Кирүү

Ат чабыш

Ат чабыш боюнча атка минүү жагынан атайын даярдыгы бар 13 жашка толгондор катыша алат.

Ат чабышка жашы 3 жаштан жогорку бардык тукумдагы аттар катышат.

Оюн өткөрүлүүчү аралык 1200 метрден 5000 метрге чейин болушу мүмкүн.

Ат чабыш тегиз талаада, түз жумшак жолдо, ипподромдо өткөрүлүшү мүмкүн.

Оюмду өткөрүүнүн тартиби жана шарты.

  1. Оюнчулардын кезектери калыстар тобунун тарабынан чүчүкулак кармашып белгиленет.
  2. Чүчүкулак кармоонун алдында, оюнчулардын фамилиялары, аттары, аттардын жаштары жана тукумдары көрсөтүлүшү керек,
  3. Мал докторунун берилген уруксаты болмоюнча, аттарды оюнга катыштырууга болбойт.
  4. Оюнчулардын кийими талабка жараша болушу шарт.
  5. Оюнда атты бир гана оюнчу алмашпастан минүү керек.
  6. Ар бир оюнчунун чүчүкулак кармагандан кийин калыстар тобунун берген номери болууга тийиш.
  7. Оюндун жүрүшүндө аралыкты кыскартууга, бир биринен аттарын камчылоого, тоскоолдук кылууга болбойт. Оюндун эрежесин бузган оюнчулар, оюндан чыгарылат.

Оюндун жеңүүчүсүн аныктоо

  1. Ар бир оюнчу оюнда чаап келгендеги орунуна ылайык упайларга ээ болот, биринчи келгенге бир упай, экинчи келген эки упай ж. у. с.
  2. Эгерде аттар бир нече кезекке бөлүнүп чабылса, орундар көрсөтүлгөн убакыт боюнча белгиленет;
  3. Топтордун орун топтун бардык оюнчуларынын алган упайларынын жыйынтыгы боюнча же убакытты аз кетирген боюнча белгиленет.

Оюндун башка түрлөрү. Бышты чабыш, качыр чабыш, кунан чабыш, өгүз чабыш, тай чабыш, төө чабыш, эшек чабыш, топоз чабыш.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда шамдагайлык тарбияланат, эпчилдикке, чечкиндүүлүккө, тең салмагын сактоого, атты минүүгө, башкарууга үйрөтөт.

Ой-пикирлер