Кирүү

"Бабурдун үйү" кимдин "үйү"?

Бабурдун үйү" кимдин "үйү"?

1963-жылдын аптаптуу август айынын буурул түндөрүнүн биринде Сулайман тоосунун чыгыш жак тумшугунан орун алган XV- XVII кылымдардан калган эң сонун архитектуралык эстелик Оштук ашынган атеист Юрий Петраш тарабынан (анын демилгеси жана шаардык партиялык бийликтин көрсөтмөсү менен) жер менен жексен кылынган. Эртеси бейкут уйкудан ойгонгон шаар тургундары түн жамынган варварлардан (байыркы Римдеги кыйратуучуларды ушинтип аташкан) талкаланган эстеликтердин урандыларын көрүшкөн.1989-жылдын саратандуу июнь айында Оштуктардын элесинде гана калган тоо капталынын тумшугунда (орнотулган) тарыхый эстелик элдик ашар жолу менен кайра тургузулду. Жогоруда биз сөз кылган орто кылымдарга таандык (1963-жылы талкаланган) бул курулуш азыркы күндө көпчүлүк Оштуктар айтып жүрүшкөндөй чын эле акын жана таланттуу аскер башчы Закирдин Мухаммед Бабурдун атайын салдырган үйүбү? Же башка кылымдарда жашаган башка бир инсанга таандыкпы?Бул курулушту бир ооздон "Тахти Сулаймандагы өжүрө" деп аташкан.

Ой-пикирлер