Кирүү

Аскердик кылмыштар

Аскердик кылмыштар

Аскердик кылмыш төмөнкү топторго бөлүнөт: 1) баш ийүүчүлүк тартибине жана аскердик ар намыска каршы кылмыштар (буйрукка баш ийбөө, аткарбоо, начальникке каршылык көрсөтүү же аны кызмат милдеттерин бузууга мажбурлоо, начальникти коркутуу, начальникке күч колдонуу, баш ийген адамдын начальникти же начальниктин баш ийген адамды кордоосу);2) аскер кызматын өтөө тартибине каршы кылмыштар (уруксатсыз кетип калуу, дезертирлик, аскер кызматынан качуу, мүчөсүн майып кылуу); 3) аскердик мүлктү пайдалануу жана сактоо тартибине каршы кылмыштар (аскердик мүлктү сатып жиберүү же кара санатайлык менен жок кылуу, зыянга учуратуу); 4) аскердик техниканы пайдалануу тартибине каршы кылмыштар (машина айдоонун, учуунун же ага даярдануунун, кеме айдоонун эрежерин бузуу); 5) аскердик дежур болуу тартибин бузуу же атайын кызмат тартибине каршы кылмыштар (кароолдо туруунун, чек ара кызматынын, дежур болуунун эрежелерин бузуу); 6) аскердик сырды сактоонун тартибине каршы кылмыштар (мамлекеттик сыр болуп саналган аскердик маалыматтарды жарыя кылуу, ушундай маалыматтар бар документтерди жоготуу, мамлекеттик сыр болбогону менен жарыялоого тыюу салынган маалыматтарды жарыя кылуу); 7) аскердеги кызматтык кылмыштар (бийликтен кыянат пайдалануу, бийликтин чегинен чыгуу же кызматка шалакы мамиле жасоо); согуш жагдайында же согуш болуп жаткан аймакта аскер кызматын өтөө тартибине каршы кылмыштар (душманга курал-жаракты өткөрүп берүү же калтырып кетүү, калкка зордук көрсөтүү, мүлктү талоо, ыктыяры менен туткунга түшүү ж.б.).

Ой-пикирлер