Кирүү

Азык уруусу

Кыргыз улутунун калыптанышына катышкан. Генологиясы: Ассык (Аз), Амандык, Куртук, Азык, Кашкелең – Бычман, Козугуна, Байкүчүк, Бөрү, Топон, үсөн, Тобой, Бакы, Карабагыш, Түгөл, Итаяк, Жанболот, Акжол, Торошон, Торуайгыр, Кызылкурт, Казиет, Мамай ж.б. М. Ирсалиев ("Асманы жакын айылым", Б. 2000) боюнча: "Азык уруусун азыркы теленкут менен ач кыштымдардын курамына кирген алтайлык "төрт-ас" тобу менен салыштырса болот, себеби, кыргыздын азык уруусунун өкүлдөрү да козугуна, байкүчүк, бычмал, бөрү деп төрт тамгалуулар аташат (В.В. Радлов). "Төрт тамгалуу асык" уруусу байыркы көчмөн кыргыз. Асыктар байыртадан "аз" деп аталып жүргөн уруу. Түрк каганаты чыгышы – Дулу, батышы – Нушиби аталып экиге бөлүнгөндө алардын ичинде асык, кушчу уруулары болгон. 641-ж. дулуларга асыктар кол салган.

Ассирия булагында б.з.ч. 681-668-ж. Асарходон доорунда көчмөн кыргыздардын асык, аз уруусунан бириккен "кандардын" тукуму болгондугун В. Латышев айтат. Л. А. Ельницкийде б.з.ч. V кылымда асыктар жөнүндө грек тарыхында маалымат бар. Айкүмүш Аксынын маалыматы мындай: Асыктар Кыргызстандын Түштүгүндө Аксыда Ак Суу, Иринжит кыштагында, Таш Көмүр шаарында, Аксыга чектеш Наманган областынын Балык Көл айылында жашашат. Токтогулда, Ошто, Баткенде, Караванда чачкын жайгашкан. Ак Суу айылында асыктардын "Ыман Ата мазары" бар. "Кемпирек" Күмбөзү да аларга тиешелүү. Асыктар Бурчуке деген жерде жайлашып, Топо Тайматтын көпүрөсүн илгери салышкан. Т. Молдо: "асыктын асыл сөөгү кыпчак" дейт. Асык уруусунун ордо шаары Намангандан 10 км. аралыктагы Төрө Коргон болгон.

Ал жерге кыпчак Домо (Томо) XV XVI кылымда хандык кылган. 1540-ж. Аксыкент шаары жер титирөөдөн кыйраган соң, Наманган шаары өсүп чыккан. Т. Молдо асыктарды Домонун уулу Жумадан таратат. Бул калпыс пикир. Асыктар байыркы уруу. Дозой Намангандын Кызыл Рабат кыштагын илгертен жердеген. Асыктар Түштүктө өздөрүн киринди уруу катары эмес, түпкү уруу катары айтышат. Ак Суу, Караван, Иринжитте, Намангандын Пышкаран жерлерин, Чер жайлоосун эл "асыктардын жери" дешет. Асыктар кайсы бир доорлордо бийлик кылган кыпчак уруусунун курамында көпкө чейин болсо керек. Мүмкүн Азия деген жердин аты да "аз", "асыктардын" атынан аталышы ыктымал. Азов көлү – орусча Аздардын көлү деген мааниде. Асыктар, адигинелер түрктөрдө да жолугат. "Асыкпыс" деген месхеттер да бар. М: Түркиянын үч мамлекеттик ишмери асык тукумунан чыккан, алар "Түркиянын үч устуну" аталат. Кытайда Кашкардын Опал районунан ары "Асык" деген айыл бар. Махмуд Кашкари ошол асык айылынан. Асыктардын Топо, Тоймат, Кемпиректен башка Эгеш бийи Наманганды бийлеген. Анын балдары Абдыбай, Шайдылар Ак Суу айылында. "Асык элдин уюткусу".

Асыктардан 1770-1870-ж. олуя, даанышман, көрөгөч, билерман Сопу Ата Эсет уулу жашап өткөн. Ал Ормондун казак Кененсары, Ноорузбайын өлтүргөнүн жактырган эмес, кайра үчөөң биригип оруска, калмакка каршы болсоңор болмок, эми оруска багынып калдык деп кайгырган. Сопунун сөөгү Кегетинин суусу менен Каракол суусунун кошулган жериндеги түштүк жактагы кайкы тектирде. Асыктар Алматынын Кашкелең районунда, Ысык Көл, Чүй, Кичи Кеминде да турушат. Ат Башыда бешкөрүк асыктардын түтүнү 20-30. Бул уруудан Кашкелең, Сопу, Жая деген баатырлар чыгышып казак менен болгон чабышта набыт болгон. Иленин боюндагы Көк Ойрокто "Жаянын конушу" бар. Жаянын мүрзөсү Чүйдөгү Кегетинин оозунда. Кочкордогу Темир, Болот болуштугундагы асыктарды бөлүп өзүнчө болуш кылууда Төлөктүн ролу чоң. Төлөк манап Чокону кодулагандыктан ал жер которуштуруп көчүп кетет, ошондон улам: "Боз атчан Төлөк сенсиңби? Болушту сүргөн эрсиңби?" деп ырга кошулган.

