Кирүү

Баары жакшы болот, берекелерим

Он жылдан ашуун мурун, келечекти көрө билген дасыккан жетекчи Желкайып Касымбаева № 2 Лебединовка мектебинде "Инклюзивдик билим берүү" түшүнүгүн мугалимдик тажрыйбабызга кийирген эле. Айлыбыздагы өзгөчө муктаждыгы бар 4-5 бала башталгыч класстарда өзү теңдүү окуучу балдар менен чогуу билим алууга мүмкүнчүлүк алышкан. Мектептин алдына коляска менен кирүүгө ылайыктап пандус орнотулуп, мугалимдерге семинар-тренингдер, тажрыйба алмашуу сабактары өткөрүлүп, класс окуучуларына түшүндүрүү жүргүзүлүп, иш жөнгө салына баштаган.

Ошондогу сабакка тартылган балдардын баарлашууга, билимге умтулуусун, ата-энелеринин кубанычтарын айтпа! Балдагы менен тээ алыстан жөө келсе да Ришад моюн сунчу эмес. Церебралдык шал оорусу деген диагноз коюлуп, сүйлөө кебинде кемтиги бар Айдай кызын жетелеген эне, Айзирек кызын коляскага отургузуп тажабай ташып келип жүрчү ата "теңтуштарына аралашып жүрсө, оңолуп кетер" деп жакшылыкка үмүт кылып келишер эле.

Бардык эле мугалимдер, ата-энелер, окуучулар ал балдарды көргөн сайын турмуштук көйгөйлөрүбүз экинчи планга чыгып, Кудайдан ден-соолук гана тилеп калчубуз.

Жылдар өтүп, эненин мээрими, талбас эмгеги, өзүнүн тырышчаактыгы, жөндөмү менен жана элге аралашып көңүлү өскөндүктөн, Айдай ооруну жеңип, 9-классты, лицейди, анан колледжди жакшы аяктап, азыр экономикалык университеттин 4-курсунда окуп жатат. Атанын да тилеги орундалып, ийгиликтүү операциядан кийин Айзирек 11-класска өзү басып келип окуганы турат.

"Кырсык айтып келбейт", - дейт элибизде. "Ден-соолук мүмкүнчүлүгү чектелген" деген түшүнүк кесип жолумда учурап гана тим болгон жок. Көкүрөк күчүгүбүз жан сиңдим Мария менен алтындай болгон Жекшен күйөө баламдын тун уулу, бой тиреп өсүп келаткан 16 жашар Урмат жээниме капыстан илдет жармашты. Жамбаш сөөгүнөн операция жасалып, эки жылдан бери оору менен кармашып келет, бутунун ооруганы басыла калса, эки балдагын таянып мектепке сабагына жөнөйт. Дене бөлөк, жан бөлөк болгон менен баланын кыйналганын сезип-көрүп, "Жакшы сакайып кетсе экен" деген тилек баарыбыздын жүрөгүбүздүн башында турат.

Жаз алды менен буту сыздап ооруп, Бишкекке 4-ооруканага кайра операцияга келген Урматайымды, чүрпөсүн чарк айланып жанынан кетпей, сыр билгизбей күлүп-жайнап, анан палатадан бери чыкканда уулунун жан кейиткен дарт өзөгүн, майыптык кагаз алгандагы абалын, дарыгерлердин өйдө-төмөн мамилесин айтып, көз жашын кылгыртып турган уялашымды эмне деп соороторумду, кандай сөз менен кайрат береримди билбей калам.

"Баары жакшы болот, берекелерим...", - дейм Макубайымды бетинен сүйүп, өзүмдүн карегиме тегерене түшкөн жашымды билгизбей аарчып. Баары жакшы болот, берекелерим...

Каримова Б.А.,Кыргыз экономикалык университети,

мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасынын ага окутуучусу.

Ой-пикирлер