Кирүү

Бабезиоздор малдын жугуштуу оорусу

Бабезиоздор, бабезиеллёздор - малдын жугуштуу ылаңы. Babesiella bovis уруусундагы жөнөкөйлөр пайда кылат. Иксодо кенеси таратат, Румынияда ачкан (1888) В. Бабештин ысымынан аталган (1893). Бабезиоздор менен уй, кой, эчки, жапайы айбанаттардын арасынан муфлон, аркар ылаңдайт.

Ылаң көбүнчө мурунку ССРБ нин Европа бөлүгүнө жана Орто Азияга тараган. Ылаңдын негизги белгилери: малдын сүтү 80% га чейин азаят; кой козу, эчки улак, уй музоо салат; ичи катат, тез арыктайт, сийдиги кызыл, кийин кочкул кызыл болуп, канында мите пайда болот, дем алуусу начарлап, көк боору, боору, бөйрөгү чоңоюп, өт баштыгына коюу өт толот, анемияга чалдыгат. Гемоспоридин, акарапин, беренил, азидин жана башка каражаттар аркылуу дарыланат. Алдын алуу чаралары: жайыттагы жана малга жабышкан кенелерди жок кылуу.

Ой-пикирлер