Кирүү

Асан Жакшылыков. Сыймык

Топук кылам–Ала Тоодой жер кайда
ак мөңгүсүн ала булут чулгаган?
Тулаң туйлап, булак оргуп, куш сайрап,
кубанычы коктусуна сыйбаган.
Жай толгондо суур аңкуштап, ит үрүп,
мал жайылат, үкү конуп бадалга.
Оролмого чыгып барсаң ат минип,
ойдо суулар кокту сайын агарат.

Көбүргөндүү төрдө оттоп жайылат
ушул жерди турак кылып топ улар.
Улуу тоолор дем бергендей жаңырат
Током элге мурас кылган "Миң кыял"

Бул "Миң кыял" Токтогулдун жүрөгүн
дайым таңкы сыдырымдай сылаган.
Кара Молдо күү черткенде сынаган,
акын Током ата наркын улаган:

Током айткан, тоодой бийик кеп айткан
көөдөнүндө көл туйлаган балага:
"Комуз үчүн жаралыпсың!–деп айткан,
чертпейм комуз–Сен бар жерде садага"

Акын баалап алп комузчу турганын,
таазим эткен–жаш талантты колдогон.
Чындыкты айткан кирдетпестен ыйманын,
элдин соңку келечегин ойлогон.

Топук кылам–Ала Тоодой жер кайда
аккан өмүр чоң дайрага куюлган.
Нак тулпарын баалай билген эл барда
Ата журтум–касиетиңе сыйынам.

Ой-пикирлер