Төлөк 180 түтүн эл менен Ат Башыдан Мамырбай, Теңизге көчүп келип, кийин Тезекбай, Кооман менен болуштукту талашып жүрүп асык болуштугун бөлдүргөн. Асык болуштугун бөлөөрдө комиссиянын курамында Омск уездинен бир орус, саяк Байзак баатыр (Пишпек уездинен), Пржевальский уездинен Капсалаң болуш катышып чечкен. Болуштук картага чийилген. Ошондо Байзак жер бөлүүдө Мантышты соогатка алып уругу көкмээ, катаган саяктары ал жерди жердеп калышат. Жалпы асык 10 старчын эл болуп, Мамырбай болуш шайланат. 1875-ж. асыктар борукчу элинен болуштугун бөлүп чыгышып Мамырбайды болуш кылып, салыктарын бир жыл Пржевал уездине төлөшкөн. Кийин асык болуштугу Пишпек уездине карап чек арасы бөлүнөт. Чоң Туз, Мыкан суусунун берки өйүзү Асык болуштугуна таандык. 1909-ж. Кызыл Мойноктун бери жагындагы Эпкинге 100 түтүн чечей уругу көчүп келген, шайлоодо асыктын эсебинен таш салышып асык болуштугу бөлүнгөн. Анын мыктылары Теңиз (бычман уругу), Мамырбай (бөрү), Андаш баатыр, Тооке уулу үрүстөм бай (уругу козугуна), Чоко бай (козугуна), Кыдырбай болгон. Мамырбайдан кийин асык болуштарынан Сасыктын уулу үмөш калыс, мыкты болуш болгон. үмөш Шабдандын Нурудин деген уулунун кызына үйлөнгөн. Андаш баатыр Төрөкелди баатыр менен жакшы санаалаш болуп, чогуу эрдиктерди жасаган.

Андаштын энеси Сарыбайдын эжеси Солтонкул байдын Батма деген кызы болчу. Андаш асык байлары үрүстөм, Чоко, Ниязбай, Теңизди ээрчитип алып суусар, кундуз, тайтуяк алтындарды Алматыга тартуулап барып асыкты бөлүп болуштук кылган. Темир, Болот болуштугунда асык уругунан Чылпак, Жоомарт, Козубек, Чал Түгөлбаев деген бийлер (Ч. Валиханов) болгон. 1870-ж. бөрү, бычманга Агыбай старчын экен. Мамырбай 1905-ж. ажыга кетип, кийин Сарыбай, Сатылган, Төлөк, Түмөнбай, Осмон, үмөш болуш болушкан. Кочкордун Талаа Булагында асыктын козугуна, байкүчүк, бычман уругу, Ак Талаада бөрүнүн, Ак Учукта, Ак Чийде, Узун Булакта – байкүчүк, козугуна уругу, Ара Көлдө козугуна, байкүчүк, Оро Башы, Туз айылында – бычман, Чолпондо – байкүчүк, козугуна, бычман, бөрүнүн – малай, торуайгырлары, Молдо Кылыч айылында, Кум Дөбөдө – бычман, козугуна, байкүчүктүн Торошон уругу, бөрүнүн Кызыл курт тукуму, Ак Жарда төрт тамга асыктын бүт уругу, Кара Тоодо бөрү, бычмандар, Кочкор, Арсы, Чекилдек айылында бөрү, бычмандар жашашат ("Асманы жакын айылым". 223-251-б.).

Ой-пикирлер



2021-07-28
Эльмира
Чоң атам Байкүчүктүн Азыгыбыз дечү. Көрсө, Азыктын Байкүчүгү экенбиз
2020-05-16
Кутман Молдалиев
Жалган маалымат экен. Азык элин Андаш баатыр чогулткан. Ал эми Мамырбай Андаш баатырдын иниси. Азык элин Андаш баатыр өзү кана чогултуп болгон. Андаш баатыр Азык элин Сары-Багыштын карамагынан өзү жалгыз кана бөлгөн. Себеби азык элинин жалгыз баатыры Андаш баатыр
2019-12-09
Азат Усубакунов
Саламатсынарбы, Мага абдан кызыктуу болду. Менин чон атам эрте каза болуп, атам жакшы билбей калыптыр 7 атасын. Байкүчүк экенибизди эле билебиз. Мен 7 атамды билейин дегем. Атамдын аты Таалайбек, чон атамдын аты Ногойбай, чон атамдын атасынын аты Усубакун. Ошондон ары билбейт экенбиз. Мурун Кочкордун ары жагындагы Чолпон айылында турушчу. Маалыматтар бар болсо, болушуп койсонуздар абдан кубанычта болот элек. Дагы бир жолу чон рахмат. Азат