Кирүү

Аял тууралуу ыр

Адамдарды аял багат бешикте,
Аалам сыйлайт аял үнү эшитсе.
Чынында эле бир немедей болосун.
Чыгып эле бир азга эле кечиксе.

Тирүүлүктүн тил эриткен ширини,
Жамандыкка жаба албайбыз бирине.
Ааламдашуу маселесин бириктейт,
Аялдардын бүгүн мына билими.

Жашоодогу ар мүнөттүн туткасы,
Жаңы жаны келчү күндүн устасы.
Алчылантып алга карай сүрөгөн.
Аял биздин жүрөгүбүз кыскасы.

Күнүмдүктүн күн караткан өкүлү,
Күүлөп турат күндө жаны эсини.
Ар намысты алып келет талашып,
Ар аялдын ар күн жазган чечими.

Көр оокаттын аркагы да эриши,
Аял менен көрктүү нарктуу эл ичи.
Энелерге көз каранды деп келем,
Элди карай оомадынын келиши.

Аял сөзүн укпаган бир киши жок.
Адам эмес аял менен иши жок.
Маани бербей келе берсе аялга,
Мамлекет өзү дагы күчү жок.

Баарыбыздын балдан таттуу энебиз,
Баарыбыз тен эмне десе көнөбүз.
Жашырбастан ашырбастан айталы,
Жарыктыкты эне аркылуу көрөбүз.

Токуш Чолпонбаев

Ой-пикирлер