Кирүү

Аяз атадан кат

Аяз атадан кат.

("Кылым карытар бир күн романынан")

Өтүп бараткан жылдын 31-декабры күнү кечке чейин Борондунун балдары балатынын тегерегинде, анан короодо ойношту. Дежурлуктан колу бош чоңдор да ошерде болушту. Абуталип Эдигейге айтып отурду: эрте менен эрте, эки бала тең менин төшөгүмө сойлоп кирип келишти дейт, быш-быш этишет дейт. Мен болсом уктамыш болуп жата бердим.

- "Тур, тур, атаке! – деп Эрмек тарткылайт. – Азыр Аяз ата келет. Жүр тособуз.

- Жарайт,- дедим. – Мына азыр турабыз, жуунабыз, кийинебиз, анан барабыз. Келем деген.

-Кайсы поезд менен? – дейт анда Даул.

- Кайсынысы болсо деле келе берет,- дедим. – Аяз атага кайсы поезд болсо да токтойт, биздин разъездге да токтойт.

- Анда тезирээк туралык!

Ошентип, дайындана баштадык, салтанаттуубуз, олуттуубуз.

- Апамчы? – дейт Даул. – Апам да Аяз атаны көргүсү келет да?

- Албетте,- дедим,- апаңарды да чакыргыла.

Баарыбыз жыйналып, чогуу чыктык сыртка. Балдар дежуркага бизден озуп чуркап кетти. Биз артынан бардык. Балдар чыйпылыктап тегерене чуркап жүрүшөт, Аяз ата болсо али жок.

- Атаке, качан эми?

Эрмектин алайган көзү ачылып-жумулуп, ыйламсыраганы турат. – Азыр,- дедим,- шашпагыла. Дежурныйдан билип чыгайынчы.

Дежуркага кирип кеттим. Аерге кечээ күнү эле Аяз атадан кат, бир баштык белек-бечкек даярдап койгом. Чыксам балдар утурлай чуркады:

- Эмне, атике?

- Мына, карагылачы аттиң, - дедим мен, - Аяз ата кат таштап кетиптир. Минтип жазыптыр: "Кымбаттуу балдарым Даул менен Эрмек! Силердин атактуу Боронду разъездинерге мен эрте менен саат беште келдим. Силер али уктап жатыпсыңар, түн болсо суук. Мен өзүм да аязмын, сакалым бүт кардын жүнүнөн. Поезд болсо эки эле мүнөт токтоду. Мобу катты жазып үлгүрдүм да, силерге ала келген белектерим менен кошо калтырып кеттим. Капчыктын ичинде Борондунун балдарынын баарына бирден алма, экиден жаңгак бар. Таарынбагыла, менин бүгүн дагы көп-көп иштерим бар. Башка балдарга да барышым керек. Алар да мени күтүп жатышат. Силерге болсо эмки жаңы жылда жолуккудай бо­луп келемин. Ага чейин кош болгула. Силердин Аяз атанар". Токтогулачы, аягында дагы кичине жазуусу бар экен. Поезд жүрө турган болгондо шашып жазган го, түшүнүксүз. Аа, мына ажыраттым. "Даул, итиңи урбай жүр. Бир жолу сен кепич менен берип калганда каңшылаганын уккамын. Андан кийин укпадым. Кыязы сен жакшы көрө баштагансың го. Мына эми бүттүм. Дагы бир жолу Аяз ата". Токто-токто буеринде дагы бирдеме деген чиймелери жүрөт. А, түшүндүм: "Силердин кар кишиңер эң сонун болуптур. Азаматсыңар. Кар кишиңер менен мен кол алышып учураштым".

Балдар сүйүнүп калышты, Аяз-атанын каты ишендирди. Таарыныч деген жок. Болгондо капчыкты кимиси алпарууну талаша кетти. Ага апасы калыстык кылды:

- Элден мурун он кадам Даул алып жүрсүн, улуу эмеспи. Анан он кадам Эрмек алып жүрөт, сен кичүү эмессиңби...

Ой-пикирлер



2020-12-28
Мээрзат
Кетеберет кетеберет тыйын тыштап кетеберет