Кирүү

Ахунбаев Иса Коноевич

Ахунбаев Иса Коноевич

Ахунбаев Иса Коноевич 1908-жылы 12-сентябрда Ысык-Көл облусунун, Тору-Айгыр кыштагында жарык дүйнөгө келген. 1975-жылы хирург, медицина илимдеринин доктору. 1948-жылы профессор. 1949-жылы СССР мед. ИА мүчөкореспанденти. 1954-жылы Кыргыз ССР ИАнын тунгуч президенти. 1943-жылда КПССтин мүчөсү. Ташкендеги Орто-Азия медициналык институтун бүтүргөндөн кийин 1935-жылы Кыргыз ССР саламаттыкты сактоо эл комиссарынын орун басары. 1935-1937-жылдары Фрунзе шаардык оорукананын хирургия бөлүмүнүн арендатору, КММИнин жалпы хирургия кафедрасынын ассистенти. 1947-жылдан өмүрүнүн акырына чейин КММИнин жалпы хирургия кафедрасынын башчысы, КММИнин директору. 1948-1952-жылдары изилдөөлөр негизинен балдардын сокур ичеги, эндемиялык богок, эхинококкоз, шок жана жүрөк ооруларына арналган. Патофизиология боюнча белгилүү окумуштуу. Г.Л Френкель экөө чогулткан эксперименттик-клиникалык материалдардын негизинде жазылган "шокторду классификациялоо жөнүндө"эмгеги жазылган. Ахунбаев 170 ден ашуун илимий эмгектин автору. Мунун 120 дан ашыгы медицинага, калгандары тарыхый жана саясий маселелерге арналган. Ахунбаев медицина илиминин 28 кандидатын, 5 докторун даярдады. Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген врачы, Кыргызстандын илимге эмгек сиңирген ишмери. Ленин ордени, Октябрь революциясы жана эмгек Кызыл-Туу ордендери "Ардак белгиси" ордени жана медалдар менен сыйланган.

Ой-пикирлер