
Кайран Багыш сүйүндү.
Найзадан кылыч кыска — деп,
Каза жетти итке — деп,
Өзүнө берип кайратты,—
Жазбай Багыш тикте" — деп.

Кара түпөк найзаны,
Кайран Багыш ыргады.
Каалгадай калмакты,
Как жүрөккө бир сайды.
Көөдөнгө найза жеткени,
Чарайнасы чатырап,

Чыдаштык бербей темир соот,
Талкаланып кетти эми.
Төбөңдөн тийген чоң калмак,
Аркасына

Ой-пикирлер